Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Суу-энергетика маселелери боюнча эксперт, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов өкмөттүн энергетикага бааларды көтөрүү менен тармакты оңдойбуз дегенин бекер кеп деп эсептейт.

- Базарбай мырза, электр баасынын кымбатташына адис катары кандай баа бердиңиз. Чындыгында эле Кыргызстандын энергетика тармагын ушул көтөрүлгөн тарифтер оңдоп, жөнгө салып кете алабы?

- Азыр биздин энергетиканы башкарып турган адамдар тарифти көбөйтүп, биз көбүрөк акча киреше таап, бул тармакты көтөрөбүз, реконструкция кылабыз деп жатат. Бул туура эмес. Эгерде ошондой кылыш керек болсо, азыркы көтөрүлгөн тариф дагы 3,4 цент болуп атпайбы киловат саатына. Бул дагы эч кандай пайда алып келбейт. Эмне дегенде энергетика тармагы бизде бузулган, тартип жок, чарбасыздык ал жерде. Азыр эми энергетикага кошумча киреше түшүрүп, азыркы техникалык кырдаалды өзгөртүп, реконструкция кылабыз, оңдойбуз деп жатышпайбы. Биз азыр бул тармакка сырттан аябай көп акча берсек дагы ал эч кандай пайда алып келбейт. Реконструкция дагы, агрегаттарды жаңылоо дагы иштери эч кандай ишке ашпайт.

Себеби энергетика тармагы Акаевдин убагында ушул тармакты реконструкциялайбыз, жаңы генераторлорду алып келебиз деп Дүйнөлүк Банктан жүз миллиондон ашык доллар энергетикалык кредит деген кредитти алышкан. Ошол акчалардын баардыгын көрүнүктүү, боло турган иштерге жумшабай, ар кайсы майда иштерге жумшап, көзгө көрүнөөрлүк иш болгон эмес. Ушуну айтып коюшубуз керек. 210 млн. доллар энергетикалык кредит деп Дүйнөлүк Банк берген, ошонун 160 миллиону энергетика тармагына колдонулган. Ошол акчаны эмне кылып колдонгону, кайсы жерге эмнени курушканы, эмнени реконструкциялашканы белгисиз. Бир дагы электр станциянын турбинасын, агрегатын булар ошол акчага алмаштыра алышкан эмес. Ушуну да баса айтып кетишибиз керек.

- Бая күнү парламентте өкмөт башчы Данияр Үсөнов ачык эле айтпадыбы, азыр ушул электр тармагын саталы десек дагы эч ким албай атат деп. Мына бүгүнкү маалымат жыйынында болсо “Түндүк электро” ишканасынын жетекчилиги бул тармакты кымбаттаган тарифтердин эсебинен оңдоп туруп, анан сатыкка коебуз деп айтты. Мунун канчалык зарылчылыгы бар?

- Ошондой шылтоо айтканы дагы бул туура эмес, тарифти көтөрүп туруп анан “Түндүк электрону” сатабыз деген. Бул бөлүштүрүүчү компания азыр толугу менен начар акыбалга түшүп калган чарбасыздыктан, башкара албагандыктан. Ал жердин аябай проблемасы көп болгондуктан эч бир инвестор келип ошону сатып алабыз деген ой болгон жок. Демек азыркы аракеттер да булардын эң терең жаңылыштыгы. Экинчиден, “Түндүк электрону” бүт бойдон сатып кереги жок. Биз азыр “Түндүк электрону” бир миллиардер келип сатып алам десе да ошол ала турган адам кандай тартипте аны иштетээрин билбейбиз.

Мен эки жылдан бери эле айтып келатам, “Түндүк электронун” бир бөлүгүн, же бир аймактагы бөлүмүн сатып көрөлү, сатканда дагы аябай катуу шарт менен сатып, ал жеке компания мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кандай иштерди аткарат, кандай шарттарды биз ошолорго коебуз, биз кандай пайда табабыз, жеке компания ал тармакты өнүктүрүүгө, реконструкция кылганга акча жумшайбы, жумшабайбы, биздин антимонополиялык жана тарифтик тартипке баш ийеби, баш ийбейби, ошону билип туруп анан кийин гана биз иш кылышыбыз керек. Билбей эле дүң бойдон Бишкек ТЭЦин дагы, жылуулук тармагын дагы, “Түндүк электрону” дагы сатабыз дегени бул билбестиктен кылган иш. Мен ал туура эмес деп эсептейм.

- Бүгүн Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү энергетикага баанын көтөрүлүшү менен Дүйнөлүк Банктын карыз берүү программасынын байланышы жок деген билидирүү таратты. Бирок ошого карабай эле Дүйнөлүк Банк Кыргызстандагы электр энергиясына тартифтердин жогорулашына кызыкдар деп бир нече жылдан бери бул талапты коюп келатканы да айтылып келаткан да. Дүйнөлүк Банктын чындыгында эле эч кандай байланышы жокпу электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшүнө?

- Кыргызстандын энергетика тармагын бөлүп, кайра түзүү дагы мурда Дүйнөлүк Банктын талабы боюнча жасалган. Азыркы тарифти көбөйтүү дагы Дүйнөлүк Банктын аябай катуу кийлигишүүсү менен болду деп эсептейм. Алар биздин республикадагы эл менен кеңешпей, элдин акыбалын билбей жасаган реформалардын бардыгы кулап, эч нерсеге татыбай турган иштер болуп, биздин экономикабыздын баардыгын талкалап бүтүрдү.

- Демек тиешеси бар турбайбы?

- Ооба. Эмне дегенде Дүйнөлүк Банкка, Эл аралык валюта коруна жана башка эл аралык финансылык институттарга биздин карызыбыз аябай көбөйүп кетпедиби. Азыр биздин тышкы карызыбыз Финансы министрлигинин айтканына караганда, 2 жарым миллиард болуп калды. Бирок менин баамдоом боюнча, азыр биздин сырткы карызыбыз 2 млрд. 800 миллионго чейин жетип калды.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG