Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык түйүндөн чыга турганын билдирүүдө, эгер андай чечим кабыл алынса Кыргызстандын энергетикалык системасы кантип иштейт?

Бул багыттагы суроолорго мурда “Кыргызэнерго” ишканасын жетектеген тажрыйбалуу энергетик, ЖКнын мурунку депутаты Жамалбек Түлөбердиев жооп берди.

- Жамалбек мырза, эгер Өзбекстан бирдикттүү электр системасынан чыкса биздин энергетикалык системада кандай абал түзүлөт?

- Токтогул ГЭСинен Анжиан, Сыр-Дарыя, Ташкент, Чымкент, Жамбыл, Бишкек болуп, 500 кв. айлампа линия түзүлгөн. Бул баардык жерде кайсы жерде энергия көп, кээде аз болсо бир калыпта системага салып турат. Эми мен угуп калдым, Өзбекстан биз энергосистемадан чыгабыз, өзүбүзчө болобуз деп атыптыр. Андай боло турган болсо Токтогул ГЭСинен барган линия Анжианга барат. Анжиандан Жалал-Абадга барып, андан ары Кыргызстандын түштүгүн камсыз кылабыз. Анан эми мен мунун ким чечип жатканын түшүнбөй жатам. Аны адистер чечкенге мүмкүн эмес, себеби бул айлампанын ичинде жылуулук станцияларда эртең менен кечинде линияга күч келгенде ошол замат Токтогул ГЭСи аны калыбына келтирет, азайып кеткенде көбөйтөт. А башка бир да станция анте албайт.

- Эгерде Өзбекстандын бул кадамы ишке аша турган болсо Кыргызстандын түндүгүнө кандай зыян алып келиши мүмкүн, бирдиктүү энергосистема иштеп кете алабы?

-Түндүк Кыргызстан андан эч кандай зыян тартпайт. Себеби бизге электр кубаты Токтогул ГЭСинен келип жатат да. Чымкент, Жамбыл, Алматы менен иштей берет. Советтер Союзу тарагандан кийин Жалал-Абадга 500 кВт. подстанция тургузабыз да ошол жерден Ошотогу подстанцияны камсыз кылып койобуз дегенбиз. Анан биз азыр бул жагын бүтүп койдук, Баткенге чейин тургузуп коюшту. Эгер Өзбекстандын жанагы кадамы ишке ашса эки линия: Ош, Жалал-Абадда чоң подстанциялар электр кубатысыз калып калышы мүмкүн.

-Жамалбек мырза, Орусиядагы Саяна-Шушен ГЭСиндеги кырсыктан кийин биздеги ГЭСтердин коопсуздугу боюнча да көп суроолор чыгып жатат. Бул маселеге сиз учурунда бирдиктүү “Кыргызэнергону” жетектеп турганда кандай көңүл бурулат эле, азыр кандай көңүл буруп калыптыр?

-Биринчиден, Саяна-Шушен ГЭС дүйнө жүзүндөгү эң чоң станция. Анын плотинасынын бийиктиги 245 метр, кубаттуулугу 6 миллион 400 мегаВатт, Токтогул ГЭСинен беш эсе чоң. Эми Саян-Шушенде болгон кырсык кабарларга караганда, эксплуатациядан же сабатсыздыктан болгон нерсе. Бизде Саян-Шушен ГЭСи сыяктуу бийик плотина болуп Токтогул ГЭСи эсептелет, анын бийиктиги 215 метр да. Абдан абайлабаса 200 метрден суу келгени оңой эмес да. Бирок Саян-Шушендин айырмасы - станция плотинанын ары жагында турат, биздики болсо ичинде турат. Эми бизде да муну караш керек, кадрларды жакшылап даярдаш керек.

- Быйыл бизде Токтогулда суу дурус деген маалымат бар, 12,5 миллиард куб. ка жетип атыптыр. Бирок ага карабай 1-октябрдан жапырт өчүрүүлөр киргизилгени жатат. Суу ушундай көлөмдө болсо өчүрүүлөр зарылбы?

- Эми Токтогул ГЭСинин басымы 175 метр. Ошонун азайганын да биз ылдыйтан 50 метрге чейин азайтып айтып атабыз. Азыр бүгүнкүдөй абалда ТЭЦти иштетиш керек, жылуулук станция бар да бизде. Токтогул ГЭСи төмөнкү басым менен былтыр 1 миллиард 500 миллион кВт. Электр кубатын аз чыгарып калбадыбы. Суу ошондой эле болгон, ошондой эле кетип атат, бул басымдын жоктугунан.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG