Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

БШК: Шайлоо жыйынтыгы беш күндө чыгат


Президенттик шайлоонун биринчи жыйынтыгын чыгаруу үчүн кенен беш күндүк убакыт бар экенин БШКнын маалымат жана маалымдоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жумагулов билдирди.

- Президенттик шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыктары чыгарылды окшойт. Биздин маалыматка караганда, түндө саат 24.00 дөгү жыйынтык боюнча 79,15 пайыз шайлоочулар катышты дешти эле. Ал эми саат бештеги маалымат боюнча 77,36 пайыз катышты деген сөз болуп атат. Ушунун айырмасын түшүндүрө кетсеңиз?

- Азыр акыркы маалыматтар боюнча 77 пайыздын айланасында болду шайлоого катышуу көрсөткүчү. Бирок бул маалымат протоколдор келгенден кийин дагы өзгөрүшү мүмкүн. Негизинен практика боюнча шайлоодогу келген маалымат 1-2 пайызга өзгөрүп турат.

Мисалы жергиликтүү кеңештеги шайлоону алсак, анда дагы шайлоого катышуунун активдүүлүгү боюнча анда дагы ушундай өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, “ГАС Шайлоо” системасы боюнча 68-69 дун айланасында маалымат берилген, ал эми протоколдор жалпы республика боюнча келгенден кийин жалпы республиканын активдүлүгү боюнча 67 пайыздын айланасында болгон.

Ошон үчүн шайлоо системасынан келген маалыматты кодекстин нормасына ылайык официалдуу эмес маалымат деп айтылат. Акыркы маалыматты шайлоо комиссиясы протоколдун негизинде гана чыгарат.

- Акыркы маалыматты качан чыгарчудай болуп атат?

- Механизм боюнча кечээ күнү ушул саат он эки-бирлерде жалпысынан участоктор жабылып, жыйындар өтүп, ошол жердеги комиссиялар карашты, жыйынтыктаган протоколдорун райондорго алып кетишти. Бүгүн дагы бул процедуралар жүрүп атат. Кээ бир алыскы жерлер бар, ал жакка жетиш үчүн 5-6 саатты ала турган жол болот. Азыр кээ бир участоктордон протоколдор райондорго да жете элек.

- БШКнын төрагасы Дамир Лисовский айтты эле 25-июлда алдын ала жыйынтыгы чыгып калышы мүмкүн деп.

- Ооба, биз ага чейин протоколдор келип калат деген ойдобуз. Участоктор райондорго акыркы протколдорун жеткирип бүтсө, бүгүн эле облустарга алып барат, облустар жыйынтыктап туруп бизге 1-2 күндүн ичинде протоколдорду жеткирип келишет. Ошон үчүн кодекстин нормасында дагы БШКга процедурага беш күн каралган.

XS
SM
MD
LG