Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Ысык-Көл: 12:00 чейин 11,3% шайлоочу добуш берди


Бул тууралуу облустук шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Кабарга караганда, облуста жергиликтүү кеңештерге шайлоого 175 068 шайлоочу катталган. Саат 12ге карата алынган жыйынтык боюнча, 19778 шайлоочу добуш берди.

Ысык-Көл облусу боюнча референдумга 11% шайлоочу добушун берди.

Ысык-Көлдө жалпы 240 шайлоо тилкеси бар. Анын ичинен 175 участокто жергиликтүү кеңештер менен бирге референдумга кошо шайлоо болуп жатат. 65 участокто референдумга добуш берилүүдө, бул аймактарда март айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өткөн.(AsM)

XS
SM
MD
LG