Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

Көпчүлүк саясий партиялардын ураандарында мазмуну жагынан реалдуулуктан ат чабым алыс калган жана каталарга жыш толгон учурлар кездешет. Мындай сын-пикирлерин айтышкан талдоочулар шайлоочулардын аң-сезимине таасир этүү үчүн тилдик эрежелерге туура келбеген ураандар колдонулуп жатканын белгилешүүдө.

Бир катар саясий партиялар өздөрүнүн көрнөктөрүндө коомчулукта олуттуу деп саналган коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыздоону убада кылган ураандарга басым жасашууда. Мына ошол маанайда айрым партиялар өздөрүн “Мыйзамдын темир калканы” деп жарыялаганга батынышкан. Ошондой эле мурдатан коомчулуктун көңүлүн буруп келген чакырыктардын авторлорун өзгөртүп, өздөрүнө менчиктеп өткөрүп алган учурлар да кездешет.

Угулушу жакшы, маанисичи?

Журналист Кудрет Тайчабаров бир катар партиялар ураандарында кооз сөздөрдү тандашканы менен алардын көпчүлүгү чындыктан алыс турат деп эсептейт:

"Ата Журт" партиясынын жарнамасы
- Бул калкан мыйзамды коргоп, анан ал мыйзам кимдин кызыкчылыгына иштерин билбей тура берет экен да. Эгерде ураанды талдоого алсак, темир калкан биринчи кезекте адамды, андан кийин гана ага карата мыйзамды коргойт болуш керек логика боюнча. Дагы бир партия болсо, “Жаңы адамдар – жаңы кадамдар” деп жар салып жатышат. Партиялык тизмесин карасаң кечээги эле Ак үйдүн айланасында жүргөн адамдар же болбосо бирөөлөрдүн кол астында ишкердик кылып акча таап жүргөндөр. Анан кантип жаңы болуп чыга келишет, анан кантип жаңы кадам таштап жиберишет? Түшүнбөйсүң. Дагы бир партия мурдагы мэр Нариман Түлеевди Бишкекке алып келет деген ураанын жазып чыгышытыр. Ал адам шаарга түстүү оргума куруп, гүл тигип койсо эле шаардыктар аны жакшы көрүп калышкан деп ойлошот окшойт. Анын иштеп турган учурундагы туура эмес жактарын жакшы билген көптөгөн шаардык шайлоочуларга бул ураан кандайча таасир этерин элестете бериңиз.

Партиялардын айрымдары көрнөктөрүндө өздөрүн өлкөнүн абийирибиз дешсе, кээ бирөөлөрү ар-намысыбыз дегенден тартынышкан эмес. Ал гана эмес кээ бир саясий күчтөр коопсуздукту биз гана камсыздап, тынчтыкты биз орноттук дешип, июндагы кандуу окуяларга саясий кызыл кулактык кылышкан. Андан калышпаган алардын атаандаштары насыялардын үстөк пайызын жети пайызга чейин түшүрүп, электр жарыгын өздүк наркында беребиз деп жар салышкан.
"Республика" партиясынын жарнамасы.

Талдоочу Уран Ботобеков айрым партиялардын ураандарында тил эмизген куру убадалар жана өздөрүн сактап калуучу кылып көргөзгөн көрүнүштөр камтылгандыгына токтолду:

- "Республика" партиясын алсак, алар конкреттүү ураандардагы конкреттүү убадалар менен шайлоочулардын колдоосун алабыз деп ойлошкон болуш керек. Электр жарыгын өз наркында элге беребиз деп кыйкыртып эле жатышат. Өз наркы болсо он үч тыйын. Насыялардын үстөк пайызын жети пайызга чейин түшүрөбүз дешкени менен, ошол эле адамдардын банктары азыр эң жогорку пайыздык өлчөмдө насыя берип жатышкандыктары боюнча маалымат берип койгон туура болор. Албетте мындай популисттик ураандар менен элдин ишенимине кирүүнү каалаган саясий партиялар толтура. Бирок алар парламентке келгенден кийин “кана айткан баягы убадалар менен ураандар” деп шайлоочулар сурашса, алар айтканын аткара албай турушса кандай болот? Бирок алар бул жагын эске албай эле эптеп депутаттык орун тийсе дегендей түр калтырышууда. Дагы бир "Ата Журт" деген аталыштагы партия болсо июнь окуяларындагы тынчтыктын сакталып калышынын түздөн-түз эле ээси болуп алышкан. Албетте кандайдыр бир деңгээлде алардын үлүшү бардыр. Бирок биз болбосок башкача болмок деп көкүрөк койгондук аны айтып жаткан адамдардын жеке абийири кандай экендигинен кабар берип турбайбы. Ал жерде эл эмне ошолордун оозун эле карап туруптурбу? Кайгылуу окуядан саясий упай топтоо бери дегенде акмакчылык да.

Кор болгон тил

Мындан сырткары партиялык ураандардын көпчүлүгү орусча жазылып, андан кийин гана кыргызчага түз которулгандыктан, түпкү маанисин жоготкон учурлар аз эмес. Талдоочулар буга жалданып келишкен чет элдик саясий технологдордун таасири тийип жаткандыгы менен байланыштырышат.

Бишкектин көчөсүндөгү мамыга чапталган жарнактар.
Журналист Кудрет Тайчабаровдун айтымында, ураандардагы нукура кыргызча кеп маданиятына туура келбеген одоно каталарга жол берүү менен, айрым партиялар мамлекеттик тилге карата мамилесинин төмөн экендигин көрсөттү:

- Элибиздин тилин, мүнөзүн жана жергиликтүү ыңгайды жакшы түшүнбөгөн саясий технологдор чийип берген нускамалар менен иш алып барып жатышканы өкүндүрөт. Ал акылдуу баштарга ишенишсин, бирок алар кандай иштеп берип жатышат кичине көнүл буруп коюшса жакшы болот эле да. Мисалы, “Ата Мекен” партиясынын “Чындык – биздин күчүбүз” деген ураанында ү тамагалары у болуп калган. Мындай окуса башка тилде бир уят маанини берет экен. “Ак шумкар” ак деген сөзгө маани берип, ак карлуу Ала-Тоо, ак элечек энелер, ак ниеттүү эл деп деп жакшы баштап келе жатып эле ак пейилдүү жер деп салышат да. Жердин пейили болобу өзү? Макул, кыйыр маанисинде деле? Ушундай калпыстыктар өтө көп орун алгандыгын көрүп иренжийт экенсиң.

Серепчилер партиялардын көпчүлүк ураандары мамлекеттүүлүктү чыңдоого, экономиканы көтөрүүгө, коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыздоого багытталгандыгын белгилешти. Бирок алардын арасында жалпы улуттук идеяны ичине карманган жана коомчулукту өзүнө тарта турган ураандардын сейрек экендигин айтышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG