Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Шайлоо алдындагы маанай: үмүт чоң, тилек күч


Шайлоочулардын добушу үчүн ат салыш канчалык күчтүү болот?

Шайлоочулардын добушу үчүн ат салыш канчалык күчтүү болот?

10-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо коопсуздугу тууралуу ар кыл божомол-жоромолдор айтылууда. Жаздан берки кагылыш-сүрүлүштөн жүрөкзаада болгон көпчүлүктү кооптонткон маселе күч кызматтарынын шайлоону тынч өткөрүүгө буямасы келеби суроосу болууда. “Азаттыктын” тегерек үстөл талкуусу мына ушул маселеге арналды.

Талкууга катышкандар:

Саясат таануучу Кубан Өмүралиев

Укукчу Сапар Аргынбаев

Оштон адис Уран Ботобеков

Бишкектен Борбордук шайлоо комисссия мүчөсү Жеңиш Акматов

“Азаттык”: “Шайлоо өтпөй калышы мүмкүн, шайлоодо андай-мындай болушу мүмкүн” деген толгон-токой камтама ойлор айтылып атат. Анын себеби деле белгилүү. Мына жаздан бери Кыргызстан саясий жактан туруктуу абалга келе албай жатат. Сапар мырза, алдыдагы парламенттик шайлоодо коопсуздук маселесинин өзгөчө козголуп жатышына чын эле реалдуу себептер барбы, же бул кезектеги эле кайсы бир саясий күчтөрдүн упай топтоо амалыбы?

Сапар Аргынбаев: Мунун орду бар. Ордунун түбүндө отургандар бүгүнкү бийлик, бүгүнкү бийликтин арасында криминал, криминал менен бийлик бир болуп алгандан кийин мунун ичинде чыр-чатакты дагы ырбатып ийгенге күчтөр бар. Аны менен эсептешиш керек болуп атат.

“Азаттык”: Кубан мырза, алдыдагы шайлоонун өтүшү жөнүндө ар кыл камтама ойлордун айтылышы, чочулоонун пайда болушу бийликтин криминал менен аралашып кетүүсүнөн болуп атабы, же башка да себептери барбы?

Кубан Өмүралиев
Кубан Өмүралиев:
Бир эмес, 2-3 себептери бар. Биринчи себеби, бул апрелден кийин, анан июнь, майдагы түштүктө болгон коогалаңдан кийинки абал туруктуу болбой атпайбы. Өзгөчө түштүктө коменданттык сааттын алынып салынышы, кечээки чек арадагы биздин чоң офицерлерди ары алып кетиши, ушунун баары эле коомчулукту тынчсыздандырып атат. Бул элдин оозунда эмес, көзгө көрүнчү нерсе болуп атат.

Дагы “өзгөчө азыркы шайлоого аттанган бүт партия курал жарак менен өзүнчө отряддарды түзүп атат” деп айтылып атат. Анын баары айтылып атат, бирок кээ бирөө көзгө көрүнүп да калып атат, жан сакылары менен жүрүүдө. Өкмөттө жүргөндөр мейли. Ал эми партиянын лидеримин дегени 1-2 эмес, 5-6 жан сакчысы менен жүрөт. Анан мунун баары бир жерден жолугуп калып, бири-бири менен уруша кетсе кандай болуп калат деген да ой бар. Мисалы, “мен саясат таануучумун, экспертмин” деп көбү эле далилсиз көп нерселерди айтып жүрөт. Жалпы маалымат таратуучу, телеканалдар 1-канал аркылуу, же гезиттер аркылуу айтылып жүргөндөр такталбаган материалдар да бар. Бирок негизи айтып келгенде коопсуздук маселеси бар.

Уран Ботобеков: Элдин арасында маанай ар кандай. Бирок кандайдыр бир кооптонуу, туңгуюк, коркуу сезими ачык эле көрүнүп турат. Эртеңки шайлоонун жыйынтыгы боюнча элдин арасында кандайдыр бир чыр-чатак чыгып кетпейби деген маанай бар элде. Түштүктүн ар кайсы район, айылдарында саясий партиялар өздөрүнүн үгүт иштерин 10-августка чейин жүргүзкөнү көрүнүп турат. Штабдары ачылган, Кыргызстанда активдүү саясий партияларынын штабдары жолдун боюнда көрүнүктүү жерлерде ачылып турат.

Партиялар арасында этикалык кодекс тууралуу сөз болуп атпайбы, ал тууралуу элде анчалык деле түшүнүк жок. Бирок элдин арасында азыр шайлоодон пайдаланып кандайдыр бир чатак чыгарып жиберет дегендей кооптонуу сезим бар. Мисалы, кечээ Оштун кээ бир жерлеринде ар кандай топтор чогулуп атат деген, бир жерде ок атыптыр деген сөз бар, дагы бир жерде күчтөр элди кайрадан чыгарат экен деген сөз бар. Айтор, ачык көрүнбөсө да кандайдыр бир кооптонуу сезими элдин арасында бар экени ачык эле көрүнүп турат. Эл азыр тынчтык дегенеде эки көзү төрт болуп турат.

Сөз бербе, бергенден кийин артка теппе!

“Азаттык”: Сапар мырза, буга чейин саясий партиялар өзүнчө этикалык кодекс милдеттеме алышты эле. Ушуга ишеним барбы?

Сапар Аргымбаев
Сапар Аргымбаев:
Кол койгондон бери эки жумадай өттү. Элдин арасында жүрөбүз, ошондо ооз ачмай, кайсы жерде позициясы начар партиялар болсо, бүгүнкү күндө угуп атабыз, кичине тыйын-тыпырын беришип, штабдарына көп акча беришип, алар эл арасында чыгып, үгүттөө бүгүн эле башталды. Ал жерде “таза өткөрөбүз, кара пиарды көрсөтпөйбүз” делген. Бүгүнкү күндө ошол болбой атат. Элдин деле маанайын көрүп турушат да. Кагазга кол коюп берсек, эл тынчып турар бекен, түшүнөр бекен деп жазылды эле. Кийин ошону сактайбы, сактабайбы бул 10нан 20сына чейин эле билинип калат. Кийин уттурган партиялар мойнуна алып, тигилер менен кол кармашып, силер уттуңар эле, куттуктайбыз дегенине көзүм жетпей турат.

“Азаттык”: Кубан мырза, этикалык кодекс чындап эле жеңишке жеткендин жеңишин таануу, утулуп калган өзүнүн каршылык акциясын жасабашы керектиги, шайлоонун мыйзам негизинде таануу маселеси коюлган эле. Мына ушул этикалык кодекс кайсы бир деңгээлде коомго таасирин тийгизе алабы?

Кубан Өмүралиев: Бүгүн өткөн тегерек үстөлдө Роза Отунбаева өз сөзүндө айтып атпайбы, эгерде ушундай шайлоого карата өтө курч маселеси - коопсуздук турса, биз чукул кырдаал киргизебиз деп. Бул деле өзүнчө индикатор, коопсуздук боюнча бийликтин да кооптонуп турганы. Биринчиден, оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Бир чети азыркы кезде мыйзам иштебей атканда, өз алдынча алган кодекс кандай иштейт – бул башка кеп. Бирок биз ушул боюнча эле жүрө бербейбиз да. Биз да Батыш өлкөлөрдөй таза шайлоо, шайлоодо бири-бирин таанып турганы, утканды куттуктап дегендей, биз ушуга жетишибиз керек. Бул кодекстин өзү кол коюп, инициатива чыгарганын колдошубуз керек. Ушинтип башталат бардык нерсе. Бул кандай аткарылат - башка кеп.

Жеңиш Акматов: Ош окуясын айтсак, мына Бишкекте канча деген митингдер болуп атат. Бул жерде милиция байкоочу катары болуп атат. Ошол окуялардан кийин эле эл арасында милиция, тартип коргоо органдарына көп ишенич болбой, бир нерсе чыгып кетсе эле бул массалык түрдө болуп кетет деген коркунуч болуп атат.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, саясий партиялар этикалык кодекс кабыл алышты. Мына ушул этикалык кодекстин натыйжасы болушу мүмкүнбү?

Жеңиш Акматов
Жеңиш Акматов:
Этикалык кодекске кол койгондо мен да ошол жерде күбө болуп БШКнын атынан катыштым эле. Ошол жерден биздин көптөгөн эл арасына аты чыккан авторитеттүү партиянын бардыгы эле катышты. Ошол жерде «Эл кеңеши» деген партиянын мүчөсү Роза Нурматова деген эже жакшы сөз айтты, жигиттер жигитче кол коюп атасыңар, эми шайлоо бүткөнчө жигиттей болгула деп. Мен да айтат элем, эгерде лидерлер партиянын жалындуу сөздөрүн кол коердун астында абдан патриоттук, кыргыз элинин келечеги, мамлекеттүүлүк жөнүндө абдан кооз сөздөр айтылып кол коюлган. Эгерде партиянын лидерлери биринчи орунга чын эле өзүнүн амбицисын эмес, кыргыз элинин келечегин, биздин мамлекеттүүлүктүн келечегин койсо анда жакшы өтүш керек. Бирок мен ошондой болушуна күмөнүм чоң болуп турат.

Сапар Аргынбаев: Аны биз жалпы эл жакшы ой менен тосуп алдык, күтөбүз. Бирок азыр мыйзам иштебей атса, болгон мыйзамды мыйзамдай көрбөсө, мен ойлойм, сотторду, прокуратуранын өкүлдөрү барып ошол жерге кол коюп берсе, прокурор, соттун үстүндө таза шайлоо өткөрсө, биз да өзүбүздүн кошумчабызды кошуп беребиз, сот аркылуу биз да өз күчүбүздү көрсөтөбүз десе анда болот эле. Бирок бүгүнкү күндө элдер сотко ишенбей атса, азыркы прокуратура мурунку прокуратурадай эле болуп турса, мен көп ишенбей турам.

“Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет...”

“Азаттык”: Биздин буга чейинки өткөн шайлоонун эң негизги кемчилиги, мүчүлүштүгү бул административдик ресурстун колдонулушу, бийликтин өз күчүнө таянып, өзү каалаган жыйынтыкка келиши болчу. Бул ирет болсо ачык, мыйзам негизинде, атаандаштыктын негизинде шайлоо өткөрүү милдети коюлуп жатат?

Кубан Өмүралиев: Акыркы 4-5 шайлоо ар кандай административдик ресурсту колдонуу менен өтүп келди, анын жыйынтыгы эмне болгону баарына маалым. Бирок мен ишенгим келет, ушундай болот деп ойлойм, идеалдуу эч нерсе жок. 100 пайыз таза болбосо да көпчүлүк таза шайлоо өткөрүүгө азыр мүмкүнчүлүк бар. Анан жана айтып өткөндөй, эски адаты боюнча, чынын айтканда, көзгө да көрүнүп турбайбы, Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн партиясындагы адамдар шайлоого барбай, кызматтарында калды. Ошонун ичинде кээ бир губернатор, министрлер бар. Булар кандай болгон күндө да, шайлоого катышпайт деген күндө да тымызын катышуу болот. Муну жашырыштын кереги жок, бул көрүнүп эле турган иш да. Бирок башка жаңы катышып аткан күчтөр, кээ бир саясий партиялар, эл ушуга жол бербейт. Эгер дагы бир жолу ушундайга жол берилсе, анда бизде оңолуу деген үмүт жоголот деп ойлойм.

“Азаттык”: Сапар мырза, дегеле шайлоо өткөрүүнүн жол-жоболору баары эле сакталып, бирок теңирден тескери жыйынтык чыгат. Азыркы шартта калыс, ачык, так шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк барбы?

Сапар Аргынбаев: Оппозицияда БЭКтин мүчөсү болуп жүргөндө, оппозиция кыйналып жүргөндө, Бакиевдин структуралары күчтөнүп атканда, кайсы программа, элге кайсы дем менен чыгабыз дегенде, мен айттым эле, Бакиевдер административдик ресурс аркылуу келип алып ушуну кылып атат, ушул жерде биз бийликке келсек административдик ресурсту колго албайбыз, ошону менен иштебейбиз деп элге жарыялап, БЭКтин оозубуздан чыккан сөз болсун деп сурандым эле. Тилекке каршы андай болгон жок, укпагандай болуп калышты. Ошондо ичимден бир ой болуп калды, административдик ресурс бийликке келгенге өзүнчө бир байлык болуп атат. Бүгүнкү күндө административдик ресурсту колдогон кишилер бар, анын арасында чиновниктер, партиялардын лидерлери да бар.

Бирок бүгүнкү күн кичине башкача. 14-15 партия келсе, анын мүчөсү кеңешчи үнгө укугу болот, 15 байкоочу болот. Башкача айтканда, жергиликтүү бийликтер күчтүү болуш керек. Жергиликтүү бийликтер элдин үстүнө үстөмдүк болуп күчүн көрсөтүп турса, мүмкүн административдик ресурс оңой эле өтүп кетет эле. Бүгүнкү күндө мен эл ушундай акыбалда, ызаланып турган элге административдик ресурсту көрсөтсө, мен ойлойм, чоң чатакка айланып кетет. Эл кайра ишенбейт, анда кайра нааразычылык болот. Анын түбүндө эмне жатат аны өзүңөр билесиңер.

Өлкө бир, келечек бир

“Азаттык”: Жеңиш мырза, көпчүлүк партиялардын кайсы бир аймакта гана таасири күчтүү, экинчи жакта таасири анчалык болбогондугу бул өлкөнүн коопсуздугуна, бүтүндүгүнө залакасын тийгизбейби?

Жеңиш Акматов: Андай коркунуч бар. Биз өзүбүздүн иш боюнча өлкөнүн бардык региондоруна чыгып эл менен жолукканда “бул партияны тиги жакта өтөрбөйбүз, же тиги партияны бул жакта өткөрбөйбүз” деген бар экени чындык. Аны жашырууга болбойт. Мындай тенденция болуп жатат. Бир региондон алалбай калып эле, биздин 0,5 пайыз деген да роль ойноп кетиши мүмкүн. Бир региондон бир партия абдан көп добуш алып, ал эми башка региондон 0,5 алалбай оюндан жыдып калса, мында дагы бир чырдын очогу болушу ыктымал.

“Азаттык”: Кубан мырза, сиздин пикириңиз кандай? Себеби айрым партиялар кээ бир жерлерде абдан активдүү, элдин арасында кадыр-баркы чоң. Ал эми экинчи жерге келгенде кээде кубаланып кетип атат. Ушул жагынан алганда партиялардын арасында кайсы бир аймактын, же кайсы бир топтун үстөмдүгү өлкөнүн ичиндеги саясий абалга өзүнүн таасирин тийгизбейби?

Уран Ботобеков
Кубан Өмүралиев:
Таасири тийиши мүмкүн. Себеби сиз белгилеп өткөндөй болбодубу 1-2 жерде. Азыр өзү да көрүнүп калды. Өзгөчө аймактык болуп, лидерлердин арасында тизмеде бирден бешинчи гана бюллетенде көрүнөт да. Бирок аракет болду бардык аймактык балансты кармаганга. Бирок ошол эле мезгилде ким кайсы аймакта, кандай иш жүргүзүп атат, азыр көрүнүп-билинип турат. Бирок мен ойлойм, биздин эл акылман эл, муну орусча айтканда, бир кучка, партиянын жетекчилери эле чече бербейт да. Ошон үчүн эл да ойлонуп, таза ою менен үнүн угузуп, өзүнүн добушун берсе, мен ойлойм, биз мындан да өтүп кетебиз.

“Азаттык”: Сапар мырза, бул жагынан алганда партиялык шайлоо өлкөнүн азыркы учурдагы абалына терс таасирин тийгизбейби?

Сапар Аргынбаев: Конституцияны түзүп атканда көп сөз болду эле, ошону көрүп-укканбыз, бүгүнкү күндө ошонун чети чыга баштады. 2007-жылы ошондой эле күчтүү партиялар регионго келгенге шайлоо комиссияга, байкоочу кеңешке кишилерин табалбай жүрүшчү. Үч жыл өттү. Эми региондордо мүчөлөрү бар, деңгээли өйдө болгон партиялар бүгүнкү күндө болгон жок, тилекке каршы. Кичине шашылыш болуп кетти. Болгон иш болду. Эми үмүтүбүздү үзбөйлү. Эми келет.

Эң бир чоң суроо турат, макул келишсин, бир партиядан 30, бир партиядан 25 киши болуп 125 киши болуп алыптыр. Ошол 125 киши бир сөзгө келе алышабы? Келгенде, мына алдыбызда элибиз турат, сары майдай жүрөккө тийген проблемалар турат. Ошолорду чече алабызбы дегенге бириге алышабы? Бириге алышса анда буларга эстелик коюш керек. Ал эми бириге албай биздин тобубуз кыйын, мен кыйынмын деп топ-топко бөлүнүп алып тепкилешип кирсе, анда мен ойлойм, көпкө чейин барбайт.
XS
SM
MD
LG