Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Айылчы Сарыбаев: "Соодада достук жок"


Belarus -- Minsk thermal power station, 13Dec2008
Belarus -- Minsk thermal power station, 13Dec2008

Суук түшөр алдындагы өлкөнүн энергетикалык абалын экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев мүнөздөйт.

"Азаттык": Айылчы мырза, кылычын алып кыш келе жатат, бирок отун-суу маселеси Кыргызстанда көңүл жылытарлык эмес. "18 млн. доллар карызды төлөбөдүңөр" деп Өзбекстан түштүккө газ бербей, Бишкекке берилүүчү газды 30 пайызга кыскартты. Электр энергиясын чектөө кайрадан башталды. Экономисттер өлкөнүн быйылкы кыштан чыгуу жагдайын кандай божомолдоп жатасыздар?

Айылчы Сарыбаев: Өзбекстанды 18 миллионду бербей койду деп 30 пайызга газ берүүсүн азайтканы үчүн күнөөлөш мүмкүн эмес. Себеби рыноктун шартында "соодада достук жок" деген кыргыздын жакшы макалы бар. Андыктан өзгөчө эл аралык экономикалык келишимде, финансы кризистин мезгилинде, ар бир өлкө өзүнүн айласын таппай турган мезгилде так аткарылышы зарыл.

Андыктан газдын кыскарганын эске алып, биз, тескерисинче, газга, электр энергияга төлөнбөй аткан акчалардын бардыгынын ордун толуктап, ошолордун эсебинен Өзбекстандан тез аранын ичинде кутулуубуз зарыл. Антпесе чындыгында кыш оор болуп, узакка созулуп калса, анда биздин республика оор абалга туш келип калышы ыктымал.

Азыр деле кеч эмес, азыр октябрдын башталышы болуп турат, 1-2 айдын ичинде бул маселени чечсе болот. Негизинен бул Энергетика министрлигинин милдети, алар өз милдетин так аткарып, ушул маселени чечип берсе, республиканын экономикасына да, элине да бир топ жакшы иш кылган болор эле.

"Азаттык": Өткөн жумада Казакстан Кыргызстанга электр энергиясы үчүн алдын ала 25 млн. доллар берет деп айтылды эле. Кечээ казак өкмөт башчысы келген учурда бул тууралуу сөз болбоду окшойт. Тескерисинче, Казакстан премьер-министри буга чейинки карызын көмүр менен жабат деп билдирди. Демек Өзбекстандын карызынан кутулат экенбиз деген үмүттөр да жокко чыгат шекилдүү?

Айылчы Сарыбаев: Мунун негизги себеби Казакстан азыр өзү финансылык кризиске белчесинен батып турган кез. Өздөрүндө бир нече банктар банкрот болуп, аны Казакстан өзүнүн резервинин эсебинен жабууга аргасыз болуп турат. Андыктан 25 млн. долларды алдын ала берет деген сөзгө мен ишенбейт элем.

Ал эми 6 млн. долларды көмүр менен жабышы, бул албетте биздин ТЭЦтин иштешине жакшы жардам берет. Себеби биз ал 6 млн. долларды алып Өзбекстанга берсек, кайра эле Казсакстандан 6 миллионго көмүр алышыбыз керек ТЭЦти иштетиш үчүн. Андыктан мындай бартерлик экономикалык мамилелер мурун деле болгон, боло да берет.

Бирок көмүрдү да карызга ала турсакпы деген маселе козгосок, балким башкача болот беле. Азыр алдын ала төлөө деген дүйнөлүк системада колдонулбайт. Бул балким казактар бизди досубуз, боордошубуз, ийип кетер деген гана тилек болсо керек. Бирок эч качан рынок мезгилинде бир туугандар мамилени соодага жараша кылышат.

"Азаттык": Сиз кандай ойлойсуз, абал ушул боюнча кала берсе, кыш алдында отун-көмүрдүн баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Айылчы Сарыбаев: Албетте көтөрүлөт. Мунун эки объективдүү жактары бар. Биринчиси, рынок мезгилинде ким товар, продукция сатса, ошого канчалык суроо талап көбөйсө, баасы ошончолук көтөрүлөт. Бул жөн эле рыноктун өзүнүн мыйзамы. Кыш келген сайын көмүрдүн баасы көтөрүлөт деп күтүш керек.

Канчалык көмүр көп чыгарылса, ошончолук анын баасы азаят. Биз, тескерисинче, жайлата баарыбыз кыргызча уктап жатабыз, көмүр эмес эч нерсе иштетпейбиз, эч нерсе чыгарбайбыз, анан кыш келе баштаганда машинелер ары-бери чуркап кыймылдай баштайт. Был жыл сайын эле кайталанып келаткан көрүнүш.

"Азаттык": Айылчы мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG