Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Шайлоо мөөнөтү жарыяланар саат жакын


Парламенттик шайлоонун мөөнөтү бүгүн-эртең жарыяланып калышы мүмкүн. Бул жөнүндө БШКнын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, шайлоо жарыяланган күндөн тартып беш күндүн ичинде шайлоого катыша турганын партиялар БШКга жазуу жүзүндө билдириши керек.

- Шайлоо кодекси боюнча партиялар тизмени түзүүдө кандай талаптар сакталышы керек?

Акылбек Сариев: Биринчиден, шайлоо жарыяланган күндөн тартып БШКга беш күн ичинде ар бир партия шайлоого катышабыз деген билдирүүнү жазуу түрүндө жасаш керек. Бул негизги шарт болуп эсептелинет. Ал эми тизменин түзүү тартиби боюнча азыркы кодекске кайрылсак, ал жерде эркек, аял деген өзүнчө катар кеткен, башка улуттун өкүлдөрү жана жаш курагы боюнча ченемдери бар. Ошондой катташ керек.

- Кодексте булар эч кандай өзгөрүүгө учураган жокпу?

Акылбек Сариев: Азырынча өзгөртүүгө учураган жок, кодекстеги тартип менен эле барабыз.

- Шайлоонун мөөнөтү качан жарыяланат?

Акылбек Сариев: Аны президент жарыялаш керек. Буга чейинки президенттин администрациясынан айтылган маалымат боюнча бүгүн-эртең жарыяланып калышы мүмкүн. Азырынча бизге ал билине элек.

- Эгерде бүгүн-эртең жарыялана турган болсо жергиликтүү шайлоо комиссияларын түзүү качан башталат?

Акылбек Сариев: Эгерде бүгүн-эртең жарыяланып калса, райондук, шаардык комиссиялар 10 күндүн ичинде түзүлүш керек. Участкалык комиссиялар болсо добуш берүүгө 4 күн калганга чейин түзүлөт.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG