Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Четтеги кыргыздар кимди шайлады?


Кыргызстандын элчиликтери аз гана өлкөлөрдө болгондуктан калган мамлекеттерде шайлоочулар добуш берүү укугунан пайдалана алышпайт.

"Азаттыктан" биз төгөрөктүн-төрт бурчуна телефон шыңгыраттык. Күн Чыгыштан Жапонияны тандап алдык. Токиодон Жакшылык Акматалиева добуш берүү кыргыздар менен учурашып, баарлашканга мүмкүндүк бергенин, элчиликтеги добуш берүүдө үч байкоочу болгонун, көпчүлүк иштен кийин, кечинде добуш бергени жаткандыгын билдирди.

Жакшылык Акматалиева: - Филология боюнча докторантурада окуйм. Токиодогу кыргыз элчилигине барып добуш берип келдим. Шайлоо таза, жакшы өтүп жатат дегендей сезим калды. Кыргызстандан кабар аз, жетишсиз болуп жатат. Кээ бир оппозиция талапкерлери кетти деген маалымат алдык. Эмне себептен андай болуп кеткенин билбейм.

Чет өлкөдөн саясий баш калканч алып кеткен саясий ишмер Эдил Байсалов менен Кишиневдон байланышууга мүмкүн болду. Ал добуш бере албаганын, чет элдердеги кыргыздардын шайлоого катышуу укугу одоно бузулуп жаткандыгын мындайча баяндады:

Эдил Байсалов: - Мен Молдовада, Кишиневдо иш менен жүргөндүктөн, добуш бере алган жокмун. Кыргыздардын чет өлкөдө добуш берүү системасы мыйзамсыз жана акыйкатсыз. Эмне себептен кээ бир өлкөлөрдө базарларда, ашканаларда добуш бердирип жатышат, ал эми Европа, Америка, башка жактардагы кыргыз жарандары үчүн андай шарт түзүлбөйт?

"Азаттык": - Шайлоодон кийин элдин маанайы кандай болот деп баалап жатасыңар?

Эдил Байсалов: - Тилекке каршы мен өзүм Бакиевдин режиминен качып, чет жакта жүрөм. Бирок жалпысынан, чет өлкөлөрдө окуган, жогорку билимдүү жүздөгөн, миңдеген жаштар Кыргызстанга кайтып баргысы келбейт, анткени баардыгы пара, пул менен бүтөт. Акыйкаттык жок. Бүгүн же эртеңби, бир күнү баары бир чындык ачыкка чыгат.

Чехиядан Азамат деген студент добуш берген жок. Анткени добуш берүү үчүн коңшулаш Австриянын элчилигине барганга шарты болбоду:

Азамат: - Прагада студентмин, 3 жыл болду келгениме. Эл аралык сооданы окуп жатам. Президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Прагадагы консул добуш берүү уюштурган жок окшойт. Ал эми Венагы элчиликке барыш үчүн, чет өлкөгө чыккандын пайдасы болот деп деле ойлогон жокмун. Анткени саясий оюндар башынан эле жүрүп келатат, президент Бакиев (административдик) ресурсту мыкты колдонуп, шайлоонун мезгилинен бир жыл мурда өтүшүнө жетишти. Анын үстүнө оппозиция бир талапкер менен чыкса болмок. Эгер шайлоого катышсам, Алмаз Атамбаевге добуш берет элем.

Анда Европадан Америкага барсак. Мында ишкер Абдыкар Сыдыков биздин суроого жооп берди, ал Кыргызстандагы өксүктөр үчүн жарандар өздөрү да жоопкер деп эсептейт:

Абдыкар Сыдыков: - АКШда тогуз жылдан бери жашайм. Азыр сыртта элем, кеч киргенче жетип бара алсам, Вашингтондогу элчиликте добуш берүүгө аракеттенем.

"Азаттык": - Кимге добуш бересиз?

Абдыкар Сыдыков: - Үмүткө, жаңылануу үчүн добуш берем.

"Азаттык": - Америкалык президент Обама айткандай, Кыргызстанда жаңылануу ураанын көтөрүп чыккан Алмаз Атамбаев бүгүн шайлоо күнүндө талапкердигинен баш тартты. Сиздин добушуңуз соодаланып кетпейт деп ишенесизби?

Абдыкар Сыдыков: - Жок, ишенбейм. 18 жылдан бери оюнчукка айланбадыбы, элди сатып алмай, элди алдамай. 2005-жылы чындыгында үмүт менен ишенип добуш берген элем. Чындыгында, бир эле бийликти жамандагым келбейт. Анткени Сагынбек Момбеков 18 жылдан бери туура какшап ырдап келатпайбы, «баатырды тапкан өзүңсүң, балакетке калган өзүңсүң» деп.

XS
SM
MD
LG