Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Шайлоого даярдык башталдыбы?


Парламентке эми кимдер келет?
Парламентке эми кимдер келет?

“Акыйкат үчүн” кыймылы партия болуп кайра түзүлүп, парламенттик шайлоого катышат. Кыргызстандагы кырдаалга жана шартка жараша саясий партиялардын активдешип жатканын, дагы бир топ жаңы партиялардын түзүлүп, айрымдардын биригиши ыктымалдыгын саясат талдоочулар да белгилешүүдө.

2007-жылы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда оппозициялык күчтөр жана бейөкмөт уюмдар “Акыйкат үчүн” кыймылына биригишкен. Өткөн жылы кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов камакка алынганда кыймылдын иши токтоп калган болчу. Эми кыймыл партиянын негизинде кайра түзүлүп, парламенттик шайлоого катышуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын төрагасы А.Жекшенкулов кабарлап, партияны жетектөө сунуштарына макул болгондугун билдирди.

- Негизинен бул жаңы партия болот. Ага көбүнчө жаштар кирип жатат. Учурда устав, программанын үстүндө иштеп жатабыз. Кайрадан катталып, сөзсүз парламенттик шайлоого катышабыз. Биздин багытыбыз - аты айтып тургандай, саясатта болобу, экономикада болобу акыйкат болуш керек. Балдар "лидер болуп бериңиз" дешти, мен макулдугумду бердим.

Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев башында турган “Ата Журт” партиясы, мурдагы спикер, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы катчысы Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиялары өздөрүнүн штабын ачканы айтылууда. Өткөн аптада "ЭрК" партиясы президенттик да, парламенттик да шайлоого катышаарын мурдагы акыйкатчы, Малайзиядагы элчи Турсунбай Бакир уулу айткан болчу.

Мындан сырткары “Ата мекен”, “Ак шумкар”, СДПК, “Жаңы Кыргызстан”, Кыргызстан коомунисттер, “Ар намыс”, “Эл ынтымагы”, “Таза коом” сыяктуу бир топ партиялар шайлоого активдүү катышууга камылга көрүп жаткан чагы.

“Таза коом” партиясынын лидери Табылды Акеров партиянын учурдагы аракеттери туурасында буларга токтолду:

- Биз да аркеттерди көрүп жатабыз. Учурда бизге Конституциянын жаңы долбоорун кыргыз тилинде иштеп чыгалы деп кайрылгандар болууда. Ал эми саясатчылар болсо “Таза коом” аркылуу шайлоого катышалы деген негизде кайрылып жатышат.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев түптөгөн “Ак Жол” партиясы азырынча өз аракеттери туурасында билдире элек. Партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Ажыбай Калмаматов өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн Убактылуу өкмөткө жардам берүү зарылдыгын белгиледи.

- “Ак жолду” көтөрөбүз, шайлоого чыгабыз деген сөз азырынча боло элек. Мындайча айтканда “Ак жолдун” 71 депутатынын бардыгы эле ичип-жейин, элди талап-тоноюн деп келген эмес да. Алардын арасында аттуу-баштуу, элдин жакшылыгын ойлогондор бар. Бардыгын бир калыпка салып айыптаган туура эмес. Бүгүнкү күндө айылдагы аксакалдар, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушууда Убактылуу өкмөткө жардам берели деп сүйлөп чыктым.

Убактылуу өкмөттү мурда бийликке оппозицияда жүргөн “Ата мекен”, Социал-демократтар, “Ак Шумкар”, “Улуу Биримдик” партияларынын лидерлери жетектеп келет. Булардын ар кандай жолугушууларда өздөрүн көрсөтүп жатканы да айтылбай койгон жок. Айрым саясий серепчилер бул мүмкүнчүлүк алардын ишти кандай алып барарын көрсөтүүдө деген пикирлерин айтышууда.

Ал эми "Ак Шумкар" партиясы парламенттик шайлоого катышарын, ал үчүн камылгалар көрүлүп жатканын анын лидери Темир Сариев да билдирди.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, айрым партия жетекчилиринин өзүн алып жүрүүсү, сүйлөгөн сөздөрү жалпы партиянын аброюна шек келтириши мүмкүн. Ал көпчүлүк саясий партиялар өздөрүнүн программаларын жагдайга, шартка жараша өзгөртүү менен алек болууда деген ойдо.

- Азыркы жетекчилердин арасында да эл тааныган адамдар бар. Алар да өздөрүнүн ким экенин көрсөтүп жатышат. Бул жерде партиялар бир аз олдоксон иш алып барууда. Албетте жаңы күчтөр, буларга тең салмак болчу кишилер чыгат.

Ушул тапта Кыргызстанда жүздөн ашуун партиялар бар. Саясий эксперттер булардан сырткары да жагдайга карап бир топ жаңы партиялар түзүлүшү ыктымалдыгын да четке кагышпайт.

XS
SM
MD
LG