Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Бишкекте Москвадагы өрттөн набыт болгон кыздардын элесине бак тигилди


Бишкек шаарындагы гүлбактардын биринде 18 клендун көчөтү отургузулду. Иш-чара мэриянын жана шаардыктардын колдоосунда өттү. 27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн набыт болгон кыргызстандык 17 кыз-келиндин элесине арнап, бак тигүү демилгесин активисттер көтөрүп чыгышкан. Демилгечилер бир келиндин курсагында кеткен наристенин элесин да кошуп, 18 көчөт тигүүнү чечишкен.

Бак тигилүүчү жерди, көчөттөр менен камсыз кылууну жана аларды отургузуу иштерине кеткен чыгымды мэрия көтөрдү. Ал эми активисттер маркумдардын эскерүү иш-чарасына катышууга чакырылган жакындарынын жол киресин төлөп беришти.

27-августта Москванын Алтуфьевск аймагында басмаканада өрт чыгып, анда иштеген 20 киши набыт болгон. Алардын он жетиси кыргызстандык кыз-келиндер болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG