Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Эртелеп добуш бергендер эркин добуш бере алдыбы?


Жер-жерлерде алдын ала добуш берүү маалында купуялык сакталбай, буйрук-көрсөтмө менен добуш берүү көрүнүштөрү орун алууда.

БШКнын 20-июлга берген маалыматына ылайык президенттик шайлоого алдын ала добуш бергендердин саны 17 миңге жеткен. Бир катар бейөкмөт уюмдар бул жараян мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын айтып чыгышты. Эртелеп добуш бергендердин кээ бири бул жагдайда купуялык жок болуп, жетекчиси көрсөткөн талапкерге добуш берүүгө аргасыз болуп жатышканын “Азаттыкка” айтып беришти.

Бакыт, жүз чакты киши эмгектенген мамлекеттик мекемеде иштейт:

- Бюллетенди конверттин ичине салып, сыртына сөзсүз кол коюш керек болуп жатат да. Кол менен деле ким экенибизди таап алып, жумуштан айдап же дагы бир нерсе кылат го. Эми жолдору да көп го, азыр бүт эле жактан бизди кысып жатат. Ошо жерде дагы биз жөнүндө бардык маалыматтар, даректерибиз жазылган бланкалар да калган, анда колубуз да бар. Ошолор менен эле бизди таап алат да, биз ошого кыжалат болуп жатабыз. Бир мекемеде аз эле кишибиз да. Ошондуктан бат эле бизди аныктап алышат.

Конверттин сыртына кол коюу менен кимдин ким экенин аныктоо мүмкүн эместиги тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким буларга токтолду:

- Кантип билесиң ошол конверт экенин. Биз ал конверттерди берип жиберебиз да. Анан төрага баардык кишилердин көзүнчө ал конверттерди ачып башка бюллетендерге кошот. Бул дагы купуя добуш беруу болуп саналат да. Ошон үчүн бул жерде кимдин добуш бергени билинбейт. Эгер шайлоочу өзүнүн аты жөнүн жазып койгон болсо, ал башка нерсе. А кол коюу менен миңдеген конверттердин ичинен кимдин ким экенин байкап аныктоо мүмкүн эмес.

Эртелеп добуш берүү учурундагы конвертке кол коюулар купуялыктын жоктугун ачыктайт, деги эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик ишканаларга териштирип тактоо жасоолору адаттан сырт мыйзамсыз көрүнүш деген пикирин “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева билдирди:

- 100% аныктап алса болот. Анткени конверттерге өздөрүнүн бюллетендерин салгандан кийин, өзүңөрдүн колуңарды койгула деп айтып жатышат. Ал жактан колунан эле билип коёт да, кимге добуш бергенин. Бул кодекске туура келбейт. Биз алдын ала добуш берип чыккандардан сурадык да “силер келбей деле койсоңор деле болот да, өзүңөрдүн укугуңар тебеленип жатат. Силер 23-июлда келип эле добуш бербейсиңерби?”- деп. Алар айтышты, “бизге жетекчибиз айтты, бүгүн барып добуш бербесеңиздер, бизге шайлоо комиссиясынан чалат, алар баарыбыздын фамилия атыбыздан бери билишет”- дейт. Биз такыр түшүнбөй калдык. Бул кандай? Эмне шайлоо комиссиясы эми СНБ болуп калдыбы?

Мамлекеттин карамагындагы ишканалардагы кызматкерлерге бул жолку шайлоодо ашыкча эле териштирүү, басмырлоо, коркутуу жана психологиялык таасир этүү орун алууда. Ушундай абалда калган бюджеттик ишканада эмгектенген, өз атын атагысы келбеген жигит бизге буларды айтып берди:

- Өткөндө бизди жетекчилик чогултуп, аты-жөнүбүздү тизмектеп, жашаган жерибизди, паспорттун номурларын тууралап жазып алышкан. Андан соң кол койдуруп кетишти. Анан, кечээ бизге силер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыштыңар деп билдиришти.

- Демек, сиз шайлоо участогуна барбай эле добуш бердиңизби?

- Бул шайлоо өнөктүгүнүн эң кызык окуясы бүгүн болду. Эртең менен бизди жетекчилик дагы чогултуп, 23-июлда шайлоого барасыңар деп айтышты. Ошондо биз эки жолудан добуш берет экенбиз. Кайсы участоктон шайлоого катышаарыбызды бизге айта элек. Барып, канча күтсөңөр да кезеке туруп, биринчи кабинкадан добуш бергиле деп көрсөтмө беришти.

- Мекемеде канча киши эмгектенесиңер?


- Кырктан ашык адам эмгектенебиз.

- Сиз мындай мажбурлоону кандай кабыл алып жатасыз?


- Биз мындай мажбурлоону нааразылык менен кабыл алып жатабыз. Эгер шайлоого барбасаңар, жумуштан бошотобуз деп коркутуп жатышат. Жетекчилик, бизге “силердин барганыңар, келгениңер компьютерге түшөт, биз көзөмөлдөп турабыз”,- деп билдирип жатышат.

- 23-июлдагы президенттик шайлоодо өзүңүз каалаган талапкерге добуш бересизби?

- Мен өзүм каалаган талапкерге добуш берсем деп турам. Бирок, эмнегедир жетекчиликтин биринчи кабинадан гана шайлайсыңар дегени мени кооптондуруп жатат. Бул бир гана адамга добуш бересиңер деген сөз деп түшүнүп жатам.

- Демек, сиз өзүңүз тандаган талапкерге добуш бере албайт экенсиз да?

- Биринчи кабинадан добуш берсем дагы, атайын принципке туруп, өзүм тандаган талапкерге бюллетень салайын деп жатам.

Деген менен мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендер дале эриндерин катуу тиштеп, билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болушуп, ашыкча балээден алыс болгонду эп көрүшүүдө. Анткени жумуш баарына эле оңой табыла бербейт.

XS
SM
MD
LG