Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген Шайлоо кодексине ылайык, шайлоо учурунда бармакка белги коюу ыкмасы кайрадан киргизилди. Мындан сырткары шайлоо корунун суммасы эки эсе кыскарып, 50 миллион сом болду.

Айрым саясий партия лидерлери бул сумма дагы кыскарса жакшы болмок деген ойлорун билдирип жатышат.

Кыргызстанда шайлоолордо бармакка белги коюу (маркировка) ыкмасы 2004-жылы киргизилген. 2009-жылы президенттикке шайлоо алдында Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, бармакка белги коюунун зарылчылыгы жок деп тапкан болчу. Бирок 2010-жылы 27-июнда өткөн референдумга бул ыкма кайра киргизилди.

Эми бул көзгө көрүнчү сыя менен алмаштырылышы ыктымалдыгы да айтылып жатат. Бирок ал азырынча тактала электигин Борбордук шайлоо комиссиянын өкүлү Жеңиш Акматов кабарлады. Анын айтымында, бул багытта айрым эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Маалыматка караганда, мурда колдонулган белгинин ордуна эки күн өчпөй жүрө берчү белгилерди алаканга же бармакка жармаштыруу сунушу айтылууда. Бул Кыргызстандын туусунун же гербинин сүрөтү болушу ыктымал.

Мындан сырткары партиялардын каржылык фондунун суммасы эки эсе кыскарып, 100 миллион эмес 50 миллион сом болот. Бул мурдарак Өмүрбек Текебаевдин партия өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда бир топ партиялар тарабынан да сунушталган эле.

Үчүнчү, негизги өзгөртүүлөрдүн бири - бул шайлоо мөөнөтү жарыялангандан кийин Адилет министрлигинен каттодон өткөн саясий партиялар шайлоого ат салыша албайт. Ошондой эле депутаттык мандат үчүн мурдагыдай 25 эмес, 21 жаштан жогорулар катыша алат. Мындан сырткары референдумда колдонулган кошумча тизме менен добуш берүү да калтырылды. Ага ылайык шайлоочу катталган жерине барып эмес, жашап жаткан жериндеги шайлоо бекеттеринен добуш бере алат.

Андан сырткары депутаттардын саны мурдагыдай 90 эмес, 120 болору белгиленип, шайлоо мөөнөтү 90 күн эрте эмес, 60 күндөн кеч эмес убакыт ичинде жарыяланышы керек. Бул өзөртүүлөр боюнча декрет кабыл алынып, ага президент Роза Отунбаева 20-июлда кол койду.

Эмил Алиев

“Ар-Намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай өзгөртүүлөрдү негизинен колдойт. Бирок ал шайлоо корун кыскартуу, же көбөйтүү көп маселени жаратпайт деген ойдо:

- Кыргызстанда мурдагы шайлоо практикаларга караганда маркировка керек экен. Ал эми шайлоо фонду канчалык көп болсо деле зыяны жок. Себеби ага мыйзамда көрсөтүлгөн жол менен гана каражатты сала алат. Башкача жол жок. Ким шайлоого кандай катышса өздөрү билет да. Эгерде аларга элдер ишенсе шайлоо жарыя кылынгандан кийин эле фонддорун түзүп бере берет.

7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп турган, жакында эле “Айкөл эл” деген партиясын түзүп, шайлоого аттанууга даярдык көрүп жаткан Эдил Байсалов шайлоо фондун мындан да кыскартса болмок дейт:

Эдил Байсалов


- Боло турган шайлоодо акчанын таймашы эмес, идея, программа талапкердин сапаттары менен таймашы болуш керек. Шайлоо фондунун эки эсе кыскарганы жакшы, бирок бул дагы кескин түрдө кыскартылышы керек эле.

“Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов деле Шайлоо кодексиндеги мындай өзгөртүүлөргө негизинен каршы эмес. Анын айтымында, киргизилген өзгөртүү жана толуктоолор көп деле маселени жаратпайт. Ал учурда маселе башкада турат деген ойдо:

- Эң чоң маселе бүгүн элибизде болуп атат. Бүгүн элибиз кандайдыр бир саясатчылардын тагдырын чечели деп турушат, ким канча акча берет деп. Саясатчылардын тагдырын чечпей коюшсун, алар өздөрү-өздөрүнүн тагдырын чечип алат. Жетелеме болбосун. Анткени мамлекет деген – оюнчук эмес. Саясатчылар оюнду баштап алып, Кыргызстанды бүгүнкү акыбалга алып келди.

Мындан сырткары Шайлоо кодексиндеги беш пайыздык, региондордогу 0,5 пайыздык өткөөл чек ошол бойдон калтырылган. Саясат таанучу Кубан Абдымендин пикиринде, бул чектер өтө маанилүү.

- Азыркы учурдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мунун зарылдыгы чоң экендиги күн өткөн сайын көрүнүп атат. Демек бул да коомчулукка абдан маанилүү. Ага ылайык беш пайыздык босогону аттаган партиялардын бардыгы паралментке кирүүгө укуктуу болот да, алган пайызына ылайык 120 орунду бөлүштүрүп алышат. Ал эми региондордогу 0,5 пайыздан кем алса калган аймактардагы алган добуштары канчалык көп болсо да парламентке келүү укугунан ажыратат.

К.Абдымен өлкөдөгү кырдаалга карата да Шайлоо кодекси өзгөртүүгө муктаж болчу деген ойдо. Ал бул өзгөрүүлөр, айрыкча шайлоо фондунун кыскартылышын бардык партияларга бирдей укукта, бирдей деңгээлде катышууга жол ачуу деп баалайт. Деген менен айрым маанилүү делген чечимдер президенттин жарлыгы менен эмес, декрет менен чыгып жатышы да кээ бирлердин нааразылыгын жаратууда. Кай бирлери декрет - бул мыйзамдуу жолго түшүү эмес деген пикирлерин да билдиришүүдө. Айрымдар 21 жаштан депутаттык мандатка ат салышуу боюнча өзгөрүүгө каршы пикирлерин билдирип келишет. Ал эми шайлоо 10-октябрда болору айтылууда. Бирок бул боюнча расмий айтыла элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG