Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Шайлоо жарышына түшкөн саясий партиялардын лидерлеринин чет мамлекеттердин башчыларына барып жолугуп колдоо алып жатышы, шайлоочуларга арзан пайыз менен кредит берүү убадалары сыяктуу азыркы шайлоодогу үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү "Азаттыктын" тегерек үстөл талкуусунун кезектеги темасы болду.

Катышкандар:


Динара
Ошуракунова,

«Демократия
жана атуулдук
коом үчүн»
коалициясынын
башчысы





Мукар
Чолпонбаев,

Жогорку Кеңештин
мурдагы төрагасы








Абдумомун
Мамараимов,

БШКнын
мүчөсү








"Азаттык»:
Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү аяктай турган күнгө жакындап калды. Ушул аралыкта ат салышып жаткан партиялардын үгүт иштери боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер бар. Мисалы, алар шайлоочуларга берип жаткан убадалар боюнча. Азыр акчасын үгүт ишине көп чачып жаткан саясий партиялар эгер бийликке келчү болсо өлкөнү экономикалык жактан тез эле оңдоп жиберебиз деп убада кылып атышат. Мисалы, бир партия электр энергиясын өз баасында сатам, же айыл чарба тармагына 7 % өлчөм менен кредит берем деп айтып атат. Дагы бир партия сырткы пайызды нөлгө түшүрөм дейт. Дагы бирөөсү 10 пайыздык кредит берем дейт. Кээ бирөөсү сыртка мурдагы президенттер алып чыгып кеткен алтындарды, байлыктарды кайра кайтарып келебиз деген убадаларды берип атышат. Ушул убадалардын канчалык деңгээлде ишке ашышына ишенесиздер?

Мукар Чолпонбаев: Бул маселеге өтө чоң маани беришибиз керек. Албетте, бийликке умтулуп бараткан саясий партиялар, алардын лидерлери болсо кийин келечекте мен баарыңарды жыргатам, бул жерде бейиштин төрүн куруп коем деп айта берет. Кийин ишке ашпай калса, ошого калп эле жооп таап берүүнүн маселесин айтышат. Ал убада бере бергендердин баары канчалык өтө бийик нерселерди убада кылса, ошончолук аткарылбай турганына баардык шайлоочулар толук ишениши керек. Себеби кээ бир саясий партиялар, мисалы кредитти биз 7 пайыздан шайлангандан кийин беребиз деп айткан жок, шайлоо учурунда беребиз, берип атабыз деп айтып атышат.

Алар ачык эле азыр беребиз кредитти, алсаңар алгыла, эгер шайланып калсак бул кредит силерде калат, шайланбай калсак кайра кайтарып алабыз дегендин өзү, бул түздөн-түз сатып алуу. Бул кылмыш жазасына тартыла турган маселе болуп эсептелет. Ошондуктан кыргыз элине айтаар элем, шайлоого барардын алдында кимиси эмне берип атат, ошого терең көңүл бөлүш керек. Эгерде кредит берип, ошону менен элдин добушун ала турган болсо - бул түздөн-түз сатып алуу деп айтса болот. Ал эми убадалардын куру сөз экендигине, же куру эмес экендигине кыргыз эли өзү баа берүүгө жарап калды го деп ойлойм.

«Азаттык»: Мына ушул жерден Абдумомун мырза сизге суроо берейин дегеним, жаңы эле Мукар мырза айткан сөздөрдү уктуңуз. Сиздерде канчалык деңгээлде маалымат бар, ушундай элдин добушун сатып алуу аракеттери боюнча, буга каршы чаралар көрүлүп атабы?

Абдумомун Мамараимов: Биринчиден, мен айтып кетишим керек БШКнын мүчөсү катары, мен партияларды изилдеп, бул партиянын программасы жакшы деп айта албайм. Экинчиден, азыр айтылып кеткен кредиттер берилип атат деген менен, менде андай маалымат жок. Эгерде ошондой болсо, бул туура эмес болуп калат. Эгерде ошондой маалымат боюнча бирөө бизге официалдуу түрдө кайрылса, же өзүбүз билип калсак, реакция кылабыз.

Чындыгында мыйзам бузуулар болуп атат. Бизге көп арыздар менен кайрылып атышат. Кечээ күнү биз өзүбүз барып көрүп келдик, эски аянттан батут орнотуп койгон, жаш балдар бекер ойноп атат, ошону алып салдык. Ошол жерде бир партиянын өкүлү партияны үгүттөгөн баракчаларын таратып атат. Биз барып сүрүштүргөндө, бөтөн адам келип, бул менин батутум, мен койдум эле деп алып кетип калды кечинде. Азыр биз ушул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Бул маселе боюнча азыр чара көрүлүш керек. Жыйынтыгын азыр күтө турабыз.

Ушуга окшогон кайрылуулар болуп атат. Ар бир кайрылуу боюнча биз убагында тезинен маселени чечкенге аракет кылып атабыз. Бир партия кайрылып атат, биз жөнүндө жаман, туура эмес материалар таратылып жүрөт деп. Аброюна шек келтирген, жалаа жабуу катары бааласа боло турган материал экен. Бирок гезит форматына чыгарган. Бирок кимдин гезити, кайдан чыкты, канча нускада деген кодексте талап кылынган эч кандай маалымат жок. Бул мыйзамсыз таратылып атат. Ал боюнча да биз укук коргоо органдарына кайрылабыз, кат даярдап атышат. Бул маселе да каралат. Буга окшогон арыздар көп болуп атат. Азыр арыздар менен иштеп атабыз.

«Азаттык»: Динара айым, сиздин жетектеген коалиция баш болгон бир нече бей өкмөт уюмдар шайлоо өнөктүгүнүнүн, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүнө дагы көз салып жүрөсүздөр. Канчалык деңгээлде сиздер мыйзам бузууларды, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракеттерин байкадыңыздар?

Динара Ошуракунова: Албетте, саясий партиялар жер-жерлерде аракеттерин жасап атат. Ошол эле шайлоочулардын добуш сатып алуу боюнча дагы. Бирок бул фактыларды так изилдей албайт экенсиң. Анткени айтылганы айтылып кетет экен, бирок аны кармаган киши жок. Маалымат жүрүп атат, берген адам да, алган адам да эч качан айтпайт. Ошондуктан оор нерсе. Биз көрүп атабыз, 2-3 миң сом деген суммалар айтылып атат.

Бирок аны кармаганга механизмдер жок. Абдан оор болуп атат. Экинчиден, азыр Мукар Шалтакович да айтып кетти, бир нече убадалар берилип атат деп. Албетте, бул убадалар дайыма шайлоонун алдында саясий партиялардын баары тең көбүрөк добуш алыш үчүн ошондой убадаларды бере берет. Бирок ошол канчалык деңгээлде аткарылат, ошонун механизми көрсөтүлбөй атат. Механизм көрсөтүлбөгөндөн кийин адам ага баа бералбайт. Аны келечек эле көрсөтө алат, ал парламентке келип калса ошол убадаларын аткарабы же жокпу.

Үчүнчүдөн, азыр биз көрүп атабыз, үгүт иштери жүргүзүлүп атканда саясий партиялар өзүлөрү бири-биринин укугун бузуп атат. Анткени алар үгүт материалдарды бири-биринин үстүнө чаптап кетип атат. Кодекстин 35-беренесинде жазылып турат, булар административдик жоопкерчиликке тартылыш керек. Бул үгүт материалдарды бузуу. Бирок шайлоо комиссиялары, тилекке каршы, эч кандай баа бербей атат ага.

«Азаттык»: Добушун бир күндүк акчага сатат, кыргыздар өздөрүнө өздөрү эле жасайт деп мурдагы оппозициядагы партиялар жана өкүлдөр шайлоочулардын өздөрүнө эле нааразы болуп келген учурлар болуп келген. Бул жолу шайлоочулар өзүнүн добушу өзүнүн эртеңки келечеги экенин билип калды, көзү жетти, сабаты ачылды деп айтууга негиз барбы? Силер канча күндөн бери мониторинг, байкоо жүргүзүп келатасыздар?

Динара Ошуракунова: Мында чоң маселе бар. Шайлоочуларды окутуу боюнча эч кандай программалар жок. Шайлоочуларды 1-2 ай калганда, шайлоо процессинде эле шайлоочулардын укуктары жөнүндө биз эстеп чуркап калмай болбош керек. Негизи бизде мамлекетте өкмөт өзү шайлоочулардын аң-сезимин көтөрүү боюнча программа түзүп, ал программа шайлоо жок учурда деле жүргүзүлүп туруш керек. Азыр биз даяр эмеспиз. Анткени, кечирип коюңуз, кечээтен бери биздеги шайлоонун баары тең фальсификация, бурмаланып келип аткан. Ошон үчүн шайлоочу ишенбеген үчүн өзүнүн добушун сатчу, жок дегенде ушундан пайда таап алайын деп. Анткени анын добушу бир нерсе жасайбы дегенге эч качан ишенчү эмес. Азыр болсо абал өзгөрдү, бирок система өзгөргөн жок. Кодекс эски бойдон. Аз эле убакыт өттү бир айдын ичинде шайлоочулардын баарынын эле аң-сезими оңолуп кетпейт.

«Азаттык»: Абдумомун мырза, БШКнын мүчөсүсүз, сиз кандай дейсиз, мүмкүн чындыгында эле бир айлык үгүт иши өтө эле аз убакыт эмеспи. Анткени чындыгын айтканда жанагы 29 партиянын саясий, экономикалык программасы менен таанышып чыгуу көбүрөк убакыт талап кылат?

Абдумомун Мамараимов: Мен биринчиден, Динара айымдын айткан сөзүнө толук кошулам. Анткени биздин системалуу түрдө окутуу деген жок. Шайлоо башталганда эле бей өкмөт, эл аралык уюмдарга рахмат, алар өзүнүн сунуштарын беришип, жардамдарын көрсөтүшүп келишет. Көбүнчө чет өлкөлүк уюмдардын берген акчасы менен биз роликтерди даярдайбыз, маалымат компания жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Бирок от өчүрүүчүнүн иш аракетине окшоп калып атат. Бирок ошого карабай бул мактангандык эмес, иш жүргүзүлүп атат, кичине болсо дагы эки мамлекеттик телеканал, радио, гезиттерден партиялар жөнүндө маалымат берип, алар жөнүндө айтып бергенге аракет болуп атат. Бул өтө аз.

Бирок быйыл бизде өзгөчөлүгү бир жарым саат убакыт телевидениеге берилген. 20 мүнөт партия өздөрү сүйлөп бергенге убакыт берип атабыз, калганын биз дебат жана тегерек үстөлгө ажыраттык. Дебатта бири-бири менен талашып тартышканда эл тагыраак маалымат алат, бир партия сүйлөгөндөн көрө. Ошондой аракеттер болуп атат, бирок убакыт тар болуп атат. Шайлоо тууралуу берүү тартиби боюнча да маалымат аз болуп атат. Партиялар боюнча чындыгында ушундай, кээ бирде өзүбүз партиялар менен иштеп туруп, партиялардын атын эстеп калганга мүмкүнчүлүк болбойт. Алар аябай көп. Программасы жөнүндө айтканга өтө татаал.

«Азаттык»: Үгүт өнөктүгүн жүргүзгөнгө партиялар шайлоо фондун түзүш керек эле. Ошол шайлоо фондусунда топтоло турган каражаттын көлөмүнө чек барбы?

Абдумомун Мамараимов: Кодекс боюнча 100 млн. сомго чейин алар акча топтоп, пайдаланганга укугу бар.

«Азаттык»: Андан ашып кеткен учурларды кантип сиздер көзөмөлдөйсүздөр?

Абдумомун Мамараимов: Ашып кеткенге болбойт. Банктагы эсептерди биз дайыма контролдоп турабыз. Бизге алар жума сайын банкта айланып аткан акчасы жөнүндө маалымат берип турат. Кандайдыр бир суроо түшүп калган кезде, каалаган убакта партиядан сурап талап кылып турабыз. Алар эсебине келип түшүп аткан, пайдаланып аткан акчалар туурасында бизге так отчет берип турат.

«Азаттык»: Кээ бир саясий партиялар үгүт компаниясы мезгилинде чет мамлекеттердин лидерлери менен жолугушуп, же чет мамлекеттердеги белдүү саясатчылар менен жолугушуп, ушуну дагы үгүт ишинин бир түрү катары көрсөтүп атышат. Бул канчалык деңгээлде Кыргызстандын саясий турмушуна же кыргыз электоратына таасирин тийгизиши ыктымал?

Мукар Чолпонбаев: Менин көз карашымда чет мамлекеттердин жетекчилери менен жолугушуулар Кыргызстанга эч кандай таасир бербейт го деген ойдо турам. Кимисинин Кыргызстанга канчалык таасир тийгизе тургандыгына мен анча маани бербейм. Анткени биздин Кыргызстандын тагдырын кыргыз эли гана чече алат. Ал эми Америка, Орусия болобу, Казакстан, Өзбекстан алар биздин тагдырыбызды чече албайт деп ойлойм.

Динара Ошуракунова: Бизде кодексте атайын норма бар, ошондо эл аралык ММКлар, же башка чет элдиктер үгүт ишине катышпашы керек. Эми жолугушуулар болгондо, албетте, ар бир саясий лидер көрүнөбүз, билинебиз дегендей ар кандай аракеттерди жасап атат. Ошонун ичинде эмне үчүн булар үгүт ишине чейин жолугушпай, азыр жолугуп атканы бизге үгүт иштей эле көрүнөт. Ал окуяларга бааны БШК бериш керек, биринчиден, бул үгүт ишпи, же жокпу. Президенттер үгүт ишке катышып атабы же жокпу.

Экинчиден, бул жолугушуулар албетте таасир этет. Анткени Интернет форумдарда көрүп атабыз: "Биз Орусияга жакынбыз", "Казакстан биздин достук элибиз, кошуна мамлекеттер бири-бирибизди колдоп жүрөлү" деген ой-пикирлер көп. Албетте, булар шайлоочулар. Ошол шайлоочуларга таасир этет. Алар ушул себеп менен добуштарын берет.

«Азаттык»: Абдумомун мырза, Шайлоо Кодекси боюнча кандай бааланат бул көрүнүштөр? Мисалы, бир партиянын лидери барып Орусиянын же Казакстандын президенти менен жолугуп келип, аны электоратка үгүт катары пайдаланып көрсөтүп жатышы. Силер кандай баа бересиздер?

Абдумомун Мамараимов: Ар бир иш аракетке баа беришибиз үчүн биз мыйзамга негизделишибиз керек. Мурдагы шайлоолор мыйзамга каралбай эле өтүп жүргөн, Ак үйдөн кандай тапшырма берсе, ошону аткарып келишкен. Өтө кодексти карап, ал такталабы, жокпу деген маселе курч турган эмес. Азыркы тапта БШК так мыйзамдын негизинде иштейбиз деген аракет кылып атпайбы.

Мыйзамдарды карап иштеп атканда бизди кыйнап аткан нерсе, көп учурлар мыйзамда каралбай калыптыр. Өтө көп карама-карылышктар бар мыйзамдын өзүндө. Азыркы айтылып аткан маселе боюнча бизде бир жумадан бери талкуу жүрүп атат. Иш жүзүндө муну жыйында карайбыз, канчалык мыйзамга дал келерин. Бул боюнча БШК бир бүтүмгө келе элек. Ар кандай ойлор бар бизде. Бирок эртең-бүгүн биз бир чечимге келишибиз керек.

Динара Ошуракунова: Мен да айтып кетет элем. Эмне үчүн мен үгүт ишпи же үгүт иш эмеспи деп айтып жатам. Биз эски уюм катары Бакиев же Акаев учурунда президенттик шайлоо болуп атканда, Бакиев бир жерге барып башка президенттер менен жолугушканда оппозиция өзү көтөрчү ушул суроону, бул үгүт иш, эмне үчүн бул тигилер-булар менен жолугушат, анткени түз үгүт иши деп өзүлөрү да бааларын беришчү. Азыр деле алмашып кеткен жок. Жөн гана кээ бир саясий партиялар ошондой суроону көтөргөнгө мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG