Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Шайлоо: кырдаал опурталдуубу?


Айрым серепчилер өлкөдөгү кырдаалдын кучуш-курчубашы шайлоонун жыйынтыгына жараша болоорун айтышууда.
Айрым серепчилер өлкөдөгү кырдаалдын кучуш-курчубашы шайлоонун жыйынтыгына жараша болоорун айтышууда.

Шайлоолор алдында саясий күчтөр күрөштү конструктивдүү нукка бура алышабы? Эгерде бура алышпаса, кырдаал кандай өзгөрөт? Шайлоого чейинки жана кийинки кырдаал кандай болот?

“Азаттыктын” бул жолку талкуусу мына ушул суроолорго арналып, ага саясат таануучулар Кубан Абдымен, Аскар Мамбеталиев жана Аскат Дукенбаев катышты.

“Азаттык”: Кубан мырза, шайлоого аз эле убакты калды, кырдаалга мүнөздөмө бериңизчи?

Кубан Абдымен: Азыркы шайлоонун алдындагы кырдаалды туруктуу жана стабилдүү деп толук кандуу айтканга болбойт. Бирок ошого карабастан, салыштырмалуу тынч жана стабилдүү нукта баратат деп айтсак болот. Бир гана түштүктөгү окуяларга байланыштуу, ал жердеги элдин маанайы дагы эле туруктуу деп айтканга жол бербейт. Саясий өнөктүккө катыша турган саясий партиялардын түзүмдөрүн карап көрсөк, бардыгы шайлоого катыша тургандай маанайда болгондуктан, башка иштер менен алек болбостон, шайлоочуларды өзүнө тартууга менен алек болуп атышат.

“Азаттык”: Аскар мырза, демек бул шайлоолор мурдагы өткөн шайлоолордон эч айырмасы жокпу, баары эле тынч, жакшыбы?

Аскар Мамбеталиев: Менин оюмча, азыр кооптуу болуп турат. Азыр абдан келечекке даярданышыбыз керек, бардык институттар колдон келишинче шайлоодон кийинки жагдайга катуу даярданышыбыз керек. Өтө опурталдуу абалда турабыз.

“Азаттык”: Эмнеси опурталдуу?

Аскар Мамбеталиев: Азыр көрүп атасыздар, түштүктөгү окуя мурда болгон эмес. Адатта парламенттик шайлоолордон кийин сөзсүз жаңжал чыгып келген тарыхта.

“Азаттык”: Аскат мырза, шайлоодон кийинки убакыт опурталдуубу, же шайлоого чейинки убакытпы?

Аскат Дукенбаев: Эгер шайлоо бардык эрежелер менен жакшы өтсө, ошондо шайлоо жакшы бүтөт. Анткени азыркы күчтөрдүн бардыгы Кыргызстанда абал жаман болбосун деп аракеттенип атат деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча, конструктивдүү күчтөр көбүрөөкпү?

Аскат Дукенбаев: Ооба, ошондой деп ойлойм. Анткени Кыргызстан бардыгыбызга керек, азыркы саясатчыларга да Кыргызстан керек. Эгер Кыргызстан болбой калса кайсы жерде саясатчы болот алар. Ошондуктан эгер шайлоо жаман өтсө, шайлоодон кийин ызы-чуулар башталышы мүмкүн.

Чыр эмнеден чыгышы мүмкүн?

“Азаттык”: Кубан мырза, ызы-чуулардын кандай коркунучу бар, эмне деген ызы-чуу болуп кетиши мүмкүн?

Кубан Абдымен: Биринчиден, азыркы учурдагы кырдаал менен шайлоодон кийинки кырдаалды теңештирүүгө болбойт. Албетте шайлоодон кийин кырдаал курчуйт, бул тарыхта болуп келген нерсе. Бул жолку шайлоодон кийин да сөзсүз түрдө абал мурдагыдан да көбүрөөк, катуу деңгээлге чыгышы мүмкүн. Бирок ошентсе да жалпы шайлоонун маанайы Кыргызстандын өнүгүүсүнө түрткү боло турганына чоң себеп болот деп көпчүлүк саясий партиялар, алардын жетекчилери ишенип атышат.

Ошого байланыштуу бул жолку шайлоонун жыйынтыгы албетте парламенттеги орундарды бөлүүгө байланыштуу, алардын арасындагы талаш-тартыштарга жана алардын амбицияларына түз байланышта болгондуктан кырдаал курчуп кете тургандай коркунуч абдан чоң. Ошол коркунучтан алыс бололу деген максат менен 20 чакты саясий партиялардын жетекчилери өз мезгилинде тегерек үстөлдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, меморандумга кол коюшкан. Эгер шайлоо тынч өтсө, анын жыйынтыгы түз эсептелип, БШК аркылуу элдерге жеткириле турган жыйынтык болсо, анда биз аларга каршы болбойбуз, баарынын жыйынтыгы менен макул болобуз деген келишим болгон. Эгер ошол келишим түз иштей турган болсо, анда албетте бардыгы тынч болот деп айтсак болот.

Бирок, тилекке каршы, Кыргызстандагы акыркы окуялар саясатчылардын баарын экиге бөлүп салып, бир тарабы түштүктүк партияларды, экинчи тарабы түндүктүк партияларды колдоп атат. Ошонун негизинде жаңжал чыгып кете тургандай коркунуч бар деп көпчүлүк серепчилер айтып атат. Ошого байланыштуу меморандум да көп иштебей, аларга кошулбай калган партиялар да көп болуп атат. Бүгүнкү күндө 29 партия БШКга тизмелерин бериптир. Анын канчасы толук кандуу болуп шайлоого катышууга укук алары белгисиз. Бирок 20дан көбүрөөк партия дегендей эсептөөлөр болуп атат. Алардын бардыгы бир өңчөй кодекске кол койгон партия деп айтууга азырынча эрте.

“Азаттык”: Аскат мырза, бизде саясий маданият ошончолук деңгээлде өнүккөнбү, өздөрүнүн дымагын ооздуктап, саясий лидерлерибиз конструктивдүү нукта иш алып барууга, биригүүгө, кээде аябай коркунуч келип жатса мамлекеттүүлүккө, ошону сактап калабыз деп, кодекстин шарттарын аткарууга мүмкүнчүлүк, ишеним барбы?

Аскат Дукенбаев: Биз ар дайым оптимист болушубуз керек. Бизде мындай шайлоо тарыхыбызда болгон эмес. Ошондуктан тажрыйбаны биринчи жолу алып, үйрөнүп атабыз. Бизде мындай шайлоо болбогондон кийин келишимге келип, ошол келишимди карманганга тажрыйба болгон эмес. Бирок мен ишенем, демократиянын бир жакшы жери, саясатчыларды жана коомду саясат маданиятына үйрөтөт. Келе жаткан шайлоонун ролу абдан чоң.

“Азаттык”: Аскар мырза, азыр Кубан мырза айтып кетти, түндүк-түштүк деген бөлүнүү бар деп. Ушул канчалык деңгээлде коркунучтуу азыркы шайлоолор учурунда?

Аскар Мамбеталиев: Картаны түндүк, түштүккө бөлүп ойноп жиберген кишиге кечирим болбош керек. Бул өтө коркунучтуу. Ошондуктан бул жаатта жакшы иштешибиз керек. Экинчиден, эгер тынчтыкты кааласаң анда согушка даярдан дейт. Муну мен согуш деп аткан жокмун. Эгер шайлоодон кийин тынчтык болушун кааласак, биз согушка даярданбаганга, ошону болтурбаганга даярдыкта болушубуз керек. Жеңилип калган саясатчылар бизде күрөшкө эч качан тойбойт. Анан маданият деп айта беребиз. Орто жолдо таза бололу деп аракет кылып атат баары, бирок ички күч жетпей калып атат. Ошондон улам акчанын күчү менен кайра элди көтөрүп чыгып, ар кандай ураандар менен чарпыштырып жибергенге чейин биз барып калып атабыз.

“Азаттык”: Кандай тенденция байкалат? Мисалы, күчтүү, бардык элге жаккан лидер барбы, же болбосо "биздин бала" деген тенденция дагы эле байкалабы?

Аскар Мамбеталиев: Биздин киши, бизге убада кылды, жолду салып берет экен, ушуну убада кылды дешет. Ал жол деле салып бербейт, убадасын аткарбайт деле. Ушул биздин киши деген кыргыздын канында бар. Ушул жагын биз жоюшубуз керек.

“Азаттык”: Ушул тизме менен шайлоого баруу ошону жойгон жокпу?

Аскар Мамбеталиев: Жок, айыл-айылдарда, аймак-аймактарда, район-райондордо партиялар ар нерсени убада кылып, көбүнчө элди алдап, бөлүп алышты азыр. Ошондуктан айтып атам, биз аябай даярданышыбыз керек, эл аралык уюмдар менен дос болуш керек. Биз шайлоо убагында милицияны бир партияларга баш ийдирбей, нейтралдуу органга баш ийдириш керек жана башка көптөгөн даярдыктарды азыр жүргүзбөсөк кеч болуп калат. Мындай окуялар дүйнө жүзүндө болгон. Тажрыйба көп, мисалы БУУнун Нигериядагы тажрыйбасын алсак, ал жерде кандай болду согуш болуп. Кенияда кандай болду? Ошолордон сабак алышыбыз керек. Азыртан даярданышыбыз керек, өтө коркунучтуу.

“Азаттык”: Кубан мырза, азыр эң опурталдуу нерсе бул - элде курал бар. Сиздин оюңузча, ушул кандай таасирин тийгизиши мүмкүн, же тополоң чыгып кетпешине кантип чара көрсө болот?

Кубан Абдымен: Азыркы партиялардын лидерлеринин бардыгын өз ара сүйлөшүп, кодекске кол койдургандай эле ич ара шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай жаңжал кылбайбыз дегендей чечимге алып келишибиз керек. Бирок көбүнчө түштүк, түндүк деген партиялардын ортосундагы тирешүү эмес. Бул жерде жалпысынан саясий күчтөрдү үчкө бөлгөнгө аргасыз болуп атабыз. Булар жаңы бийликке келген партиялардын тобу, өткөн бийликти колдогон партиялардын тобу жана өткөндөгүлөрдү жана жаңылардын арасынан дагы нааразы болуп чыккандардын өз ара жаңы партияларды түзгөндөрдүн тобу болуп үчкө бөлүнүп атат. Ошол койгон максаттарды ишке ашыралбай калсак, анда реакциялык, же реваншисттик, же улутчулдук күчтөр бардыгы үстөмдүк кылып, биздин утушубузду тигилдер уурдап алды дегендей маанайда карма-каршылыкты жаратып, анан топтолуп куралдарды колдонууга барышы толук мүмкүн.

Программа көп, аңдагандар аз

“Азаттык”: Саясий партиялардын программасы эң негизинен эле башка бирөөнү сындоого багытталган, өзүн душман катары көрүп, ошону программа катары эсептеп алышкан. Ушул коркунучтуу эмеспи, бул өзүн-өзү жок кылганга алып келбейби?

Кубан Абдымен: Элдин арасында партияларды тандоодо, мына 29 партиянын 25и шайлоого катыша турган болсо, алардын программасына деле көңүл бура тургандай эч ким болбойт. Шайлоочулардын негизги тобу, партиянын жетекчилигинде кимдер турат, жетекчиси болуп кайсы саясатчы, аты-жөнү ким, кайдан чыккан, буга чейин кайда иштеп, ким менен болгон деген суроолорго жооп бергенге аргасыз болуп атат. Толук кандуу маалыматты бергенге партиялардын көпчүлүгү азыр мүмкүнчүлүк алалбай жатат. Мүмкүн 10-сентябрдан кийин үгүт башталганда көбүрөк маалымат алганга жол ачылат. Бирок, тилекке каршы, ошол 25 партия катыша турган болсо, анын баарын таразага салып, кимиси кайсы багытта, кайсы программаны иш жүзүнө ашырабыз дегендей үгүт жүргүзүүсүнө коомчулук үлгүрбөй калат го деп ойлойм.

“Азаттык”: Аскат мырза, көбүнчө программалар аябай чийки, партиялар программанын үстүнөн иштебейт, лидерлер гана бар деп айтат эмеспизби. Менимче, азыр шайлоочуларды тарбиялоо убактысы да келди. Шайлоочулар тарабынан сиздер эмнени күтөт элеңиздер, алар кандай кадамдарды жасаш керек, партияларды кантип тандаш керек?

Аскат Дукенбаев: Алдыда айтып кетпедимби, биздин да коом азыр үйрөнүп атат. Алар партиялардын жетекчилерине эмес, идеология, программасын окуш керек деп.

“Азаттык”: Эмнеге окубай жатышат сиздин оюңузча?

Аскат Дукенбаев: Көп программалар бири-бирине окшош, ишеним аз, кызыктуу эмес. Биздин элдин арасында социалдык сурамжылоо жүрүп атат, ошондо партияга алардын ишеничтери аз болгонун көрсөтүп атат. Ошондуктан алар өз убадаларын берип, көп жакшы сөздөрдү айтып кетип, бирок бийликке келгенден кийин саясатчылар аткарбай коюп атышат, ишенич аз болгондон кийин биздин эл программаны жакшылап окубайт.

“Азаттык”: Биздин шайлоочулар убаданы угушат да, бирок убада аткарылбай калса, анчалык деле капа болушпайт, ошого көнүп калышкан. Саясатчылар берген убадасын текшерүү механизмдери барбы?

Аскар Мамбеталиев: Азыр бизде мамлекеттүүлүгүбүздү алганга аз эле убакыт болду. Союз убагынан бери эл манкурт болуп калган бир идеология менен жашап.

“Азаттык”:
Менимче, аз деле убакыт болгон жок, 20 жыл аябай эле көп да?

Аскар Мамбеталиев: 20 жыл убакыт болду, бирок ушул кыргыздарга эркиндик, идеология, демократия деген эмне экенин түшүнгөнгө жетпей атат. Ошондуктан кыргыз элинин текшергенге күч кудурети аз болуп атат. Экинчи жагынан мен кыргыз элине айтат элем, эгер сени бирөө мактап атса, демек ал сени алдаганы жатат, же бир нерсеңди уурдаганы турат деп. Азыр бизде кыргыз эли баатыр, биз укмуш кыйынбыз деген идеологдор көбөйүп кетти, далысынан таптап туруп отко салып атат. Бул патриоттук эмес, бул алдамчылык. Партиянын башында турган кишилер ушундай деп мактаса, же сөзү иши менен дал келбесе аларга добуш бербесин, ушуну суранып кетет элем. Шайлоо бүткөндөн кийин чыгат сөзсүз. Шайлоо таза өтпөйт, биз билебиз. Ошону менен пайдаланып бирөөлөр сөзсүз элди бири-бирине каршы тукурушат, ошого кошулбаса. Аз эле акча үчүн кошулуп кетип атпайбызбы.

Жеңилгенди да билиш керек...

“Азаттык”: Демек бүгүнкү жыйынтыгыбыз, саясий лидерлердин маданиятуулугу жана алар бириге алабы, бириге албаса эмне болот, ушул шайлоолор тынч өтөт деген үмүт барбы?

Аскар Мамбеталиев: Быйылкы менен эле шайлоо бүтүп калбайт. Азыркы саясий лидерлер ары жагын, улутту ойлонушуп, анан Кудайдан коркушса. Кыргыз элинин түбөлүктүү келечегин ойлонушса. Шайлоого киргенде уят менен, нысап менен киришсе. Азыр жеңилип калса бул эсеп эмес, кийинкисине да ойлонуп кирсе деп каалайт элем. Ким жакшы жеңиле билсе кийинкиде эл колдоп чыгат.

Аскат Дукенбаев: Кыргызстандын келечегин ойлогон кишилерди күтүп атам.

Кубан Абдымен: Азыркы шартта Кыргызстанга акыркы мүмкүнчүлүк берилип атат деген адамдар көбүрөөк го деп мен ишенип атам. Эгерде ушуну түшүнгөн саясатчылар шайлоого барганда ушуну унутпастан, ушунун тегерегинде иш алып барганга аракет кылышса Кыргызстандын келечеги бар десек болот. Себеби азыркы шайлоого катышып аткан саясий партиялардын лидерлеринин бардыгы буга чейин тажрыйба топтоп, бир топ иштерди аткарган адам катары элге таанымал болгондуктан өздөрүн мындан кийин да жаман көрсөткөнгө барбас деген үмүт чоң болуп атат. Ошондуктан булар Кыргызстандын келечеги үчүн жана өзүлөрүнүн бедели үчүн бир келишимге келе тургандай мүмкүнчүлүгүн жоготпойт деп ойлойм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG