Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Ош: шайлоого даярдык начар


Ош облустук акимчилигинде өткөн жыйында шайлоого даярдыктар бир топ кемчиликтер менен коштолуп жатканы айтылды. Алардын негизгилери болуп добуш берүү жайларынын тардыгы, шайлоочулардын туура эмес тизмелери, участкалардын 70 пайызында байланыш жабдыктары орнотулбагандыгы белгиленди.

Натыйжада облус губернатору Сооронбай Жээнбеков Ош облусу шайлоого даяр эмес деген баасын берип, район акимдерине, облустун тиешелүү жетекчилерине мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн 4-октябрга чейин убакыт берди.

Өзбек улутундагылар менен кыргыздар жашаган райондун чегинде орун алган 299-шайлоо участкасы мектепте уюшулган. Спорт залдагы шайлоо бекетинде шайлоочулардын тизмесинен башка добуш берүүгө керектүү бардык жабдыктар өз ордунда. Тизмени коопсуздук үчүн кечки саат төрттөн кийин мектеп директорунун сейфине салып коюшат. 299-шайлоо участкасынын мүчөсү Адыл Тургунов буларды айтты:

- Биз кооптуу жагдай түзүлүп калса бир нерсе болуп калбасын деп сейфке салып койобуз. Сиз өзүңүз көрдүңүз да. Баары жайында. Эң башкысы жай кеңири.

Тизме такталып бүтө элек

Добуш берүү жайынын тардыгы облустагы бардык участкалардын негизги көйгөйүнө айланган. Себеби комиссиянын 12 мүчөсүнөн башка дагы 29 партиянын өкүлдөрү, андан сырткары көз карандысыз байкоочулар жана журналисттер болгондо шайлоо бекетинин ичи толуп, жада калса батпай калышы ыктымал.

Бул маселе 28-сентябрда өткөн облус активинин шайлоо даярдыктары боюнча чоң жыйынында да башкы тема болду. Ош облусундагы шайлоого даярдыктар боюнча атайын текшерүү жүргүзгөн губернатордун кеңешчиси Мамат Оморов добуш берүү жайларынын тардыгынан башка дагы бир катар кемчиликтерди айтып өттү.

- Алардын орчундуулары көпчүлүк участкаларда телефон байланышы алигүнчө орнотулбагандыгы, электр өчүп калганда башка жарык бере турган жабдыктардын жоктугу, өздүк документтерин жоготкондорду паспорт менен камсыз кылуу жана шайлоочулардын тизмесин түзүүдөгү кемчиликтер айтылды.

Учурда Ош облусундагы участкаларда дайыма шайлоолордо айтылып келген эски тизмелер маселеси орун алууда. Ош шаарындагы «Адам укугу жана демократия» борборунун төрагасы Идирисбек Кубатбеков:

- Тилекке каршы көпчүлүк шайлоо комиссия мүчөлөрү тизмени тактоону билишпейт. Ошондой мезгилде тизмеге киргизип-чыгаруу жолдору кодексте бадырайып жазылып турганы менен практикада ишке ашпай келет. Учурда тизмеде көзү өткөндөр жүрөт, жаңы көчүп же келин болуп келгендердин фамилиясы жок. Башка жакта убактылуу, биротоло көчүп кеткендер тууралуу маалыматты да таппайсың.

Ош шаарында шайлоочулардын санынын күндөн күнгө азаюусун да байкаса болот. Шаардык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, июндагы референдумда шаар боюнча 122 миң адам добуш берүүгө катышкан болсо, учурда добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын жалпы саны араң 115 миңди түзүп жатат.

Ош шаарындагы 299-шайлоо учаскасында да добуш берүүчүлөрдүн саны 200дөн ашуун кишиге кыскарган. Шайлоо участкасынын мүчөсү Адыл Тургунов:

- Тизмени кайра тактоодо окуяда набыт болгондорду, көчүп кеткендерди чыгарып жаздык. Мурда 2200 добуш берүүчү болсо, бул жолу 1910 шайлоочу болуп калды. Алардын да канчасы келери белгисиз.

Ош облусу боюнча 468 шайлоо участкасы түзүлгөн. Учурда Облустук шайлоо комиссиясы 602 миң 390 даана бюллетенди райондук бөлүмдөргө таркатып чыккан.

XS
SM
MD
LG