Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Шайлоодо бурмалоолор буулабы?


Оштогу аскерлердин алдын ала добуш берүүсү, 8-октябрь.
Оштогу аскерлердин алдын ала добуш берүүсү, 8-октябрь.

Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо боюнча түрдүү тажрыйбалар топтолгон. Мына ошол дасыккан амалкөй “адаттар” бул жолку шайлоодо да колдонулушу мүмкүнбү?

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого шайлоо урналарын алмаштыруу, бюллетендерди таштап жиберүү, протоколдорду оңдоо, бирөөгө берилген добуштарды башка бирөөгө энчилөө жана добуштарды саноодо каршылаш тарапка берилген бюллеттендерди амалкөй манжанын жардамы менен жараксыздандыруу сыяктуу усулдар кирет. Мындан тышкары шайлоочулардын катышуусу менен жүргөн мыйзам бузуулар каттоосуз жана кайталап добуш берүүлөрдөн турат.

Добуштарды бурмалоо ыкмалары

“Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирисбек Кубатбеков андай амалдардын ичинен буга чейин эң эле кеңири таркалганы катары “Карусель” – “Айлампа” деген аталыштагы бурмалоо усулу экендигине токтолду:

Бишкектеги бир аялдамадан көрүнүш, 7-октябрь.
- Таза бюллеттень кандайдыр бир жол менен сыртка чыгарылат. Анан ал кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн белгиленип, кирип бара жаткан шайлоочуга берилет. Ал адам белгиленген бюллеттенди таштап, жаңысын кайра сыртка алып чыгып бериши керек. Андан кийин гана ал шайлоочу тиешелүү сыйлыгын алат. Мына ушул көрүнүш эртеден кечке айланып олтурат.

Мындан сырткары “өлүк жандардын”, шайлоого келбегендердин добуштарынын урнага салынышы жана участкадан сырткары добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар кеңири колдонулуп келген. Мындан улам шайлоого катышкан адамдардын жалпы саны добуш бергендердин санынан кескин айырмаланган учурлар аз эмес. Мына ушундай мыйзам бузуулар көпчүлүк учурда шайлоо комиссияларынын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн амалкөй колу менен аткарылган.

Талдоочу Асанбек Сарыбаевдин айтымында, азыр мурдатан бери шайлоо комиссияларында дасыккан бурмалоочулар мыйзамды сактайт дегенге кепилдик жок:

- Негизи мурдатан бери шайлоолорда ар кандай бурмалоолорго катышып, маш болгон участкалык, райондук, шаардык жана облустук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн түп тамырынан бери алмаштырышса жакшы болмок. Үйрөнгөн адат боюнча сунушталган акчадан баш тарта алышпай бул жолу да добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого барышы мүмкүн. Бирок эми ушул адилетсиз шайлоолордун айынан элибиз ушул абалга кептелгендигин алар деле адам катары түшүнүп жатышса керек. Элдин алдында жооп берип калабызбы деген чочулоо болот болуш керек.

Эгерде мурдагы шайлоолордо бурмалоолор көрүнөө же жарым жартылай көмүскө жүргүзүлүп келсе, бул жолку шайлоодо партиялардын бирин бири аңдышуусу күчтүү болушу күтүлөт. Ошондуктан талдоочулардын айтымында, алдыдагы шайлоодо куулугу жана амалкөйлүгү боюнча кылдат иштелген татаал усулдардын колдонулушу мүмкүн.

Бурмалоого каршы бөгөт

Талдоочу Идирисбек Кубатбеков шайлоочунун сатылган добушун көзөмөлдөөнүн жаңы шарттары колдонулушу мүмкүн деп эсептейт:

- Бүгүнкү күндө ушундай жаңы "технология" ойлонуп табылыптыр. Мурдатан макулдашылган боюнча шайлоочу белгилеген бюллеттенди уюлдук телефонуна сүрөткө тартып, алып чыккандан кийин гана алчусун алып кете берет экен. Мына ушундай сатылып алынган шайлоочунун добушун көзөмөлдөөнүн жолдорун ойлоп таап жатышат деген маалымат түшүп жатат.

Айнура Абдыкалыкова
Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоодо одоно мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча иштелип чыккан бөгөт жолдору жардам берет деген ишенимде. БШКнын мүчөсү Айнура Абдыкалыкова буга шайлоо проктолдорун сактоочу сейф-пакеттердин колдонууга киргизилишин жана комиссия мүчөлөрүнө айырмалоочу кийимдердин кийгизилишин мисал келтирди:

- Шайлоо протоколдордун комиссиялык негизде түзүшүп, андан кийин аны сейф-пакеттерде сакташат. Демек аны бузууга, алмаштырууга же болбосо оңдоолорду киргизүүгө мүмкүн болбой калат. Ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү атайын форма кийип иштешет. Бул деген сөз алар кандайдыр бир кыймыл аракеттерди, мыйзамсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө бөгөт боло турган чара деп түшүнсөк болот.

Буга чейинки шайлоолордо мыйзам бузууларга жол берген шайлоо комиссияларынын жоопкерчилиги бир да жолу каралган эмес. Өткөндө башкы прокурор 2007-жылкы парламенттик жана 2009-жылы болгон президенттик шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иштери козголо тургандыгын эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG