Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Т. Сариев: Парламент иштешине шарт түзүш керек


“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев парламент ишин баштоосуна терс таасир тийгизчү жагдайлардан чыгуунун жолдору тууралуу кеп салды.

- БШК протоколдорду салыштыруу ишин баштады. "Ак шумкар" партиясы да өз добуштарын текшереби?

- Биз БШКнын суранычы менен жыйырмадай протоколду бердик. Бизге түшкөн протокол менен ГАС шайлоого киргизилген сандардын "Ак шумкар" боюнча туура эмес келгендигин биз көргөзүп бердик. Ошол участокторду текшерүүгө, бюлеттендерди кайра саноого деп суранышкан экен, биздин өкүлдөр кеткен.

- Эми мындан натыйжа болобу?

- Кандайдыр бир партиялар, кандайдыр бир күчтөр талап кылып, ушул участоктордо абдан орой мыйзам бузулган, добуштар туура эмес саналып калган десе төрт-бешөөнү ачып санап көрсө болот. Эгер тастыкталып калса анда андан ары да карап көрүш керек. Эгер андай болбой добуштар туура келип турса, анда тынчып мындан ары да жылышыбыз керек.

- Парламенттик шайлоо өткөндөн кийин Кыргызстан кайрадан митинг-пикеттердин кучагына бата башташына кандай карап жатасыз?

- Эми мына ар түрдүү партиялар, ар түрдүү күчтөр келип калды. Биз ушул талаш-тартыштардын баары парламенттин ичинде талкууланса деген пикирдебиз. Эшикте талашпай, бир эрежеси бар органда талашсак болот эле да. Ошондуктан "Ак шумкар" партиясы биринчилерден өзүнүн жеңилүүсүн айтып, жеңген партияларды тааныйбыз, андан көрө биримдикке келели деп чыктык да. Биз ушуну менен Кыргызстандын саясатында жаңы эрежелерди киргизели деп жатабыз. Албетте утулуш өзү ачуу. Азыр БШКда бир топ иштерге барып атат макулдугун берип. Мына протоколдорду текшерип салыштырып чыгалы деди. Андан кийин кээ бир шайлоо участоктарынын бюлетендерин ачып санап көрөлү деди. Бул да болсо ошол шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон партиялардын талаптарына берип аткан жооп болуп жатат да. Эгер алар туура чыкса анда ошону менен токтошубуз керек. Эгерде туура эмес чыкса анда сот аркылуу чечүүгө барыш керек. Жөн эле элдин күчү менен келем, бузам деген болбойт. Ал эми өтүп келаткан беш партия да акыл-эске келип, туура саясат жүргүзүш керек. Тезирээк отуруп сүйлөшүп, өкмөттүн курамын түзүп, аларга иштегенге шарт түзүш керек.

- Эми мындан ары өлкөдө кырдаал кандай өнүгөт деп ойлойсуз? Мамлекетте туруктуулукту сактап калыш үчүн бийлик көргөн конкреттүү чаралары кандай болуш керек?


- Биринчиден, өтө эле чоң талашып-тартышып аткан адамдар тууралуу партиялар өздөрү чечим кабыл алыш керек. Мына "Ата Журт" партиясы бир-эки адам жөнүндө чечим кабыл алып аны жарыялап жиберишти, эгер мына ушуга окшогон окуялар болуп атса, анда алар да өздөрүнүн чечимин чыгарып айтыш керек. Экинчиден, ошол талаш-тартышып аткан партиялар сот аркылуу же Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу чечиш керек. Талаш-тартыштарды жыйындарда талкуулаш керек. Үчүнчүдөн, биз парламенттин иштей башташына тезирээк шарт түзүп беришибиз керек. Канчалык бизге кыйын болсо дагы, ошол парламент келип иштеп, алар эл ишенген туруктуу өкмөттү курушу керек. Бул элдик өкмөт болушу абзел. Жанагы утуп келген партиялардын өкмөтү десек анда талаш-тартыштар улана берет. Ошондуктан элдик өкмөт делип кыска бир жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн. Маселен президенттик шайлоо бүткөнгө чейин. Мындан башка жол жок. А башка жол катары көчөдө эле талашып-тартыша берсек, анда тынчтыкка келе албайбыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG