Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Партиялар жарышынын алгачкы жыйынтыктары, коалициялык өкмөт түзүү шарттары саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды.

Талкууга катышкандар:

“Ата Журт” партиясынан Абибулла Абдугапаров, “Ар-намыс” партиясынан Акылбек Жапаров, “Ата Мекен” партиясынан Равшан Жээнбеков, Социал-демократтар партиясынан Чыныбай Турсунбеков.
Ата Мекен” партиясынын тилегине каршы парламенттик системаны эмес, мамлекетке күчтүү президенттик бийлик системасын киргизебиз деген партиялар бийликке келип атышат.


“Азаттык”: Ошентип Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу парламенттик башкарууну камсыздай турган парламенттик шайлоо өттү. Анын кандай өткөндүгү тууралуу дагы көп жолу талкууланат, кудай буйруса. БШК ким алдыга чыкканы тууралуу али акыркы тыянак чыгарып бүтө элек. Мамлекеттик автоматташтырылган системанын менин колумда турган акыркы маалыматы боюнча добуш берген шайлоочулардын 79 пайыз каралып бүткөн экен. 5 пайыздык чектен өткөн партиялардын катарында “Ата Журт”, КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” партиялары болуп атышат. Акыркы тыянак чыга электиктен биз азыр тигил, же бул партияны жеңүүчү катары атай албайбыз. Ошондуктан алдыга жылып, жакынкы келечекти талуулайлы деп турабыз. Акыркы тыянакты эске алганда бир партия алдыга чыгары, албетте, күмөн. Бул өз кезегинде коалициялык өкмөт түзүүнү шарттайт экен. Мына сиздер башында турган партиялар беш пайыздык чектен өткөн партиялардын катарында туруп атат. Сиздин партия коалициялык өкмөт түзүүгө даярбы?

Абибулла Абдугапаров: Биз азыркы мезгилде тагдыр чечүү учурунда турабыз. Кудайга рахмат, агитация мезгили да негизинен тынч өттү, добуш берүү процессинде анча-мынча укук бузуучулук, кемчиликтерди албаганда тынч өттү деп эсептейм. Ошону менен бирге “Ата Журт” партиясы кайсы партия менен коалицияга барат, кандай алдын ала иштерди жүргүзөт, биз бул маселени азыр саясий кеңеште сүйлөшө элекпиз.

“Ата Журт” партиясынын жекече эч кандай партиялар менен карама каршылыгы жок. Менимче саясий кеңеште чече турган болсок, өткөн партиялардын кимиси менен болсо да коалиция түзүп, эл үчүн иштегенге мүмкүнчүлүк бар.

“Азаттык”: Акылбек мырза, “Ар-намыс” партиясы коалиция түзүүгө даярбы, даяр болсо кимдер менен түзүшү мүмкүн? Коалициялык өкмөт түзүүдө алдыда кандай кыйынчылыктар күтүп жатат?

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров:
Биринчиден, шайлоочулардын баарына ыраазычылык билдирип коюу керек. Буйруса таң да атып, шайлоо да тынч өттү окшойт. Беш пайыз барьерден өткөн өзүбүздүн коллегаларды, партияларды шайлоочулардын атынан жана өзүбүздүн атыбыздан куттуктап коелу. Ким канчанчы орун алганын шайлоо бүткөндө тастыкталып, БШКдан жыйынтыгы чыгат деген ой-пикирдебиз.

Ал эми коалиция жөнүндө айта турган болсок, дебатка барганда дагы мен айттым эле, 5 пайыз барьерди басып, элдин сынагынан өткөн партиялардын баары менен коалиция түзүүгө даярбыз. Бирок эки агым белгиленип калды окшойт. Социалисттик деген атты көтөргөн эки партия өтүп атат. Ал эми экинчи тарапта болсо рынок шартында иштеп кетебиз деген өзүнүн программаларын даярдап, аны менен элге чыккан дагы 2-3 партия болуп жаткандыктан, эгерде чыныгы парламенттик республика курабыз десек, ушул программанын негизинде шайлоочулар бизге добуш берди десек, анда мен ойлоп атам, ушул программаларды көрүп, карап, коалиция түзүлүшү мүмкүн.

Ал эми “Кыргызстанды сактап калабыз, өзүбүздүн дымагыбызды ичибизге катабыз, тынччылык алып келели, финансалык-экономикалык-банктык кризистен арылалы” десек, анда парламентке келген партиянын баары эле бир коалиция болуп, ушул коркунучтарга туруштук берет го деген ой-пикирим бар.
Партия мүчөлөрү да, депутатка бара турган азаматтарыбыз да саясатта такшалган, билим деңгээли, маданияты жогору кишилер.


“Азаттык”: Сизге бул жерде бир топ талдоочулар азыркы учурда шайлоого келген партияларды реваншчылар жана болжолдук шарттуу түрдө революциячылар деп экиге бөлүп атышат. Ошол революциячылар деген партиялардын катарында азыр Социал-демократтар менен “Ата Мекен” партиясы турат.

Равшан Жээнбеков: Мен ойлойм, келечекте коалиция түзүү эки багытта өнүгөт. Биринчиси, Акылбек мырза айтып кеткендей, бул үч партиянын коалициясы болот. Себеби үч партия бири-бирине жакынырак жана үч партия революциячыл партияларга мүмкүн кошпостон туруп коалиция түзгөнгө аракет кылышат. Экинчи жол бар – кеңири коалиция – бүт бардык партиялар биригип, мамлекеттин азыркы кыйын абалын эске алып, чогуу өкмөт түзөбүз деп алдыга жылуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эки багытта өнүгүшү керек.

Саясий дымак күчтүү

“Азаттык”: Чыныбай мырза, айтсаңыз, коалициялык өкмөт түзүүдө кандай кыйынчылыктар күтүп турат алдыда?

Чыныбай Турсунбеков: Биринчиден, биздин партиянын атынан биздин шайлоочуларга ыразычылыгымды билдиргим келет. Экинчиден, алдыда эң чоң маселе – жаңы шарттарда иштешип кетүү маселеси турат. Жогоруда айткан Акылбек жана Равшан мырзага кошулам, ошол эки жолдун бирөө бизди күтүп турат деп ойлойм.
Чыныбай Турсунбеков.

“Азаттык”: Талдоочулар реваншчылар, революциячылар деп айтып жатышат. Кандай партиянын катарында болсоңуздар да сиздер утулууга даярсыздарбы деген суроо туулуп атат. Бүгүнкү күндө азыр беш партия беш пайыздык барьерден өттү деп атат. Ошол эле мезгилде акыркы жыйынтык кандай болорун эч ким билбейт. Ошол эле мезгилде сиздерге кайрылып сурагым келип атат, биз сурамжылоо жүргүздүк, эл болсо бир эле мезгилде тынчтык үчүн, стабилдүүлүк үчүн деп добуш беришти. Ошол негизден алып караганда бүгүн жеңилүүгө саясий партиялар даярбы?

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча, бул менин жанымда отурган эки партияга тиешеси жок. Бул “Ата Мекен” партиясына тиешелүү суроо. Анткени бүт бардык саясий изилдөөлөр, сурамжылоолор боюнча “Ата Мекен” партиясы биринчи орунду ала турган партия эле. Бирок, тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондуктан биз партиянын ичинде кеңешип, ушундай ойго келдик, кайсы бир жерде күчтүү мыйзам бузуулар боло турган болсо, биз алар боюнча сөзсүз түрдө териштирүүлөрдү жасайбыз. Бирок жалпысынан демократия деген ушул, биз көпчүлүк элдин ишенимине, эркине баш ийебиз. Бул чечимди кабыл алууга туура келет.

“Азаттык”: Мен ушул эле суроону “Ата Журт” партиясына бергим келет.

Абибулла Абдугапаров: Биринчилерден болобуз деген бизде үмүт бар. Иштелип чыкпаган аз эле пайыз калды. Ошол жерден башкача болуп кете турган болсо, ар ким өзүнүн алган добушуна карата аракетине баа берет.

“Азаттык”: Мисалы, “Ата Журт” партиясы, маселен, элди көчөгө чыгарып, шайлоочуларга өз укугун коргоого жардамдашуу аракетин көрөбү, же жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн элди жоошутууга аракет кылабы?

Абибулла Абдугапаров:
Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы элдин көчөгө чыгарууда эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы таза, адилеттүү шайлоо өтүшүндө турат. Эгерде добушту уурдап алып, жасалма түрдө “Ата Журттун” добушун ылдыйлата турган болсо биз чыгарбайбыз, эл добушун коргоп өзү чыгат.

Экинчиден, серепчилер кайсы негиз менен реваншчылар деп айтып атышат, ал мага белгисиз. Реваншчылык үчүн биз катышпай атабыз, Конституциянын негизинде ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу деген принцип боюнча биз катышып атабыз, бийликке келип, элге кызмат кылуу үчүн биз катышып атабыз. Ал эми реванштык деген сөздү серепчилер өзүнө калтырса деле болот. Бакиевдин аракетине оппозиция да, позиция да бардыгы өзүнүн деңгээлине, моралдык сапатына, өзүнүн ой жүгүртүүсүнө, ички дүйнөсүнө карата баа берип алыш керек.

Жеңилгенди да билүү керек

“Азаттык”: Жеңилип калсаңар, КСДП жеңилүүгө даярбы?

Чыныбай Турсунбеков: Мен дайыма кайталап айтып келем, бардыгыбыз жеңгенге да, жеңилгенге да даяр болушубуз керек. Жеңилгенден трагедия чыгаруунун эч кереги жок, жеңгенден адыраңдап кетүүнүн да кереги жок.
Үч партиянын коалициясы болот. Себеби үч партия бири-бирине жакынырак жана революциячыл партияларга кошулбастан коалиция түзгөнгө аракет кылышат.


“Азаттык”: Жеңилүүнү сиз кандай түшүнөсүз, нааразылыкка чыккан, өз укугун, өз добушубузду коргойбуз деп чыккан шайлоочуларды колдообу, же жалпы стабилдүүлүк үчүн күрөшүүбү?

Чыныбай Турсунбеков: Биринчи кезекте албетте элдин тынчтык маселеси турат. Албетте кандайдыр бир тартип бузуулар болсо биз аны мыйзамдын гана чегинде коргойбуз.

Акылбек Жапаров: Биз баарына даярбыз. Бирок эсептин так болуусун БШКдан суранып кетет элек. Ушул кишилер да шайлоочулар азгырылбагандай, алар да бул дүйнөдө бийликке азгырылбай, кудайдан корксо анда баары тынч бүтөт.

“Азаттык”: Парламенттик башкаруу деген өзү Кыргызстан эмес, Борбор Азияда биринчи жолу ушундай системасына өткөн, топ жарган өлкө катары эсептелип жатат. Ушундай жагдайда, бүгүнкү шартта өтө жаңы нерсени баштоо кыйын. Коалициялык өкмөт түзүүдө Украинанын тартиби, мыйзам бузуу дебейбиз, ошол жолу кайталанбаш үчүн эмне кылыш керек? Сиздер кандай чечимдерге, кадамдарга барасыздар? Мисалы, кандайдыр бир топторго, же лидерлердин алдыга чыккан партиялардын лидерлерине баш ийүүгө мүмкүнчүлүктөр жетишеби? Чыр чатаксыз алдыга жылып кетиш үчүн эмне кылыш керек?

Абибулла Абдугапаров: Менимче, партия мүчөлөрү да, депутатка бара турган азаматтарыбыз да саясатта такшалган, билим деңгээли, маданияты жогору кишилер. Алар жекече амбицияга алдырбастан, бир-бири менен макулдукка келип, элдин кызыкчылыгы үчүн ынтымакта иштешет го деп эсептейм. Андан кийин Баш мыйзамыбыз да жакында эле кабыл алынган. Бир гана Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлик эмес, аткаруу бийлиги, президент, сот бийлиги, бардыгы эриш-аркак болуп биргелешип, ынтымакта иштешүүгө милдетүү. Ошондуктан эгерде талаш болсо, конструктивдүү талаш болуп, ал эми жекече ар ким өзүнүн бири-бирине болгон көз караштарын ооздуктап, биргелешип иш алып барат го деген үмүтүбүз зор.

“Азаттык”: Буга чейин шайлоо жараяны жүрүп жатканда сиздин партиянын лидерлери эгер биз жеңишке жетишсек, конституциялык түзүмдү кайра өзгөртүп кайрадан президенттик башкарууга барабыз дегенсиздер. Бул көз карашыңыздар кандай болот, кайрадан мыйзамдык талаада ызы-чуу башталбайбы?

Абибулла Абдугапаров: Айтканы туура. Бирок айрым саясий кеңештин мүчөлөрү, талапкерлери айтышкан, ал маселе саясий кеңеште каралып, элдин пикири көңүлгө алынып, ушул маселе боюнча адистердин корутундулары эске алынып, бул маселени топтошуп туруп чечебиз. Азыр мен жекече тигиндей-мындай болот деп айтканга эрте, мен бул маселени өзүм айта албайм.

Кыргызстан Борбор Азияга үлгү боло алабы?

“Азаттык”: Мен ушул эле суроону “Ар-намыс” партиясына да бергим келип жатат. Себеби азыр “Ар-намыс” партиясы Орусиянын башкы партиясы менен өнөктөш партия катары кызматташып жатат. Ал эми Орусия болсо президенттик башкарууну жактаган өлкө. “Ар-намыс” партиясы эгерде бийликке келип коалициянын курамына кирсе, же болбосо башына келип калса, кандай аракеттерди көрөт, чын эле Конституцияны өзгөртүүгө барышы мүмкүнбү?

Акылбек Жапаров: Буйруса деп атабыз. “Азаттык” радиосуна бир топ кишилер аябай ишенишет. Биринчи орунда баланча партия делип калынды. Биз “Республика” партиясы менен чогуу өзүбүздүн социалдык анализдерибизди, протоколдорду эсептеп чыгып атабыз. Дагы бир жолу айта кетейин, муну БШК тактап бүтөт.
Бакиевдин аракетине оппозиция да, позиция да бардыгы өзүнүн деңгээлине, моралдык сапатына, өзүнүн ой жүгүртүүсүнө, ички дүйнөсүнө карата баа берип алыш керек.


Ал эми биздин көз карашыбыз боюнча, башында эле билдиргенбиз, тилекке каршы, бизди эч ким уккан жок. Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу керек. Бул боюнча өзүбүздүн ой пикирибиз да даяр. Мыйзам ченемдүү, элди алып чыкпай эле, бирок парламенттин укуктарын колдонуу менен бирге мыйзамдын чегинде ушул талабыбызды биз ишке ашыралы деген ой-пикирибиз бар. Мына 14 киши башкарабыз деп бюджеттин тартыштыгын 28 млрд. сомго чейин жеткирип койду, банк системабыз кризиске келип калды. Башкарып аткан кишилерибиздин баары бул жактан, тиги жактан миллиондогон долларды уурдап атат.

“Азаттык”: Жаңы кабыл алынган Конституция өзү парламенттик-президенттик башкарууну көздөгөн Конституция да. Бул жерде сиз кандай айырмаларды көрүп турасыз?

Акылбек Жапаров: Юридикалык жагына мен киришпей эле коеюн, бирок жарыяланганда парламенттик болуп калды. Бирок өзүнүн түзүлүшү, укуктары боюнча бул президенттик-парламенттик республика болуп калды. Мунун ишке ашуусун эми кудайдан, аны келечекте көрөбүз.

“Азаттык”: Бул жерде парламенттик башкаруу системасын киргизүүнүн демилгечилеринин бири “Ата Мекен” партиясы. “Ата Мекен” партиясы өздөрүнүн идеяларын ишке ашыруу үчүн азыркы учурда кандай аракеттерди көрүшү мүмкүн? Эгерде коалициялык өкмөт түзүү демилгеси келип, мүмкүнчүлүк түзүлүп калса өз идеяңызды коргош үчүн сиздер кандай аракеттерди көрөсүздөр?

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков:
Биздин “Ата Мекен” партиясынын тилегине каршы бүгүнкү күндө негизги элдин добушун парламенттик системаны колдогон партиялар эмес, тескерисинче, мамлекетке күчтүү президенттик бийлик системасын киргизебиз деген партиялар бийликке келип атышат. Ошондуктан биз келечекте мамлекеттин башкаруу системасы кандай болорун айта албайбыз. Бирок өзүбүздүн көз карашыбызды, мурда карманган идеябызды алдыга жылдырабыз. Эгерде катуу президенттик башкаруу системасын киргизебиз деген ойлор боло турган болсо, анда биздин партия бул идеяга каршы турабыз.

“Азаттык”: Социал-демократия партиясы албетте парламенттик башкарууну жактаган партиялардын бири болуп эсептелет. Сиздердин аракеттерди билгибиз келип атат. Сиздер коалиция түзүүдө кандай аракеттерди көрүшүңүздөр мүмкүн, эгерде коалициянын ичинде бийликке келип калсаңыздар?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте биринчи кезекте парламентке өткөн партиялардын ич ара кеңеши болот деп ойлойм. Ошол кеңештин натыйжасы көрсөтөт. Азыр бир нерсе айтыш кыйын, анткени бардык нерсе жеке эле биздин партиялардын көз карашына эмес, керек болсо партиялардын лидерлеринин өз ара мамилесине байланыштуу болушу ыктымал. Көп нерсени азыр айтыш кыйын. Менимче, шайлоонун жыйынтыгынан кийин баарын айтса болот.

“Азаттык”: Рахмат.

Шайлоо бекетинен тасма

Кыргызстандын бардык аймагында 2289, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо түйүнү түзүлгөн. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 836 миң 567 киши киргизилген. (MiT)

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG