Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:59

“Талант тагдыры” түрмөгүнүн мейманы - секелек кезинен ыр менен күүнүн чордонунда өскөн, кесиби боюнча антрополог, этнограф, илимдин доктору Борбор Азия университетинин илимий кызматкери, басса-турса да ыр менен жашап келе жаткан Элмира Көчүмкулова.

Жаш илимпоз, ырчы, обончу Элмира Көчүмкулова 34 жашта. Элмира дүйнөгө Өзбекстандын Наманган облусундагы Нарын чөлкөмүндө мугалимдин үй-бүлөсүндө жарк эте келген.

Бир жашынан алты жашынан чейин чоң атасы менен чоң энесинин колунда өсөт. Алардан тилинен чаң чыккан так, таза сүйлөгөндү, нукура элдик ырларды ырдаганды үйрөнөт.

Элмира орто мектепти Аксынын Кызыл-Жар айылынан бүтүрөрү менен Бишкектеги Гуманитардык университетинин түркология факультетине өтөт. Бак айтып, ал окуусун 1994-жылы алмашуу программасы аркылуу АКШнын Вашингтон штатындагы Сиэтл калаасындагы Вашингтон университетинде улантат.

2007-жыл Элмиранын өмүрүндөгү эң бир бактылуу жылдан болот. Ал бакалавр, магистратураны бүтүрөт. Орто Азиянын көчмөн маданияты жана ислам дини боюнча докторлук диссертацияны жактайт.
Жаш илимпоз кесиби боюнча антрополог, этнограф. Азыркы күндө Элмира Борбордук Азия университетинде (Ага-Хандын өнүктүрүү тармактары боюнча) илимий кызматкер болуп иштейт.

Ал эне тили менен бирге орус, англис, түрк тилдеринде саймедиреп сүйлөп, түш жоруйт. Элмира бүтүндөй күлгүндөй өмүрүн ийнелеп кудук казгандай илимге арнаса да, басса-турса да “Ыр бар жерде ырыс да, кешик да, махабат да бар”деп, кыргыздын айтылуу ырчыларынын, атактуу обончуларынын элдин канына, жанына сиңген ырларын оозунан түшүрбөй ырдап, ал турган өзү да чыгарган обондору менен угууларга айрыкча ыргактарды, өзгөчө асылданууну тарттуулап келүүдө.

“Азаттык”: Элмира айым, ыр, күү дүйнөсүнө канча жашыңдан аралаштың? Ырчылык өнөрүңдүн тутанышына ким себепкер болду эле?

Уулу Эрбол
Элмира Көчүмкулова:
Ырчылыктын дүйнөсүнө секелек кезимден аралаштым. Бир жашымдан чоң атам менен чоң энемдин колунда өстүм.

Чоң атам Аксынын жайлоосун жайлоочу. Ал өзү менен бирге дайыма комузун ала жүрчү, ырдоочу күү чертчү, радиодон такай ырчылардын, төкмө акындардын ырларын укчу. Мен да чоң атам менен бирге олтуруп, ырларды, күүлөрдү дайыма угуп жүрдүм. Ошондон баштап ырга болгон шыгым артты.

“Азаттык”: Сахнага биринчи жолу кимдин ырын ырдап чыктың эле?

Элмира Көчүмкулова: Секелек кезимден ырга кызыгып жүргөн менен колума комузду онунчу класста окуп атканда алдым. Элибиз эгемендүүлүккө чыкканда улуттук кайра жаралуу күчөп, элдик музыкага болгон кызыгуу башталган кези эле. Ошондо Жолболду Алыбаевдин ырдаган дастандарын угуп жүрүп комузга, ырга болгон кызыгуум күчөп баштады.

Мен сахнага биринчи жолу Барпы атабыздын “Мөлмөлүм” аттуу ырын ырдап чыктым. Өзүңүз билесиз, бул ырды эркектер ырдайт. Мага ыр аябай жагат. “Манастан Чубак кем бекен” дегендей эркек ырчылардан менин эмнем кем деп жүрөм.

“Азаттык”: Акын Барпынын “Мөлмөлүн” ырдагандан кийин өздүк репертуарыңда башка обончулардын, акындардын ырлары болсо, өздүк көркөм чыгармачылыктын фестивалдарына, кароолоруна катышып чыккан күндөрүңдөн айта кетсең?

Элмира Көчүмкулова уулу Эрбол менен
Элмира Көчүмкулова:
Орто мектепти бүтүргөндөн кийин 1992-жылы ордо калаага келип, Бишкектеги Гуманитардык университеттин түркология факультетине өттүм. Ошол кезде университетте калаадагы университеттер аралык кароолорго, фестивалдарга катышып жүрдүм.

Биринчи жолу президенттин гала-концертине катыштым, ошондо ырдадым. Эки жылдан кийин Америкага окуганы кеттим. Менин Америкада окушума комуздун коштоосунда ырдаган өнөрүм да чоң жардам берди. Ал жакка комузумду ала бардым. Америкалыктарга кыргыздын салттык ырларынан аткарып берип жүрдүм, өзүмдүн чыгарган обондорумдан ырдадым.

“Азаттык”: Америкада элдик салттык ырлардан берип жүрүпсүң, кимдин ырларын ырдап жүрдүң? Америкалык угуучулар кандай кабыл алышты?

Элмира Көчүмкулова: Америкалык угуучулар абдан жакшы кабыл алышты. Элдик салттык ырлардан “Сары ойду”, “Арзыканды”, “Күйдүм чокту” ырдап жүрдүм.

“Азаттык”: Элмира айым, элдик обончулардын ырларын аткаруу менен бирге обон да чыгарат экенсиң. Кандай себептеп обон чыгарып калдың. Ошол обонуңдун атын атап аткарып берсең?

Элмира Көчүмкулова: Мен Бишкекке окууга келгенде кыздар менен жатаканада жашачумун. Айылдын ар кайсы тарабынан келген кыздардын бири комуз, экинчиси мандалин чертет, үчүнчүсү “Манас” айтат, ошентип жатаканада ырдап калчубуз.

Мага кандайдыр илхом келдиби, акындардын чыккан жыйнактарын барактап олтуруп окуганымда обон өзүнөн-өзү келди деп ойлойм. Бир айдын ичинде эле төрт-беш обон чыгардым.

“Азаттык”: Ата-эненин өнөрү балага дегендей, өзүңдүн ырдаган ырларыңды ырдаган, комуз черткен балдарың барбы?

Нурак Абдырахманов жаш шакирттери менен
Элмира Көчүмкулова:
Эки уулум бар, улуусу жети жашта, кичүүсү төрт жашта. Улуусу Бишкекте төрөлүп, Америкада чоңойду. Ошондуктан англисче сүйлөп калды. Америкада жүргөндө Кыргызстанды, ырларын, күүлөрүн сагынабыз. Кыргызстанга келгенде ырлардын, күүлөрдүн тасмаларын алып кетчүбүз.

Машинада жүргөндө СД, аудио кассеталарды укчубуз. Айрыкча Нурак Абдырахманов агайдын, Саламат Садыкова эженин аткарган ырларын такай укчубуз.

Уулум Эрбол машинанын аркасында олтурат, анан ал Нурак агайдын, Саламат эженин ырларын угуп, кулагына сиңирип калыптыр. Өзгөчө Нурак агайдын ырдаган ырларын, Эрбол түшүнсө да, түшүнбөсө да ырдап жыргай берчү. Ошондон кызыгуу башталдыбы, менин комузумду кармап чертип калчу. Эрбол беш жашка чыкканда Кыргызстанга келдик.

“Устат шакирт” борборунда Нурак агай кичинекей балдарга комуз үйрөтөт экен деген сөздү угуп Нурак агайга Эрболду алып келдим. Эрбол менен агай бири англисче, экинчиси кыргызча сүйлөшүп түшүнүшө албай кыйналышты. Ошондой болсо да агай жарайт деп классына кабыл алды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG