Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Кайыпов: "Ата Мекен" депутаттарына чагым уюштурулган жок


Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов.
Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов.

Нарын облустук бийлиги “Ата Мекендин” депутаттарына каршы акция уюштурган эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов “Азаттык” радиосуна билдирип, жыйындагы каршылыктарга облустук бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

8-декабрда Нарын шаарындагы Жаштар үйүндө өткөн эл менен жолугушууда бир нече аял "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовдун сөз сүйлөшүнө тоскоолдук кылышкан. Айрымдары Текебаевди "мародер" деп атап, Атамбаев менен каршылашууну токтотууга чакырышкан. "Атамекенчилер" муну жергиликтүү бийлик уюштурган деп билдиришкен эле. (NT/MiK)

XS
SM
MD
LG