Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

АКШ cпортчусу Караколдо сабак өтөт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

23-февралда Кошмо Штаттардын сноубордисти, паралимпчи Дастин Флеминг Караколдогу тоо-лыжа базасында жергиликтүү 30 балага лыжа тебүү боюнча атайын сабак өтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Атактуу спортчунун сабагына катышуучулар балдар үйлөрдөн, жакыр үй-бүлөлөрдөн тандалып алынган. Балдарга лыжа тебүүгө керектүү каражаттарды элчилик камсыз кылууда. Флемингдин сабагынан кийин кыргызстандык спортчулар менен Тынчтык корпусунун ыктыярчылары да спортко кызыккан балдарга сабак өтүп турушат.

Мындан тышкары сноубордист Флеминг Караколдогу америкалык бурчка барып, жергиликтүү эл менен жолугушат. 2004-жылы АКШнын “Force Recon” аттуу жогорку деңгээлдеги аскер-деңиз корпусунда иштей баштаган бул спортчуну 2006-жылы машине уруп кетип, оң буту ампутациялангандан кийин паралимп оюндарына катышып, өзүн спортто сынап келе жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG