Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Жеңилгендердин ызасы


Шайлоодон өтпөй калган партиялардын бир тобу бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоодо бурмалоого жол берилгенин айтуу ниетинде.

Бүгүн Нарында айрым шайлоочулар “Ата Журт” партиясынын шайлоодон алдыга оозуп чыкканына нааразылык билдирип митингге чыгышарын маалымдашты.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү болсо шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын расмий чечими чыга электе эле Коомдук сыналгыдан парламент депутаттарынын тизмесин байма-бай көрсөткөнүнө нааразылык билдире турган болушту.
«Шайлоо» мамлекеттик автоматташтырылган системасында парламенттик шайлоо боюнча алдын ала жыйынтыгы чыгып, шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болгон беш партия алдыда баратканы маалымдалууда.

Расмий бийлик жана эл аралык байкоочулар Кыргызстанда шайлоо таза, ачык, акыйкат өттү деген баа беришкени менен айрым жерлерде шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор бар.

Нарындагы нааразылык акциясы.7-апрель,2010-жыл.
Алардын бири Нарын шаарынын тургуну, «Ата Мекен» партиясынын облустагы координатору Адыл Эсенбеков:

-Эмнеге революция болду эле? Мурдагы “Алга Кыргызстан”, кийин “Ак жол” болуп түзүлгөн, эми “Ата Журтка” айланып чыга калган партиянын шайлоого катышканына нааразы болгон эл "мурдагыларды кайра башчылыкка алып келебизби" дешүүдө.

Адыл Эсенбеков белгилегендей шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон нарындыктар «Биз - Кыргызстан» деген кыймыл түзүп, нааразылык акцияларын өткөрүшөт.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул тууралуу маалыматы жоктугун, «Ата Мекен» партиясы кандайдыр бир нааразылык акциясын өткөрүүгө ниети жоктугун билдирди.

Ал эми парламенттик шайлоодо аз добуш алган бир катар саясий партиялар бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоодо бурмалоого жол берилгендигине, таза өтпөгөнүнө нааразылык билдире тургандыктарын «Акыйкат» партиясынан билдиришти.

Жооп күткөндөр

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров өздөрүнүн маалыматы боюнча парламенттик шайлоодон 5 пайыздык чектен өтүшкөнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күтүп жатышканын билдирди. Ал ошондой эле «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын борбордук штабынын нааразылык акция өткөрүү ниети жоктугун айтты.
Адахан Мадумаров.

- Партиянын борбордук штаб тарабынан кандайдыр бир акция өткөрүү боюнча маселе жок. Бирок жер-жерлердеги райондук, облустук комитеттер тарабынан абдан кыжырданууну жаратып жаткан маселе - Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы рамий чечими чыкпай туруп, эмне үчүн 120 депутаттын фамилиясын КТР, Биринчи каналдан кайра-кайра баса белгилеп айтып жатат? Биздин эсеп боюнча 5 пайыздык жалпы республикалык тосмодон өттүк. БШК эмнегедир жарыялабай жатат. "Эгерде ушинтип туура эмес, адилетсиз чечимдер чыга бере турган болсо өзүбүздүн пикирлерибизди билдиребиз",-деген ойлор менен мага кайрылышып жатышат.

Шайлоо алдында саясий партиялардын лидерлери чогулуп, жигиттик келишимге кол коюп, "эгерде шайлоо таза, акыйкат өтсө шайлоонун жыйынтыгын таанып, мыйзам бузуу менен акцияларды өткөрүүдөн баш тартабыз" деген мааниде макулдашкан болчу.

“Консенсус” коомдук корунун аткаруучу башчысы Данияр Нарынбаев шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилсе, же кандайдыр бир талаш маселелер болсо ар түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп, коомчулукка бүлүк түшүрбөй укуктук негизде чечүү зарыл деген ойдо.

- Мыйзамдарда абдан так, деталдаштырылып жазылган жоболор бар. Ошол жоболорго таянып, тиешелүү шайлоо комиссияларынын иерархиясы боюнча арызданып, ал болбой баратса сотко арызданганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Укук талаада башка жол жок. Демек ошол укутук жол менен бардык маселени чечиши керек.

"Ынтымак жогору турат"

"Ак шумкардын" лидери Т.Сариев шайлоодо добуш берүүдө. 10-октябрь, 2010-жыл.
«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев парламенттик шайлоо тууралуу видео кайрылуу жолдоп, «Ак шумкар» партиясы шайлоого мамлекет жана эл үчүн болгон жоопкерчиликти толук билип барганын белгиледи.

Ал шайлоодо кээ бир партиялар одоно мыйзам бузууларга, шайлоо күнү шайлоочуларды сатып алууга жана бюллетендерди ыргытууларга барышканын айтып, “Ак шумкар” партиясы прогресстин жана биримдиктин партиясы болуп эсептелерин, шайлоо жыйынтыктарын талашпай жана нааразычылык акцияларын колдонбой тургандыктарын билдирди.

ЕККУнун учурдагы төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев Кыргызстан элинин кайраттуулугун жана даанышмандыгын бааларын, парламенттик шайлоодон кийин тынчтык жана бейпилдик сакталып каларынан үмүт артаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG