Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Бишкекте райондук сот имаратына бомба коюлганы маалымдалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлганы кабарланды. Шаардык милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, кечки саат төрттөр чамасында 102 номуруна белгисиз адам телефон чалып, жардыргыч зат тууралуу маалымдаган.

Сот имаратында иштегендердин баары эвакуацияланып, саперлор издөө иштерин жүргүзүүдө. Бомба табыла элек.

Бишкекте буга чейин да бир канча жолу милицияга телефондон ушундай маалыматтар түшүп, бирок ал жалган болуп чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG