Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

БШК башкарылма болуп калды


Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайларында окуу процесси шайлоо күнүнө чейин узартылды. Укук коргоочулар окуучуларды жайкы эс алууга жибербөө - жаштардын конституциялык укугун бузуу болгонун эскертишүүдө. Укук коргогон жарандык уюмдар союзу шайлоо алдындагы үгүт жараянына мониторинг жүргүзүп, административдик ресурс байма-бай колдонулуп жатат деген жыйынтыкка келишти.

“Менин тандоомдун мезгили” аттуу шайлоочулардын укугун коргогон жарандык коомдордун биримдиги үгүт иштерин жүргүзүүдө өзгөчө студенттерге жасалып жаткан басымдарга кабатыр экендигин айтышууда. Укук коргоочу Асия Сасыкбаеванын айтуусунда, азыр жогорку окуу жайлардын администрациялары студенттерден 130 сомдон чогултуп, аларды жатаканаларда каттоого турууга мажбурлап жатат:

- Шайлоо учурунда студенттерди тартуу үчүн аларды каникулга кое бербей, окуу процессин создуктуруп жатышат. Өзгөчө түштүк аймагында бардык жогорку окуу жайларда сессия 28-июлга чейин болот экен. Студенттер күнүнө бир жолу сабак өтүүгө мажбур. Азыр мугалимдердин курамы да ишке толук тартылып, жада калса эс алууга жиберилбей жатышат.

Мындан тышкары укук коргоочу Асия Сасыкбаева президенттикке талапкер Курманбек Бакиев менен болгон жолугушууларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү студенттерди тартууга активдүү катышып жатканын белгиледи. Учурда шайлоочулардын укуктарын коргогон жарандык коомдор бирикмеси билим берүү мекемелериндеги окуу мөөнөтүнүн кандай негизде создуктурулуп жаткандыгы тууралуу Билим берүү министрлигинен түшүндүрмө алуу максатын көздөп жатат.

Жогорку окуу жайлар башкармалыгынын жетекчиси Канат Садыков мындай маалыматтар менен макул эмес. Анын айтымында, учурда Кыргыз-өзбек университетинде гана окуу мезгили узартылган. Муну ал кыш мезгилинде университет суук болгондуктан окуу процесси бир аз токтотулуп, программадан артта калгандыгы менен түшүндүрдү:

- Ноябрь айында эле биз кышка карата электр кубаты менен жылытылган окуу жайларда окуу графиктери июлдун ортосуна чейин жылат деп буйрук чыгарганбыз. Бирок кыш анча суук болбогонуна байланыштуу көпчүлүк окуу жайлары өзүнүн окуу пландарын толук аткарышкан. Бирок кээ бирлеринде ошол графиктик жылышууларга байланыштуу экзамендери, мини сессиялары июль айынын ортосуна барып калган. Ошондуктан азыр Кыргыз-өзбек университети гана окуп жатат. Бул жерде эч кандай жасалма создуктуруу жок. Эч ким андай буйрук берген жок. Ал эми студенттер учурда өздөрүнүн каалоосу менен талапкерлер менен жолугууда. Ар бир талапкердин алар менен жолугууга укугу бар да.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин билдиргенине караганда, БШК жарандык коомдун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштөөдө. Анткени алардын ортосунда шайлоону демократиялык нукта биргелешип өткөрүп алуу боюнча келишим түзүлгөн. Анткен менен БШКда азыр жарандык коомдун отчетунда айтылган мыйзам бузуулар туурасында маалымат жок. Бизге эч кандай андай арыздар түшкөн эмес дейт,- БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев:

- Студенттер өздөрү кайсы жерде каттоодо турса, ошол жерден добуштарын берет. Азыр жергиликтүү бийлик органдары тарабынан алардын тизмеси такталып, шайлоо комиссияларына берилди. 25 күндүн ичинде алар өздөрүнүн фамилиясынын бар жогун көрүп тактаганга укуктары бар.

Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова тескерисинче, БШК сыртынан бейөкмөт уюмдар менен иштеп эле жаткандай сезилет деген ойдо. Анын айтымында, БШК шайлоону өткөрө турган көз карандысыз негизги орган сапатынан ажырады:

- Бул шайлоо пландалбаган, мөөнөтүнөн мурда болуп жаткан шайлоо. Биз муну моюнга алышыбыз керек . Мисалы БШК байкоочулардын кандайдыр бир санын көргөзүп коюп, аны азайтып же көбөйтүп, бири-бирине каршы келген чечимдерди кабыл алып жатат. Мунун өзү эле шайлоонун ачык өтүүсүнө шек келтирет. Азыр шайлоо процессине БШК эмес, таптакыр башка органдар жетекчилик кылып жатат. БШК мындай массалык мыйзам бузуулар менен кантип күрөшөт белгисиз.

Шайлоочулардын укуктары үчүн жарандык коомдордун биримдиги өзүнүн отчетун бардык массалык маалымат каражаттарына, Боршайкомго, бийлик өкүлдөрүнө жибергени жатат. Мындан тышкары алар президентке, БШКга, Ички иштер министрлигине, Билим берүү министрлигине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгышкан.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG