Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Исмаил Исаков мындай чечим оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын бирдиктүү талапкери – Алмазбек Атамбаевдин пайдасы үчүн кабыл алынганын бүгүн өзү жарыялады.

Мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков президенттик шайлоого өз талапкерлигин өзү көрсөтүп, өлкө башчылык кызмат үчүн ат салышам деп, БШКга арыз берген 18 талапкердин бири эле. Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл бирдиктүү талапкер катары Социал-демократтар партиясынын төрагасы, мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаевди көрсөткөн Элдик жыйында Исмаил Исаков оппозициянын экинчи талапкери катары аталган.

Бүгүнкү маалымат жыйынында Исмаил Исаков талапкердик жарыштан чыкканга чейин өлкө боюнча 80 миңге жакын кол топтогондугу да маалымдалды.

Мындан сырткары бүгүнкү маалымат жыйынында БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров эгер, оппозициялык бир талапкерге бийлик тарабынан мыйзамсыз тоскоолдуктар болсо оппозиция “Бакиевсиз шайлоо!” акциясын баштай тургандыгын билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG