Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Шайлоо айынан кыйылган өмүр


Шайлоо күнү Балыкчыда кармалган 14 адам болсо азыр Караколдогу убактылуу тергөө абагында отурат.
Шайлоо күнү Балыкчыда кармалган 14 адам болсо азыр Караколдогу убактылуу тергөө абагында отурат.

Президенттик шайлоодон улам муунуп каза болгон ысыккөлдүк Өмүрбек Акуновдун туугандары анын өлүмүн бийликтен да көрүп жатышат.

Жети-Өгүз районундагы Дархан айылынын жашоочусу Өмүрбек Акуновду жоктогон жакындары аны президенттик шайлоонун курмандыгы болгонун айтып өксүшүүдө

Тергөө органдарынындагы арыздар менен таанышсак, 23-июль күнү эртең мененки саат 8де маркум 3139-шайлоо участкасынан добуш берип атканда СДПнын байкоочусу Талыпов мүчөлөрү Сатылганов менен Бекжанов "2 жолу добуш берип атасың" дешип, анын колунан шайлоо баракчасын тартып алган. Бирок маркум бул боюнча дароо арыз жазган эмес. Ал качан гана А. Атамбаевдин тарапташтары шайлоого нааразычылык билдирип, акимиаттын алдына чыкканда гана “шайлоо укугум басмырланды” деген арызын жазган.

Ошондуктан Акуновдун карындашы Гүланда агасын бийлик пайдаланып кетти деген ойдо:

- Абама жаздырып алган арыз тигил балдарды камаш үчүн эле болгон аракет экен. Бул жерден абам бийликтин да, камалган да балдардын бутасы болуптур.

Гүланда Акунова билдирген камактагылар жөнүндө маалымат алуу үчүн күч органдарына кайрылганбызыда эч кимди камабай эле суракка алып, сот эскертүү менен чыгарып ийгенин айтышты.

Айылдын электр тармактар бөлүмүндө көп жыл иштеп келген маркум Өмүрбек Акунов “Ак жол” партиясынын мүчөсү экенин жубайы ырастап, анын акыркы сөздөрүн эстеди:

- Балдар акимиаттын алдына чыкпаганда мен салган бюллетень деле унутулуп калмак экен. Мен да милицияга бармак эмес экемин, деп айтты эле - дейт жолдошу 54 гана жашында өмүрүн кыйганына кейиген Үпөл Өмүрканова.

Ал эми суралып аткан Сатылганов, Бекжанов баштаган СДПнын 4 мүчөсүнө жакындары жолуктуруудан баш тартып, муунуп өлгөн Акуновду айыл өкмөт ээрчитип кетип арыз жаздырганын ачыктады.

- Ал кишини биринчи айыл өкмөт ээрчитип кеткен... Бирок бизге маалымат бергенге болбойт. 4 кишини жөн жерден күнөөлөп атат, - дейт Алтынай аттуу Дархан айылынын жашоочусу.

Жети-Өгүз районунун прокурору Медербек Апышев бул окуя боюнча азыр тергөө жүрүп жатканын айтат:

- Иш тергелип атканда жазган арызында "эл келип үйүңдү өрттөйт", деп Акуновду 2 күн коркутканын СДПчылар өздөрү мойнуна алып атат. Демек катуу коркутуудан эле асынып өлгөн деген версияны аныктаган жагдайлар чыгып атат. Азырынча тергөө амалдары аяктай элек.

Ысык-Көлдө шайлоонун арты менен ушинтип адам өмүрү кыйылгандан башка 14 адам жарым айдан бери камакта жатат. Шайлоонун мыйзамсыз өтүп атканына нааразыланып, Балыкчы шаардык мэриясынын алдына чыккан ЖКнын депутаттарын баш кылып милиция кармап кеткен эле.

Учурда Каракол тергөө абагында жаткан СДП мүчөлөрүнүн камак мөөнөтү эмне негиз менен узартылганын облсоттун төрага орун басары Т. Эралиев чечемелеп берүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG