Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгы 7-апрелдеги элдик көтөрүлүштүн жана июндагы кайгылуу окуялардын коомдук маанайга тийгизген таасирине жараша болду.


Саясий күчтөр ортосундагы салмактын алмашышы

Кадрдык башаламандыктар жана июндагы этникалык жаңжалдын чыгышы бийликтин жоопкерчилигин алган социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ак шумкар” партияларынын беделин төмөн түшүрдү.

Саясат таануучу Уран Ботобековдун айтымында, мындай шартта, апрелде артка чегинүүгө аргасыз болгон саясий күчтөр кайрадан позицияларын чыңдаганга мүмкүнчүлүк алышты:

- 7-апрелде сыртта калган саясий күчтөр июндагы окуялардан кийин кризистик кырдаалда кризисттик менеджер деп койот. Мына ошондой саясий күчтөр алдыңкы планга чыгышты. Ошол окуяларда кырдаалды жөнгө салууга, абалды турукташтырууга кол кабыш кылган аракеттеринин натыйжасында шайлоочулардын көзүнө урунуп, кайрадан саясий майданда дивиденд чогултууга үлгүрүштү. Натыйжасы минтип шайлоодо алдыңкы орундарды камсыз кылышты.

Мурдагы бийликчил “Ак Жол” партиясынын курамындагы саясий күчтөр “Ата Журт”, “Республика” жана “Бүтүн Кыргызстан”сыяктуу жаңыдан түзүлгөн партиялардын айланасына чогулушкан. Буга чейин активдүүлүгүн басаңдатып, Бакиев режими менен кызматташып келген “Ар-намыс” партиясы болсо бир айга жетпеген убакытта саясий кубатын топтоого үлгүрдү.

Июнь окуяларынын таасири же “Будулайдын” кайтып келиши

Шайлоонун жыйынтыгында президенттик башкарууну калыбына келтирүүгө убада кылган күчтөрдүн ичинен “Ата Журт” партиясы биринчиликти камсыздаса, “Ар-намыс” үчүнчү орунга жетишти.

Уран Ботобеков аталган саясий күчтөрдүн ташы өйдө кулагандыгынын себебин июнь окуяларынын таасири менен байланыштырат:

- Мекенчилдик сезимдерди курчутуп, улуттук ураандарды чакырган партия катары “Ата Журт” алдыңкы орунда көрүндү. Негизи улуттук кызыкчылыктарды туу тутуп алып жүргөн партиялар Түркияда деле шайлоодо 30-40 пайыздан кем эмес добуш алышат. Кыргызстанда мына ушул багытта боштук бар болчу. Ал боштукту “Ата Журт” ээледи. Ал эми “Ар-намыс” партиясынан мындай кырдаалда чочулап турушкан улуттук азчылыктарга саясий кепилдик берүү жана алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ачык айтылбаган сөздөр болду. Бул багытта демилгени “Ар-намыс” алып, негизги электорат катары улуттук азчылыктардын колдоосун алышты.

Кремль кийлигиштиби?


7-апрелден кийин бийликке келген саясий партиялар парламенттик башкарууга өтүү демилгесин көтөрүшүп, ал маселе 27-июндагы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын өзөгүн түзгөн. Бирок буга Орусия баш болгон союздаштар кескин каршылыгын айтып чыгышкан.

Талдоочу Алишер Абдымомунов Кремль шайлоодо президенттик башкарууну калыбына келтирүүнү жактаган саясий партияларга ачык колдоо көрсөттү деп эсептейт:

- Бул парламенттик шайлоо Кремлдин сценарийи боюнча өткөрүлдү. Акчасы да, медиасы да, тымызын саясаты да чечүүчү деңгээлде аракетке киргизилди. Эми көрөбүз. Булар коалиция түзө алышабы, же ага дагы “Чоң ага” кийлигишкиси келеби эртеңден байкалат. Эми алардын программасында Кыргызстанда парламенттик система иштебей калышы керек. Бул үчүн болгон аракеттерин көрүшөт.

Бирок мындай дооматты “Ар-намыс” партиясы четке кагат. Партия жетекчилигинин айтымында, алардын шайлоодо ийгиликти камсыз кылышына расмий Москванын таасири болгон эмес.

“Ар-намыстын” төрагасынын орун басары Эмил Алиев Кыргызстандын башкаруу системасын өзгөртүү боюнча партиянын тышкы күчтөргө милдеттемеси жок экендигин белгиледи:

- Бул шайлоодо Кремлдин эч кандай таасири болгон жок. Эл өзү шайлоого келип, эл өз тандоосун жасады. Башкаруу системасын өзгөртөсүңөр деп бизге эч ким буйрук бере албайт. Биз өзүбүз Кыргызстанга ылайык келген системаны тандап алышыбыз керек. Аны мезгил өзү көрсөтөт. Кайсынысы бизге ылайыктуу экендигин.

Маалымат менен майкандоо

Анткен менен талдоочулар шайлоодо Кремлдин “кол бала” телеканалдары кайсы бир партияны бир жактуу көкөлөтсө, айрымдарын тепкиге алган учурлар катталгандыгын айтып чыгышты.

Шайлоого коомдук көзөмөл жүргүзүү штабынын мүчөсү Марс Сариевдин айтымында, орусиялык телеканалдардын маалымат чабуулу электораттын тандоосуна таасир этти:

- Орусиялык НТВ телеканалынан берилген акыркы эки сюжети аларга жакпаган партияларга карата маалымат чабуулу катары баалоого болот. Аталган маалыматтардын мазмуну “Ата Мекен” менен социал-демократтарга аябай зыян келтирди. Анын натыйжасында аталган эки партия оңой эмес электоратынан ажырап калды десек болот. Анткени бизде мурдаттан калыптанып калган коомдук аң-сезим боюнча Москва тараптан айтылган маалыматка ишенүү өтө күчтүү.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча эң көп добуш алган алдыңкы беш партия учурда өкмөттү түзүү үчүн өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG