Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Добуштар саналууда, алдыга 5 партия чыкты


Ушул сааттарга карата 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштардын 88,1 пайызы саналды.

БШКнын автоматтык "Шайлоо" системасынын маалыматы боюнча алдыда 8,67% менен “Ата Журт” партиясы келе жатат. Андан кийинки төртилтикте 7,98% менен Социал-демократтар партиясы, 7,1% менен “Ар-Намыс” партиясы, “Республика” партиясы 7,07%, “Ата мекен” партиясы 5,93% менен келатышат.

Бул жалпы 2333 шайлоо жайынын 2065инен алынган маалымат. Борбордук шайлоо комиссиясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы түшкө жуук маалым болорун билдирген. “Шайлоо” мамлекеттик автоматтык системасынын көрсөткүчүнө караганда, азырынча Ош облусунан жана Бишкек шаарынан толук маалымат келе элек.

БШКнын мүчөсү Мурадил Жаңжалбеков журналисттерге билдиргени боюнча “Ата Журт”, СДП, “Ар-Намыс”, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары бардык облустардан жана Бишкек, Ош шаарларынан талап кылынуучу 0,5% босогодон өтө алышты.

БШКнын маалыматы боюнча 2 млн. 836 567 шайлоочу бар. 5% тоскоолдон өтүү үчүн партиялар жалпы республика боюнча 141 828 добуш алышы керек. Ал эми аймактардан 0,5% тоскоолду өтүү үчүн Ош облусунда 2 997 добуш, Жалал-Абадда 2 487, Чүй облусунда 2 340, Ысык-Көл облусунда 1 173, Баткен облусунда 1 142, Нарын облусунда 777 добуш алууга жетишүүсү керек. Бишкек шаарында 1 703 добуш, Ош шаарынан 576 добуш, Талас облусунан 607 добуш алса болот. Бир эле аймактан 0,5% добушка ээ боло албай калган саясий партия парламентке өтө албайт.

Бүгүн Бишкекте бир катар эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо орун алган мыйзам бузуулар боюнча өз баасын берери күтүлүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурлан Шериповдун билдиргенине караганда, учурда он тогуз мыйзам бузуу факты боюнча административдик иш козголгон. Анын айтымында, негизинен мыйзам бузуулар Шайлоо кодексинин 49 жана 55-беренелери боюнча катталган. Тагырак айтканда “Шайлоо комиссиялары тарабынан мыйзам менен бекитилген жоболорду аткарбоо” жана “көмүскө материалдарды мыйзамсыз даярдоо жана таркатуу” беренелери боюнча иштер козголуп, эки факт боюнча эки кыргыз жараны кармалган.

XS
SM
MD
LG