Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

БЭК нааразылык акцияларын баштайт


Оппозиция лидерлери шайлоо күнү кечинде чогулган элдин алдында 2-3 күндөн кийин чечкиндүү кадам жасаарын айткан.
Оппозиция лидерлери шайлоо күнү кечинде чогулган элдин алдында 2-3 күндөн кийин чечкиндүү кадам жасаарын айткан.

Бириккен элдик кыймыл шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирип, 29-июлдан тарта нааразылык акцияларын баштай тургандыгын жарыялады.

БЭКтин мүчөсү, ЖКдагы СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимовдун айтымында, алар бул шайлоого бара жатканда кандай бийлик менен мамиле түзүп жатканын билген. Бирок бийлик шайлоо күнүндө мынчалык ыпластыкка барарын алар күтүшкөн эмес. Ошондуктан алардын талапкери шайлоо жарышынан чыгып, байкоочуларын чакыртып алды:

- Дайыма адамдар жакшылык жөнүндө ойлонуш керек. Биз деле ошондой адамбыз. Биз жакшылыкча мамиле жасайлы дедик. Бирок жыйырма үчүндө Кыргызстанда шайлоо болгон жок. Булар шайлоону четке кагып, каалаган ишин жасашты. Жок дегенде 50 пайыз таза шайлоо болсо, Атамбаевди көпчүлүк эл шайлайт эле.

Бакыт Бешимов мындан ары БЭКтин мүчөлөрү митинг акцияларды өткөрүүгө кам көрөрүн, учурда аларды кандай формада болоорун, уюштуруу маселелин ойлонуштуруп жаткандыгын маалымдады. Анын айтымында, шайлоо күнү эмоцияга алдырып, дароо нааразычылык акцияларды баштап жиберүү – бул элдин коопсуздугуна коркунуч келтирмек жана ал шашылыш жыйынтыгы жок иш болуп калмак:

- Адамдардын коопсуздугу жана тагдыры жөнүндө ойлонуш керек. Буга да жоопкерчилик менен караш керек. Барып эле адамдарды отко салып койгон болбойт. Ошон үчүн биз цивилизация жолу менен нааразычылык акцияларын жүргүзөбүз.

Жарандык уюмдар союзу кечээки билдирүүсүндө, эки талапкер шайлоодон чыгып кеткенден кийин, мыйзам бузуулар массалык түрдө жүргөндүгүн айтып, алар туурасында оппозициянын байкоочуларында эч кандай далилдер жок калгандыгын белгилешкен.

Союздун мүчөсү Динара Ошрахунова шайлоодон чыгып кетүү талапкерлердин укугу экендигин, бирок мындай кадам оппозициянын өзүн алсыратып койгонун белгиледи:

- Мыйзам боюнча алар шайлоо процессинин аягына чейин турушу керек эле. Кандай мыйзам бузуу фактылары болуп жатканын белгилеп туруусу керек болчу. Алар эрте чыгып кеткени менен, эми колдорунда азыр кагаздары калбай калды. Экинчиден алар кетип калгандан кийин дароо шайлоо процесси көзөмөл жок бузулду. Болгон фактыларды көрсөтүп сотко кайрылып, далилдерди чогултуу керек эле.

Бүгүн Бакыт Бешимов шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча колдорундагы далил материалдарды БШКга, БШК болсо башкы прокуратурага иликтөөгө өткөрүп бергенин билдирди.

“Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдрасаковдун көз карашында, эки талапкер шайлоо жарышынан чыгып кетип чоң ката кетиришти. Алардын колдорунда эми мыйзам бузуулар туурасында далилдер болгону менен, колдорунда актылар, протоколдор жок. Башкы прокуратура алардын документтери боюнча кандай жыйынтык чыгарса да ал шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт:

- Булардын колунда акты, протоколдор жок, ошон үчүн эч нерсени далилдей ала алышпайт. Саат төрткө чейинки иштер боюнча протоколу жок да. Анын үстүнө ал убакка чейин мыйзам бузуулар деле болгон жок. Аз аздан болгондур, бирок бул шайлоонун жалпы жыйынтыгына залакасы тийбейт.


Саясат таануучу Токтогул Какчекеев колго тийген бийликти эми Курманбек Бакиев колдон чыгарбастыгын белгилейт. Буга эч ким да доомат кое албайт. Анын айтымында, Конституцияда митинг пикеттерди өткөрүүгө ар бир атуул укуктуу болгону менен, аны парламент ар тарабынан тушап койгондуктан ал укукту пайдалануу кыйынга туруп калышы ыктымал:

- Бирөө эле азыр чыгам дечү болсо, аны камакка алып, ар кандай демократиялык сезимден алыстата турган зөөкүрлүк, басмырлоо иштери болуп кетиши мүмкүн.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев коомчулук шайлоону чыр чатаксыз, мыйзам чегинде өткөрүүнү үйрөнсө жакшы болмок деп ойлойт. Анын баамында, азыр Советтер Союзунан кийинки түзүлгөн жаңы системада жаңы типтеги лидерлер өсүп чыга элек. Азыр коом ошондой өнүгүү этабында турат. Азыркы бардык эле лидерлер бири биринен анча айырмаланбайт. Эл үчүн чыныгы альтернатива жок.

-Эл деле өзүнө кандай лидер керек экенин биле элек. Алар деле турумуштун ар кандай шарттарына түшүп кетип эле “мейли ушуга эле добуш берип коелучу” деген нерсе үстөмдүк кылып кетип жатат. Анын себеби, “ушул бизге лидер, президент болсо өзгөрүү алып келет экен” деген лидер жок болуп жаткандыгында.

Мамлекеттик “Шайлоо” системасынын маалыматында, 98 пайыз шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Курманбек Бакиевге берилген добуштар 85тен ашыгыраак пайызга чейин төмөндөгөн. Алмазбек Атамбаевдин алган добуштары 7,54% түзгөн.

Ал эми БЭКтин өзүнүн жүргүзгөн эсептөөлөрү боюнча, талапкер Алмазбек Атамбаевге республика боюнча шайлоочулардын 60 пайызы, Курманбек Бакиевге 20 пайызы добуш берген.

БЭК шайлоо жыйынтыгын тааныбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG