Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:42

Жарандарды убактылуу жашаган жери боюнча кошумча тизмеге киргизүүнү караган Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөр өлкөдөгү жаңы саясий чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн. Бул боюнча тынчсызданышкан Борбордук Шайлоо Kомиссиясынын айрым мүчөлөрү шайлоо кодексине кандай гана болбосун өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн өзү учурда укуктук жагынан көптөгөн суроолорду жаратарын белгилешти.

Ички-тышкы миграциянын айынан көпчүлүк шайлоочулар туруктуу катталган жеринен добуш бере алышпайт. Мына ушул жагдайды эске салган көпчүлүк партия лидерлери жарандардын убактылуу жашаган жеринен кошумча тизме аркылуу добуш берүүсүн камсыздоону 30-июнда болгон атайын жолугушууда сунушташкан.

Шайлоо Кодексине мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин ал жыйында “Ата Журт” партиясынын жетекчилеринин бири Садыр Жапаров да колдогон:

- Кошумча тизме боюнча айтканда. Мисалга алсак, каттоосу Караколдо болсо Ысык-Көл облусундагы. Өзү он жылдан бери турмуштун айынан Бишкекте жашап иштегенге аргасыз болгон жарандар аябай эле көп. Ошондуктан мен бул жердеги сунуш киргизгендерди колдойм. Эгерде жанагы кварталдык комитеттер ошол адамдардын беш-он жылдап ушул аталган аймакта жашагандыгын тастыктаса андай жарандарды кошумча тизмеге киргизип, паспорту менен добуш берүүсүнө каршылыгыбыз жок.

Жеңиш Акматов
Бирок бул демилгеге Борбордук Шайлоо Комиссиясынын айрым мүчөлөрү каршы болушууда. БШК мүчөсү Жеңиш Акматовдун айтымында, жаңы баш мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, укуктук негиздеги декреттер күчүн жоготушу керек. Мындай шартта мыйзам чыгаруу органы жок болгондуктан, декрет менен кодекске өзгөртүү киргизүү мыйзамдык тунгуюкту жаратаары бышык. Жеңиш Акматов кырдаалдан чыгууну аракеттеги мыйзамдарды колдонуудан гана көрөт:

-Мыйзам базасы болуп ошол кодекс гана иштеш керек. Бирок кечээ саясий партиялардын жетекчилери менен Ө. Текебаевдин жолугушуусунда Шайлоо Кодексине декрет менен өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштар айтылды. Бирок биз ушундай жол менен кодекске өзгөртүү киргизип, парламенттик шайлоого барсак анда анын аягы чоң чыр-чатак менен бүтөт. Себеп дегенде ал жерде күрөш башка нукта жүрөт.

Бир катар талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоодо кошумча тизме менен добуш берүүгө уруксат берүү демилгесин саясий партиялардын кызыкчылыгындагы иш катары баалашат. Анткени саясий күрөштө кандай жол менен болсо да көбүрөөк добуш топтоону максат кылган мисалдар аз эмес.

Аскарбек Мамбеталиев
Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин баамында жарандардын каттоосу жок кошумча тизмеге киргизилиши мыйзам бузуулардын кеңири алкакта кулач жайышына алып келиши мүмкүн.

-Бул жерде дагы бир кызык нерсе болуп жатат да. Канчалык көбүрөөк добуш топтосо саясий партиялар ошончулук күчтүү болуп көп орун алганга мүмкүнчүлүк болот да. Булар ошону ойлоп жатышат. Анан элдин көпчүлүгү ордунда олтурбай эки жакка көчүп жүрүшөт. Ошондуктан аларды добуш берүүгө тартуу аракети болуп жатат. Бирок бизде “айлампа” деген шайлоодогу белгилүү көз боёмочулук бар да. Мындан башка жанагы “өлүк жандар” добушу деген сыяктуулар. Ошол сыяктуулардын иштешине мурдагыдан да жакшы шарт түзүлүп калат. Анан анын аягы жаман болуп, катуу чырдашууга алып келет,- дейт Аскарбек Мамбеталиев.

Мындан сырткары тизмеге киргизүүнү жөнөкөйлөштүрүү шайлоодогу мыйзам бузууларды далилдөөнүн өзүн да татаалдаштырышы күтүлөт. Мына ушундай көз караштагы адистер туруктуу каттоо жайынан сыртта жүргөндөрдүн шайлоо укугун камсыздоо мыйзамдык негиздеги кылдат эрежелер иштелип чыккандан кийин гана жүзөгө ашырылышы керек деп эсептешет.




пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG