Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

К. Бакиев: Административдик ресурс болбойт


Президенттикке талапкер К. Бакиев мындай пикирин бүгүн добуш берүүгө катышкан соң “Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Учурдагы өлкө башчысы жана президенттикке талапкер Курманбек Бакиев бүгүн жубайы менен Бишкектеги №1223 шайлоо участогунда добуш берди. Соңунда ал журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Административдик ресурс боюнча “Азаттыктын” суроосуна ал төмөнкүчө жооп берди.

- Бул сөз суу кечпеген сөз. Туура эмес. Административдик ресурс болгон эмес жана болбойт. Мен муну биринчи күндөн бери айтып келатам губернаторлорго, акимдерге – баарына айтып келатам: мага кошоматка кой сойгондун кереги жок. Мага анын кереги жок. Ансыз эле баары жакшы болот. Мен буга толук ишенем. Алы жетпесе ошондой сөздөрдү айта берет.

Курманбек Бакиев ошондой эле административдик ресурстар шайлоого терс таасирин тийгизет дегенге ишенбестигин айтты:

- Бирок сөзсүз бир да мамлекетте, бир да өлкөдө шайлоо эч кандай кемчилиги жок, бардыгы эле телегейи тептегиз болду дегенден алысмын. Адам деген адам экен, анча-мынча кээ бир жерлерде кемчиликтер болушу мүмкүн. Бирок анын баарын мамлекеттин деңгээлине көтөрүп, шайлоого ушундай тескери таасир тийгизди дегенге негиз жок, - деди Курманбек Бакиев “Азаттыктын” суроосуна берген жообунда.

Президенттин болжолунда, бул жолку президенттик шайлоо биринчи кезекте элдин добуш берүүгө көп катышуусу менен айырмаланат.

Курманбек Бакиев кайрадан президент болуп шайланып калса, үчүнчү мөөнөткө барбайт, кийинки президентке чыр-чатаксыз, экономикасы өнүккөн өлкөнү өткөрүп берет. Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын суроосуна жообунда ал ушинтип билдирди. Президенттин айтымында:

-Эгерде башка мамлекеттерде ошондой мыйзам кабыл алынса, ошол мыйзамдын чегинде жашай бериш керек, он жылга шайланабы, жыйырма жылга шайланабы. Бизде андай болбойт.

Ошондой эле Бакиев кайрадан шайланып калса мамлекеттик башкаруу жана билим берүү тармагын реформалоого негизги көңүлдү бурат. Ал эми тышкы саясатта Кыргызстан кошуна мамлекеттер менен бирге АКШ, Европа баштаган бардык башка мамлекеттер менен тең ата, өз ара сыйлашуу шартында, улуттук кызыкчылыкты алдыга коюп кызматташат. Бул тууралуу ал “Кыргыз туусу” гезитине, 5-каналга, ТВЦ телеканалына жооп берип жатып айтты.

24 kg агенттиги мамлекет башчынын 1-августта 60 жылдык мааракесине күтүп жаткан белегине кызыкты. Бакиевдин айтымында ал өз карамагындагы мамлекеттик кызматкерлердин бирден кирип белек тапшырышына жол бербейт жана кымбат белектерди албайт. “Мен үчүн белектин мааниси баасында эмес, эсте калгандыгында” деди.

Бүгүнкү президенттик шайлоого Курманбек Бакиевден тышкаркы беш талапкердин ичинен түшкө чейин оппозициялык талапкерлер Алмаз Атамбаев менен Темир Сариев өз добуштарын Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан №1210 участокто беришти. Алмаз Атамбаев журналисттер менен жолукканда шайлоо ыплас өтүп жатат деп билдирди. Ал эми Темир Сариев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, шайлоо таза өтпөсө нааразылык акциялар болуу ыктымалдыгын белгиледи жана сурамжылоолорго таянып, 40% шайлоочунун добушун алаарын болжоду.

Ал эми калган талапкерлер Токтайым Үмөталиева, Жеңишбек Назаралиев жана Нурлан Мотуев кайсы жерде добуш берүүгө катышканы тууралуу азырынча маалымат түшө элек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG