Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Парламенттик шайлоого старт берилди


Кыргызстанда шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны бул жылы өзгөчө көп
Кыргызстанда шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны бул жылы өзгөчө көп

Кыргызстанда парламенттик шайлоону 10-октябрда өткөрүү жөнүндө Жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду. Анын алдында Ош, Жалал-Абад, Өзгөн шаарларында, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Сузак, Базар-Коргон райондорунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат жоюлду. Парламенттик шайлоо 27-июндагы референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде жүргүзүлөт.

БШК шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүүнүн жадыбалын иштеп чыгып, бекитүүнүн алдында турат.Эми мыйзамга ылайык, шайлоо күнү жарыяланган учурдан тартып беш күн аралыгында шайлоого катыша турган партиялар БШКга жазуу жүзүндө билдирүү тапшырышы керек.

БШК төрагасы Акылбек Сариев саясий партиялар шайлоо корлорун түзүү, партиянын жана андан көрсөтүлө турган талапкерлердин тиешелүү документтерин кабыл алып, текшерүү иштери баштала тургандыгын белгиледи:

- Беш күндүн ичинде шайлоого катышуу ниеттин билдирип арыз берген партиялар андан ары мүмкүнчүлүк алышат да документтерин тапшыра башташат. Шайлоо күнүнө кырк күн калганга чейин документтерин бериши керек. Негизгиси күрөө суммасын коюп, андан ары карай шайлоо фондун түзүшү керек Аны түзбөгөн партиялар шайлоого катыша алышпайт. Анан шайлоо күнүнө кырк беш күн калганга чейин партиянын атынан чыга турган талапкерлердин тизмесин сунушташы керек.

Шайлоо күнү жарыяланардын алдында Шайлоо Кодексине мурда Убактылуу өкмөттүн декрети менен киргизилген өзгөртүүлөр президенттин Жарлыгы менен алынып салынды. Эми убактылуу жашаган жеринен добуш берүүгө уруксат берүү жана шайлоо корунун өлчөмүн азайтуу боюнча өзгөртүүлөр Шайлоо Кодексине кирбей калды.

Анткен менен Кодекстин 2007-жылдагы редакциясындагы партиялык тизме түзүүдөгү негизги талаптар сакталып калмакчы. БШК төрагасы Акылбек Сариев бул талаптар партиялык шайлоо системасынын негизги өзөгүн түзөт деп эсептейт:

- Жанагы жыныстык өзгөчөлүгү боюнча тизмедеги ар бир үчүнчү позиция алмашып турушу керектиги боюнча талап бар. Андан сырткары тизмеде жаштардын катышы он беш пайыздан кем болбошу керек. Ошондой эле улуттук азчылыктардын өкүлдөрү он беш пайызды түзүшү зарыл. Бул талаптар мурда кандай болсо ошол боюнча калтырылды. Партиялар көрсөтүлгөн талап боюнча тизме түзүшү керек.

Парламенттик шайлоо 27-июндагы референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде жүрөт. Ага ылайык Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу формасы орнотулууга тийиш. Шайлоодо жеңип чыккан партия өкмөттү курайт, ал эми президенттин ыйгарым укуктары кыйла кыскарган.

Кыргызстандын жаңы парламентинде 120 депутаттык орун каралган, бирок жеңип чыккан партия 65 мандаттан ашык ала албайт.

Президент Роза Отунбаева өлкөнүн түштүгүндө чыр-чатак чыгып, саясий элита түндүк-түштүк деп бөлүнүп жаткан учурда шайлоо өнөктүгү кыйла татаал болушу мүмкүндүгүн белгилеген.


Кандай жолду тандадың, Кыргызстан?

Кандай жолду тандадың, Кыргызстан? 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

XS
SM
MD
LG