Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Конституция боюнча Кыргызстандын президенттигине талапкер адам мамлекеттик тилден сынак тапшырат. Бул сынакты өткөрүүнүн жол-жообсу жана тартиби жөнүндө “Азаттыкка” Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов баяндап берди.

- Албетте, Кыргызстандын президенти кыргызча сабаттуу жазганды, сабаттуу сүйлөгөндү, сабаттуу окуганды билиши керек. Муну азыр тил комиссиясынын алдында түзүлгөн атайын комиссия аныктаганы турат. Ушул сыноо тартибине 2005-жылдан бери кандай айырмачылыктар кирди?

- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргызстандын президентине талапкер адам милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жаза билиш, окуй билиш керек жана өз оюн айта билиш керек. Андан сырткары, менин оюмча, Кыргызстандын президентине талапкер болгон адам Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, үрп-адатын жана географиясын жакшы билиш керек. Ошондо гана ал Кыргыз Республикасынын президенти болгонго укуктуу деп эсептейбиз.

Бирок ошонун ичинен эң негизгиси ал мамлекеттик тилди билеби же билбейби деген аныктама болуш керек. Анын мамлекеттик тилди билер-билбесин аныктай турган мыйзам КР шайлоо кодексинин 61-беренесинде болук жазылган. 2000-жылы биринчи жолу болгон, анан 2005-жыл, быйыл үчүнчү жолу президенттикке талапкерлерден сынак алынганы жатат.

Сынакты алып, анын мамлекеттик тилди билер-билбесин аныктай турган комиссия түзүлдү, курамы 9 кишиден, баардыгы тең Кыргызстандын ар бир чөлкөмүнөн. Комиссияны БШК бир добуштан бекитти, бүгүнкү күндө даярдык жүрүп жатат.

2005-жылдан айырмасы жок. Себеби мыйзамда ачык жазылган биринчи кезекте алардын мамлекеттик тилди билер-билбесин аныкташ үчүн бир саат 30 мүнөт убакыт берилет. Ошол убакыттын ичиенде 3 тапшырманы аткарат талапкер.

Биринчиси, аларга шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан 3 таза барак таратылат. Биринде БШКнын мөөрү базылат. Ал 3 баракка ал шайлоо алдындагы өзүнүн багытын, ой-максатын, ишин, эгер президент болуп калса биздин Кыргызстандын экономикасын, маданиятын гүлдөтө турганын кыска жазат. Ал жазып бүткөндөн кийин 9 киши чекесинен баштап бүт баардыгыбыз текшерип чыгып, ката тапса ар ким өзүнүн катасын оңдойт.

Ошону менен ар ким өзүнүн баасын акырындык менен коюп коет. Экинчи тапшырма 3 баракка басылган кыргыздын залкар жазуучуларынын романдарынан көркөм текст болот. Үстөлдүн үстүнөн он чакты текстин ичинен тандап алып окуп берет. Демек эл алдында ал таза, ачык окуй алабы, тыныш белгилерине токтогонду билеби, интонациясы кандай ушуну аныктайбыз.

Үчүнчүсү, ага 10 мүнөткө чейин убакыт берилет, эмне үчүн президентикке ат салышып атат, эгер президент болуп калса эмне кылат, өзүнүн шайлоо астындагы багытын, максатын эл алдында сүйлөп аткандай комиссиянын мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп берет. Ушул үч тапшырма бир жарым сааттын ичинде аткарылып бүткөндөн кийин ар бир талапкерге ар бир комиссиянын мүчөсү "билет" же "билбейт" деген гана жоопту берет.

Башка эч кандай баа коюлбайт. Бул тогуз киши. Тогуз кишинин эгер бешөөсү билет деген чечим кабыл алса, демек ал андан аркы талапкерлигин улантып, андан ары ат салыша алат. Өттү деп эсептелет. Эгер тогуздун бешөөсү билбейт десе ал талапкерликтен алынып салынат.

- Оозэки тапшырманын материалдары кандай тартипте даярдалат? Мисалы, тигил, же бул талапкердин кызыкчылыгына маалымат чыгарып жиберүү ыктымалдыгы жокпу?

- Эч андай жок. Төрт талапкер келсе, төрт жерге отурат, таптаза үч барак берилет, отуруп алып ар кимиси өзүнүн дараметине, чамасына жараша өзүнүн платформасын жазат. Биз сабаттуулугун гана карайбыз. Сабаттуу жазалабы, сүйлөм түзө алабы, ой максаты кандай, тамгалардан, тыныш белгилерден ката кетиреби - ушунун баардыгын текшерип анан жыйынтык чыгарабыз.

- Сиздердин комиссияга ийгилик каалайбыз. Маегиңизге рахмат
XS
SM
MD
LG