Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Жалал-Абатта оппозициялык партиянын өкүлүн коркутуп жатышат


А.Атамбаевдин Жалал-Абат-Сузак аймагындагы шайлоо штабынын башчысы Батырбек Абдразаков СДПКнын облустук кеңсесинде (ортодо)
А.Атамбаевдин Жалал-Абат-Сузак аймагындагы шайлоо штабынын башчысы Батырбек Абдразаков СДПКнын облустук кеңсесинде (ортодо)

Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Aбат облусундагы тарапкерлерине кысым жасалууда. БЭКтин бирдиктүү талапкери менен облус борборунда жолугушкан адамдарды Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн кызматкерлери коркутуп - үркүтүшкөн. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Кадыралы Курбаналиев А . Атамбаевдин шайлоо штабынын мындай билдирүүсүн четке какты.

БЭКтин бирдиктүү талапкери А.Атамбаевдин облустагы жактоочулары ар кандай ыңгайсыздыктарга туш болууда. Бул талапкердин Сузак- Жалал-Aбат аймагы боюнча шайлоо штабынын башчысы Батырбек Абдразаков шайлоо алдындагы терс көрүнүштөргө токтолуу менен Сузак районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн жетекчилиги шайлоо өнөктүгүнө кийлигишип жаткандыгын билдирди. Анын ырастоосуна караганда, айыл өкмөт «Улуу биримдик» партиясынын атынан айылдагы шайлоо участкасынын мүчөсү болгон жаранды участкалык шайлоо комиссиясы менен аталган партиянын катарынан чыгууга көрсөтмө берген:

- “Улуу биримдик” партиясынан өткөн Ибрагимов Фархатты биз партиянын атынан комиссиянын мүчөсүнө өткөрдүк эле. Элдик айыл өкмөтүнүн башчысы Курбаналиев Кадыраалы ошол комиссиянын мүчөсүнө отурба, арызыңды жазып чыгып кет деп мажбурлап жатыптыр.

Президенттикке талапкер А.Атамбаев 21- июнда облустун борборунда шайлоочулар менен жолугушуп кайткан. Талапкердин Жалал-Aбат- Сузак аймагындагы шайлоо штабынын башчысынын орунбасары Роза Эгембердиева Ленин айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жолугушууга катышкан айыл тургундарын атайын каттоого алганын байкаганын билдирди. Ар бир шайлоочу өз талапкерин тандап алууга укуктуу болгону менен бийликти жактаган адамдар тарабынан оппозициялык маанайдагы кишилерге басым жасалууда:

-Жолугушууга катышкан тургундар кайра айылга кайтып баргандан кийин айыл өкмөттүн адамдарынын сөзү менен курд кыздарыбызды коркутуп-үркүтүшүп, пенсия, пособие, гумжардам албайсыңар деген сөздөрдү айтышыптыр. Шайлоого болгон көз караш тегиз болсо, Атамбаев, Бакиев деп бөлүнбөсө, эл өзү билет кимди тандап, кимди шайлап алышты. Мен так айтам, бул айыл өкмөттөн берилген нерсе, Курбаналиев Кадыраалы жетектеген айыл өкмөттүн тарабынан болуп атат, ошол киши, тегерегинде жүргөн адамдары жөнөтөт да, башка эч ким жөнөтпөйт.

Бийликке сын көз караштагы бул адамдардын билдирүүлөрүн Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыралы Курбаналиев ушак- айыңга чыгарды. БЭКтин талапкери А. Атамбаевдин жолугушуусуна барган адамдарды эсепке алгыла деген буйрук берилген эмес. « Улуу биримдик» партиясынын мүчөсү – ал кандай уюм экендигин билбей тургандыгын жана ден - соолугуна байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясынын курамынан өз ыктыяры менен чыгаарын билдирген, деп «Азаттыкка» жооп узаткан Кадыралы Курбаналиев айылдашы Роза Эгембердиева атаган күрт – улутундагы аялдарды көрбөгөндүгүн маалымдады:

-Ал курд катындарды көргөнүм жок, антип айткандай. Ибрагимов Фархаттан сурадым бул эмне деген партия деп. Ал билбейм деди, болгон сөзү ошол. Анан өзү билбей туруп арыз жазыптыр, билбегенден кийин эмнеге иштейм деп.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG