Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Акүй Гуантанамо түрмөсүн жаба албайт


Кубадагы АКШнын Гуантанамо түрмөсү.
Кубадагы АКШнын Гуантанамо түрмөсү.

Барак Обаманын мөөнөтү бүткөнчө Гуантанамо түрмөсү жабууга жетишпейт деп билдирди АКШ президентинин басма сөз катчысы Жош Эрнест:

-Гуантанамо түрмөсүн жабуу тууралуу максатыбызга аз күндө жетишебиз деп күтө албайм. Бирок бул биздин аракет кылбай койгондугубуздан эмес.

Гуантанамо түрмөсүн жабуу Барак Обаманын президенттик кызматка киришкендеги алгачкы жарлыгы болчу. Обама терроризмге айыпталып камалгандар АКШ аймагынан тышкары түрмөдө кармалып туруусу АКШнын эл аралык аброюна шек келтирерин айтып чыккан. Обаманын сегиз жылдык мамлекет башкаруусунда аталган түрмөдөн 198 киши башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө өткөрүлүп берилген. Жакында эле Оманга 10 киши берилген.

Конгресстин каршылыгына жана көпчүлүк өлкөлөрдүн терроризмге тиешеси бар жарандарын кайтарып алууну каалабагандыгына байланыштуу учурда Гуантанамо түрмөсүндө 36 киши кала берүүдө. Алардын ичинен 10 киши 2001-жылы 11-сентябрдагы жардырууга айыпталган.

XS
SM
MD
LG