Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:17

Өзбекстан өлкөдөн чыгуу визасын жоюуну мерчемдөөдө


Өзбекстандын чыгуу визасынын үлгүсү.
Өзбекстандын чыгуу визасынын үлгүсү.

Муну президент жардыгынын өкмөттүк интернет сайтта жарыяланган долбоору ишара кылып жатат. Анда башка маселелер менен катар жарандар Өзбекстандан чыгууда алууну талап кылган виза быйыл апрель-июнь айларынын аралыгында жоюлары көргөзүлгөн.

Өзбекстан - эски совет аймагынын совет доорунан мураска калган “экзит виза” тартибин азыркыга чейин сактап келе жаткан жалгыз өлкөсү. Ал визаны Өзбекстандын жарандарына өлкөдөн кандай себеп болбосун тышка чыгууда алууга туура келет.

Бул иш узак убакытка созулган бюрократиялык эрежелер менен коштолуп, аны алууда өзбекстандыктар каржылык чыгымга да кириптер болушат.

Чыгуу визасын жоюу - өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин жаңы демилгелеринин бири.

Бул кадамдар мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда элдин жашоосу тыкыр көзөмөлдөнүп келген өлкөнү ачууга, коомдук турмушту бир аз либералдаштырууга багытталгандай. (UE)

XS
SM
MD
LG