Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев өзү шайлоолорго катышпай турганын айтып, бирок партиясы парламенттик шайлоого барат, деп билдирди. Аны улай өкмөттөштөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариев да шайлоолорго катыша турганын жарыялашты.

Кыргызстанда Баш мыйзамдын долбоору референдум менен бекий электе эле, алдыдагы парламенттик, ал түгүл президенттик шайлоо тууралуу кеп козголуп, саясий партиялар кадимкидей жандана баштады.

25-майда убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрүп, шайлоолордон баш тартканын, муну убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеваны колдоо үчүн жасап жатканын айтты:

- Референдумда Роза Искаковнаны шайлабасак ит эле болобуз. Баарыбыз чуркап беребиз, Роза Искаковнаны шайлайбыз. Шайлоого албетте партия катышат, бирок мен катышпайм. Анткени мына жок дегенде жаңы өкмөт келгенче беш ай болсо да иштеп берип, тажрыйбамды көрсөтүп, Кыргызстанды бат эле көтөрүп кетсе болорун көрсөтүп коеюн деп жатам. Мүмкүн парламенттик шайлоодо көп добуш алган башка партия башканы шайлайт, бирок менден кийин келген адам өлкөнү төрт-беш айда эле көтөрсө болоорун көрүп калсын. Мына 20 жылдан бери кредитти азайтабыз деп алдап атышты эле, 20 күндө 12 процент кылып бердик.

А. Атамбаев минтип шайлоодон баш тартканы тууралуу айтып оозун жыйгыча анын өкмөттөшү Азимбек Бекназаров маалымат жыйын куруп шайлоого бара турганын мындайча бышыктады:

- Биз, Бириккен элдик кыймыл эки жылдан бери Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкарууну кулаталы, Бакиевдин үй-бүлөсүн жок кылалы, демократиялык өлкө кылалы деген максат менен күрөшүп келгенбиз. Туурабы? Эгерде ошол БЭКтин төрагасы Алмаз Шаршенович шайлоого барбайм деп баш тарта турган болсо, анда БЭКтин штабынын башчысы мен барышым керек. Анткени биз максатыбыздын аягына чыгышыбыз керек. Эгер ал шайлоого барбайм десе, мен сөзсүз барам.

Антсе да, азыр бийликке келген күчтөрдүн койгон максатына жетишинен күмөн санагандар да бар. “Эл арманы” партиясынын төрагасы Мирослав Ниязов убактылуу бийликти туура эмес жолго түшүп алганын, ошондуктан алардын ойлогон ойлор ойрон болуп калышы ыктымал деген пикирин билдирди:

- Бүгүнкү өтө оор кырдаалда шайлоо дагы, референдум дагы өтпөй калышы мүмкүн. Анткени мамлекетте стабилдүүлүк жок. Утурумдук өкмөт эң башынан тарта туура эмес иштерди баштап алды, ошондуктан ал иштердин аягына жетерине көзүм жетпейт. Эң негизги көйгөйлүү маселе конституциялык талаага, мыйзам чегине киргизүү.

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн телефон сүйлөшүүлөрүнүн коомчулукка жарыяланышы, андан соң бири-бирин эл алдында айыптап, актанып жатышы азыр бир топ түкшүмөл суроолорду жаратууда.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев өкмөт түрдүү көз караштагы адамдардан куралганын танбайт. Ошентсе да шайлоолорго чейин убактылуу өкмөткө өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүк берилиши керек деп эсептейт:

- Убактылуу өкмөт ар түрдүү саясий партиялардан, ар түрдүү саясий көз карашта турган адамдардан түзүлдү. Биз кыска мөөнөттүн ичинде реформаны өткөрүп, шайлоого баралы деп кыргыз элинин астында милдет алдык. Ошол шайлоо болгончо жаман болсок дагы, жакшы болсок дагы чыдашыбыз керек. Бул баягы үйгө келин келгенде ата-эне баласы алып келген келинге жакса да, жакпаса да чыдагандай эле кеп.

“Ар намыс” партиясы да шайлоого катышууга белсенгендердин бири. Аталган партиянын төрага орун басары Эмил Алиев шайлоодо эпсиз күрөш болоорун, анда мыйзамдуу да, мыйзамсыз да ыкмалар колдонушу ыктымал экенин белгилейт. Э. Алиев айрым партия лидерлеринин шайлоого барбай турган себебин мындайча түшүндүрдү:

- Алардын авторитети, аброю түшүп калды. Эгерде алар партиянын тизмесине түшүп калса, анда элдер ынанбайт, ээрчибейт дагы. Ошон үчүн алар барбайт. Экинчи жактан, алар бийликте калып, ошол эле кезде бийликтеги ресурсту пайдаланып туруп шайлоодон утуп алалы деп атат.

Чынында азыр Кыргызстанда парламенттик шайлоодо саясий талаштуу оюн убактылуу өкмөттүн курамын түзгөн партиялардын ортосунда жүрөт деп айткандар бар. Саясат талдоочу Атыр Абдрахматова өлкөдө саясатка аралашууга аракет кылган башка да күчтөр бар экенин, алар алтүгүл дабуш берүү процесстерине тоскоол кылууга аракет жасашы ыктымал экенин белгилейт:

- Азыр жаңы саясий күчтөрдүн жана дагы башка сырттан келген күчтөрдүн сүйлөшүүлөрүн угуп жатабыз. Алар деле коомго башка партиялардын атынанбы, же башка жаштар уюмдары аркылуу өздөрүнүн саясатын жүргүзүшөт. Алар балким референдумга да, шайлоого да тескери маанай жараткылары келет. Шайлоону же референдумду жокко чыгарып, кайра бизди кризиске алып барышы мүмкүн. Ошондуктан убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, партиялардын лидерлери ич ара сөзгө келишип ынтымак жолу менен идеялардын атаандаштыгы менен барса жакшы болот эле.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ынтымак жолуна түшүүгө аракеттенип жаткан чакта жаңы партиялар түзүлүп, мурун олку-солку иштегендерине жан кирди. Кыргызстанда алтүгүл динге негизделген партияны түптөө тууралуу сөз боло баштады.

Маселен өтүп бараткан жумада Бишкекте дин менен саясат тууралуу эл аралык жыйын өттү. Ага Тажикстандагы “Ислам кайра жаралуу” партиясынын өкүлдөрү катышып, өз тажрыбалары менен бөлүштү.

Аталган партиянын төрагасы, тажик парламентинин фракция башчысы Мухиддин Кабири дин менен мамлекеттин чогуу иштей ала турганын тажиктердин тажрыйбасы аркылуу көрсөтүү экенин айтты. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын да, Тажикстандын да өлкө катары өзгөчөлүктөрү бар экенин, ошондуктан тажрыйбаларын таңуулабай турганы белгиледи.

Кадыр Маликов
Кыргызстандагы дин боюнча серепчи Кадыр Маликов өлкөдө өзүнүн лайык турумун эске алуу менен диндин саясатка акырын аралашуу жараяны башталды деп билдирди:

- Биз азыр исламий мазмундагы саясий күчтөрдүн түзүлүшүнүн башатында турабыз. Бирок бул жерде конституциялык түзүлүш, өлкө үчүн улуттук баалуулуктарын сактоого кепилдик бар. Ооба, биз исламга негизделген партиянын ачылышына алдында турабыз.

Кыргызстанда жүздөн ашуун партия каттоодон өткөн белгилүү. Апрель ыңкылабынан кийин деле бир топ партиялары түзүлүп ишке киргенин жарыялап жиберишти. Бирок парламенттик шайлоого алардын канчасы аттанары белгисиз.

Антсе да, бул парламенттин шайлоо көптөгөн партиялар үчүн оор сыноо болгону менен, ошол эле учурда тажрыйба топтоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет шекилдүү. Мындай ойго саясат талдоочу Нурдин Дүйшөнбеков да кошулат:

- Буга чейин партияларга мындай мүмкүнчүлүк берилген эмес. Жогорку Кеңеш да, өкмөтүбүз дагы партиялык эмес жолдор менен түзүлүп келди. Мисалы 2007-жылы шайланган Жогорку Кеңешти да партиялар эмес, президент Бакиевдин аппараты түзгөнүн билебиз. Кээ бир саясатчылар мындай жоопкерчиликке саясий партиялар даяр эмес деп айтып жатышат. Бир четинен мындай ойду туура десе болот. Бирок даяр эмес деп жүрө берген да болбойт.

Ошентип Нурдин Дүйшөнбеков парламенттин шайлоого көп үмүт артат:

- Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери 19 жыл өттү. Ошондон тарта партиялар түзүлүп баштады. Андан бери шайлоочулардын бир мууну чоңойду. 90-жылы төрөлгөн балдар азыр добуш берип жатышат. Тандоо укугуна ээ болуп жатышат. Ал эми алардын шайлай турган партиялары дагы эле бышып жетиле элек деп атабыз. Дагы канча муундун чоңоюп картайганын күтүп жүрө беребиз? Буга дагы канча убакыт керек? Бизге убакыт эмес, өзүбүздүн күчүбүзгө ишенбей жатканыбыз жолтоо болуп жаткандай көрүнөт. Чындыгында кеп убакытта эмес, кеп партиялардын тажрыйбасынын жоктугунда болуп жатат. Тажрыйбаны партиялар качан алышат? Качан партиялык негизде парламентти, өкмөттү түзүп көргөндө. Демек күздө өтө турган парламенттик шайлоо ал тажрыйбанын биринчи булагы болуп берет.

Динара Ошурахунова
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы азыр референдумдун, андан кийин парламенттик шайлоонун өтүшүнө байкоо салууга камынып шымалана киришип жатат. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунова шайлоолордогу терс жыйынтыктардын алдын алуу үчүн төмөнкү жагдайларга көңүл бурат:

- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөндө калыс эрежелерди макулдашып кабыл алышы керек. Биз мына азыр көрүп жатабыз, азыр эле убактылуу өкмөттүн ичинде отуруп булар бири-бири менен макул болбой жатышат. Бири-бирине каршы пикирлерди айтып жатышат. Ошондуктан күрөш деген абдан курч болот. Анткени жер-жерлерде жаңжалдар дагы эле бар. Ал жаңжалдар бат эле жөнгө салынып кетпейт. Шайлоо процессинде булардын баары курчуйт.

Динара Ошурахунова шайлоолорда чыр-чатактын болтурбоо үчүн Шайлоо кодексин да талкууга алуу керек деп эсептейт:

- Мына убактылуу өкмөттүн мүчөсү Текебаев мырза Шайлоо кодекси эч кандай өзгөрбөйт, ошол 2007-жылы референдумда кабыл алынган кодексти шайлоодо пайдаланабыз, деп айтып жатат. Бирок биз билебиз, ошол Шайлоо кодексинде негативдүү нормалар бар. Анын ичинде маркировканы алып салышкан. Шайлоо күнүн иш күнүнө коюп коюшкан. Андан кийин шайлоого чейин добуш берүү нормаларын киргизишкен. Ошолор чыр-чатак болуп кетпейби деп биз Шайлоо кодексти дагы бир жолу караштырып, дагы бир жолу талкуулап өзүбүздүн пикирлерибизди айтышыбыз керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо күркүрөгөн күзгө, 10-октябрга белгиленген. Шайлоого ачык даярдык 27-июнда референдумда парламенттик башкарууга азыраак артыкчылык берген Баш мыйзамдын долбоору кабыл алынып калганда кийин башталат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG