Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Шайлоого даярдык шайма-шайбы?


Жалал-Абад облусундагы бир шайлоо бекети, 22-сентябрь, 2010.

Жалал-Абад облусундагы бир шайлоо бекети, 22-сентябрь, 2010.

Алдыдагы саясий өнөктүк шайлоо бюллеттендеринин өлчөмүнүн чоңдугу менен таңгалдыра турган болду. 22-сентябрда узуну жетимиш сантиметрден ашуун көлөмдөгү бюллеттендер “Учкун” басмаканасынан басылып чыга баштады.

Ал эми шайлоо участкаларын жабдуу жана шайлоочулардын тизмелерин тактоо иштери кечеңдеп жаткандыгы айтылууда.

БШК шайлоо бюллеттендеринин үлгүсүн бекитти

Бул жолку добуш берүү үчүн колдонула турган бюллеттендердин узуну жетимиш эки, туурасы жыйырма бир сантиметрди түзөт. Бюллетендер бир жуманын ичинде даярдалып бүтүп, жер-жерлерге жеткирилмекчи.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов шайлоого аттанып жаткан партиялардын саны көп болгондугуна байланыштуу узун өлчөмдөгү бюллетендерди колдонууга киргизүү зарылчылыгы келип чыккандыгына токтолду:

-Ар бир партиянын аталышынан сырткары биз тизмеде турган биринчи беш талапкердин аты-жөнүн, иштеген жерин толук жазып беришибиз керек. Бул шайлоо кодексинин талабы. Ал эми аталган талапты аткаруу үчүн бюллетенди биз узун форматта чыгарганга мажбур болду. Негизинен жетимиш сантиметрден бир аз көбүрөөк болуп жатат. Эки варианты сунушталган болчу. Экинчиси төрт чарчы болчу. Талашып тартыша келгенибизде узун өлчөмдөгүсүн пайдалануу сунушу колдоо тапты.

Басмаканага эки миллион сегиз жүз он жети миң беш жүз жетимиш төрт даана бюллеттенди басууга буюртма болду. Бул сан шайлоочулардын буга чейинки тизмелерде көрсөтүлгөн салыштырмалуу катышынан алынган. Ошого карабастан кийинки учурдагы ички-тышкы миграциянын күчөшүнөн улам, шайлоочулардын тизмелерин тактоо кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгы айтылды.

Шайлоочулардын тизмеси такталууда

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Нурлан Шерипов шайлоочулардын тизмелерин атайын жайга илип, тактоо иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи:

-Көп жылдан бери колдонула элек болчу. Азыр ар бир шайлоо участкасына стенддерди буюртма берип жасатып, жеткиртип жатабыз. Ошол стенддерде тиешелүү аймактагы шайлоочулардын тизмеси илинип коюлмакчы. Ар бир шайлоочу андан өзүн издеп, жок болуп калса коштуруп же аты-жөнү туура эмес болсо оңдотконго мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок мындай шартта шайлоо өнөктүгүнүн шайма-шай уюштурулуп жатат дегенге көпчүлүк коомчулук өкүлдөрү макул эмес. "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюму жер-жерлерде партиялардан көрсөтүлгөн адамдардын участкалык шайлоо комиссияларынын курамынан себепсиз чыгып кетип жатышкандыгын белгиледи. Ошол эле учурда шайлоо күнүнө чукул убакыт калгандыгына карабастан шайлоо участкалары тиешелүү шартта жабдыла электиги айтылды.

Уюштуруу иштериндеги кемчиликтер

Жер-жерлерди кыдырып жүргөн саясий өнөктүктүн катышуучуларынын бири Нуржигит Кадырбеков уюштуруу иштерининин аксап жаткандыгына токтолду:

- Шайлоо өнөктүгүнүн кандай уюштурулуп жаткандыгы боюнча сырттан караганда, кандайдыр бир көзгө көрүнөөрлүк иштердин жүрүп жаткандыгы байкалбайт. Болгону биз барган аймактардын айрым жерлеринде мынчанчы же түкүнчөнчү шайлоо участогу деп эле жазып койгондон башка эч нерсе көрө алган жокпуз. Уюштуруу иштерине байланышкан, добуш берүүнүн шарттары же шайлоо туурасындагы маалыматтарды кезиктире алган жокпуз. Шайлоочулардын тизмеси илинип турган стендди бир дагы жерден көрбөдүм.

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 136 миллион сом бөлүндү

Бул каражат шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн эмгек акыларын төлөп берүүгө жумшалат. Буга чейин жергиликтүү, райондук, шаардык жана облустук шайлоо комиссияларынын курамы түзүлүп бүткөн.

Нурлан Шериповдун айтымында бул жолу шайлоо участокторунун саны бир топ көбөйдү:

-2289 участкалык шайлоо комиссиясынын курамы толук куралып бүттү. Референдум учурунда 2281 участок болчу. Мунусунда сегиз участоккко көп болду. Мындан сырткары чет мамлекеттерде биз кырк төрт участок ачтык. Алардын он сегизи Россияда.

Шайлоо өнөктүгүн узак мөөнөттү байкоого алуу үчүн эл аралык уюмдардан токсондон ашуун адам келип, каттоодон өтүштү. Алардын көпчүлүгү ЕККУ жана ЕВРАЗЕШ баштаган уюмдардын өкүлдөрү.
XS
SM
MD
LG