Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Президент Роза Отунбаева 10-октябрь парламенттик шайлоо күнүн утурлап Кыргызстандын элине кайрылуу жолдоду.



Кыргызстан жаңы жол тандап жатат

Президент Роза Отунбаева кайрылуу сөзүндө парламенттик шайлоо мамлекет, элдин келечеги үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ экенин, Кыргызстан жаңы жол тандап жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан башкалардын көрсөтмөсү менен эмес, өзү каалагандай жашоого даяр экенин көрсөтүшү керектигин дагы бир жолу кайталады. Муну айрым талдоочулар парламенттик башкарууну ачыктан-ачык колдобогон Орусияга карата кыргыз президентинин жообу катары баалап жатышат.

Президент кайрылуусунда Кыргызстандын алдында биринчи кезекте мамлекеттин бекемдигин, элдин биримдигин чыңдоо милдети турганына токтолду.

Ар кандай бузуку күчтөрдүн аракетине карабай өлкө оор кырдаалдан чыга алды, эми шайлоодон кийин саясий туруктуулукка, экономикалык өсүүгө жана жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга жетише баштайт, деп айтты.

Президент жаңы жолго түшүп жаткан кыргыз эли өз мамлекетин башкарып кетишине ишене албагандар ичтен да, сырттан да табыларын белгилеп өттү:

- Баары эле бизге оптимистик көз карашта эмес. Кыргыз эли өз мамлекетин башкарып кете алышына ишенбеген адамдар өзүбүздө дагы, сырт жакта дагы бар. Биздин айрым саясий партиялар эгерде, алар шайлоодо жеңип чыгышса, мурдагы системадагы бийлик түзүлүшүн орнотобуз деп ачык эле айтып жатышат.

Р. Отунбаева сырткы терс таасирлер тууралуу 8-октябрда Бишкекте мугалимдердин республикалык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө да атайын токтолгон болчу:

- Бизди окута тургандар, жол көрсөтө тургандар көп болуп жатат. Биздин ишке кийлигишкендер көп болуп жатат. Мына, “силердин жолуңар жарабайт, силердин жолуңар жамандыкка да алып келет”, дегендер бар. Бирок мен биздин эл өзүнүн тагдырын өзү чечет деп ойлойм.

Айрым талдоочулар муну менен президент Р. Отунбаева парламенттик башкаруу тууралуу терс пикирдеги орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведевге жооп берди, деп айтып чыгышты.

Д. Медведев ири эл аралык жыйындарда Кыргызстандагы азыркыдай саясий кырдаалда парламенттик республика кандай ишке кирерин элестете албай турганын, алтүгүл кыйроого да алып келиши ыктымал, деп бир-эки ирээт билдирген болчу.


О. Молдалиев: Москва парламенттик өлкө менен баш ооруткусу келбейт


Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө орусиялык маалымат каражаттарда Кыргызстандагы бир партиянын лидерин көтөрө чаап мактаган, экинчисин каралаган материалдар жарык көргөн эле.

Талдоочу Орозбек Молдалиев мунун негизги себебин Москванын Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүн жактырбай жатканы менен түшүндүргөн:

- Москва парламенттик өлкө менен баш ооруткусу келбейт. Москвага анын айтканынан чыкпаган бир адам керек. Маселенин өзөгү мына ушунда. Экинчиден, эгерде парламентаризм Кыргызстанда оожалып кетсе, КМШ өлкөлөрүндөгү оппозициялык күчтөр, албетте, парламенттик системаны орнотууга умтулуп башташат. Муну, албетте, Москва каалабайт. Бул жерде негизги себеп, Россия Борбордук Азиядагы таасирин жоготуп жатканында. Өткөн жылдан бери Түркмөнстан өзүнүн жаратылыш газын Кытайга Казакстан аркылуу экспорт кылып жатат. Бул аймак Россиянын көзүн караган экономикалык туңгуюктан чыгууда. Ошондуктан Москва бул өлкөлөрдө өзүнүн аскер базаларын көбөйтүү жана бийликке өз кишилерин коюу аркылуу таасирин сактап калгысы келип жатат.

Антсе да Кыргызстан бир убакта ички турмушуна Москванын кийлигишүүсүн каалаган деген пикирди кармангандар да бар. Алардын бири “Азаттыктын” Беларус кызматынын саясий баяндамачысы Юрий Дракахруст.

Ю. Дракахруст үналгыбыздын Москванын маалымат чабуулуна арналган талкуусунда буга мисал катары апрель окуяларына чейинки кырдаалды эске салган эле:

- Бакиевди кулатаардын алдында кыргыз оппозиционерлери, эгер эсиңиздерде болсо, Москвага тынбай каттап калышкан. Алар чынында эле Россия өзү кийлигишип, Кыргызстандагы окуяларга таасир көрсөтүшүн каалашкан. Бакиевди кулатаар алдында кыргыз оппозиционерлеринин бири Бишкекке учуп келер менен камалганын эстесеңер. Ал камалар алдында “Бизди Путин колдойт!” деп кыйкырбады беле. Ошол учурда Москванын таасири оң көрүнүш катары каралып, эми терс көрүнүш болуп калды.


Э. Ногойбаева: Бөтөн бирөөлөрдүн оюнуна оңой-олтоң кирип кеткен жарабайт

Талдоочу Элмира Ногойбаеванын баамында, айрым партиялардын үгүт иштеринде Орусиянын таасири кадимкидей сезилип турду. Ошондуктан Р. Отунбаеванын өлкөнүн көз карандысыздыгы тууралуу айткан сөздөрү орундуу болду:

- Роза Исаковна дал ошол мугалимдердин алдында эгемендүүлүк тууралуу сөз сүйлөп өзүн улут лидери катары көрсөттү. Добуш берүү күндүн алдында элди, коомду ойготууга аракет жасады. Бөтөн бирөөлөрдүн идеологиялык оюнуна, маалымат оюнуна оңой-олтоң эле кирип кеткен жарабайт. Биз совет империясынан чыкканыбызга 20 жыл болду. Биз бүгүн эгемен мамлекетпиз. Эгерде биз мындан чегинсек, чоң ката кетирген болобуз. Мен биз экинчи Абхазия болуп калышыбызды каалабайм.

Расмий Бишкек миграция жана башка экономикалык жагдайларда өзүн сырттан толугу менен көз карандысыздыкты сактай албайт, ошондуктан расмий Москва эми ар кандай саясат жүргүзүп Кыргызстанды жүдөтүшү ыктымал деген пикирлер кездешет.

Саясат талдоочу Аалыбек Акунов Кыргызстан Орусиядан көз каранды деген турумга толугу менен кошула бербейт:

- Кыргызстандык мигранттар Орусияда жүрөт, ошондуктан көз каранды деген пикирдин өзү туура эмес. Эгерде Кыргызстандын мигранттары ал жакта иштеп жүрсө, анда Орусия өзү да бизден көз каранды. Орусия өзү аткара албаган жумуштарын биздин жарандар жасап жатат. Экинчи жактан, Кыргызстан парламенттик республиканы Борбор Азияда биринчи жолу киргизип жатат. Албетте, буга Орусия каршы болот. Орусиядагы авторитардык режим Кыргызстандагы демократияны колдобойт. Парламенттик демократия жарабайт, бир эле президент башкарышы керек дегенди алар алдыга түртүп жатышат. Биз болсо президенттик башкаруу үй-бүлөнүн бийлигине алып келерин башыбыздан өткөрбөдүкпү.

Минтип кимдир бирөөлөрдүн жагып-жакпай, каалап-каалабаганына карабай Кыргызстан парламенттик жолду тандады. 10-октябрь - Кыргызстанда жаңы парламент үчүн добуш берүү күнү.

Р. Отунбаева добуш берүү күнүн утурлаган кайрылуусунда өлкөнүн жыйырма жылдык тарыхында биринчи жолу эркин шайлоо өтүп жатат, деп белгиледи. Шайлоодон кийин талаш маселелер орун алышы ыктымал экенин, бирок ал маселелер сот аркылуу гана чечилиши керектигин айтты.

Президент олуттуу себеби жок элди көчөгө алып чыгууга, же өлкөдө туруксуздукту жараткан дагы башка аракеттерге жол берилбей турганын эскертти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG