Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Өзбекстан кыргыз кыштагын жарыксыз калтырды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы айыл
Кыргыз-өзбек чек арасындагы айыл

Кыргызстандын Араван районуна караштуу Дадахан, Достук жана Көмүрчү айылдарын Өзбекстан электр энергиясы менен камсыз кылаар эле. Бирок акыркы аптада коңшу өлкө экинчи тарап менен кеңешип-таңашпастан, Достук кыштагына жарык берүүнү эскертүүсүз токтотту.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын Араван районуна караштуу Дадахан, Достук жана Көмүрчү (жаңыча аталышы Жар-Кыштак) айылдарын Өзбекстан Совет доорунан бери электр энергиясы менен камсыз кылып келаткан. Бирок акыркы аптада кошуналар Достук кыштагына жарык берүүнү эскертүүсүз токтотту.

- Бир гана Достук айылында ушундай факты жүз берди. Мисалы үчүн Өзбекстан өзүнө тиешелүү электр линиясын жана мамыларын чыгарып кетти, - деп билдирди «Азаттыкка» Араван районунун акиминин орун басары Абдулхаким Абдулхамидов.

Кепти улаган Көмүрчү (жаңыча аталышы Жар-Кыштак) айылынын тургуну Жаркынай аттуу келиндин айтымында, электр жарыгы көбүнчө өчүк турат.

- Ар бирибиздин үйүбүздө эки-үчтөн наристелерибиз бар. Мындан тышкары оорукчан кемпир-чалдар колубузда. Жарык болгону үч саат гана тамызылат. Балдарыбыз сабак даярдаганга үлгүрбөй жатышат. Оокат кылыш андан бетер азапка айланды. Өткөн жылы электр энергиясы таптакыр жанган эмес, - деп тызылдады үй кызматкери Жаркынай аттуу келин.

Ушул жерлик дыйкан Хамдамжан Давронов кабарлашынча, Өзбекстан Кыргызстанга карата мамилесин кескин катаалдатып, чек арасын үстүбүздөгү жылдын 27-августунан бери бир тараптуу жаап таштады.

- Өзбекстан чек араны бойлото аң казып, бизге чектеш тилкеде жашаган жарандарын дээрлик башка жайларга көчүрдү. Келиндерибиздин көпчүлүгү коңшу өлкөдөн эле, тилекке каршы, жамандык-жакшылыкка катташпай чайналып турган чагыбыз. Жарыкты жакында үзөбүз деп жатышат. Анда кантебиз, билбейм? Жердештерим айласы куруганда топтолуп, мындайга каршылыгын билдирели дешүүдө, - сөз арасында ушундай деген Хамдамжан Давронов элдин ырайы чатак экендигин ырастады.

Бул аралыкта Көмүрчү кыштагынын орун басар башчысы Хусанбай Сабиров маселенин жайгарылышын кечеңдеткендиги үчүн жогорку бийликти айыптады.

- Бизге электр линиясы Өзбекстандан тартылган. Жалгыз көйгөй: ошол түйүндү Кыргызстанга улаш керек экен. Аны үчүн, албетте, зымды табуу жеңил. Бирок темир мамылар таңкыс болуп турат. Бул жагы райондун акими, облустун губернатору менен сүйлөшүлгөн. Ошентсе да, эмдигиче чечилген жок! - Ушинткен Хусанбай Сабиров акыркы үмүт президент Бакиевде калгандыгын кошумчалады.

Биз кепке тарткан аравандыктар Дадахан айылын да Көмүрчү кыштагынын кейиштүү тагдыры күтүп тургандыгын белгилешти. Алар ошондой эле Өзбекстан чек ара тилкелериндеги электр мамыларын жана трансформаторлорун жыйыштырып кетип жаткандыгын айтышты.

Деген менен Араван районунун акиминин орун басары Абдулхаким Абдулхамидов аталган үч айылдын көйгөйлөрү чекесинен чечилип жаткандыгын маалымдады.

- Силер айткан Достук айылында бүгүнкү күндө жарык жандырылды. Линия Кыргызстанга уланды. Мындан башка кыштактарда да энергетикалык коркунуч бар. Маселен, Дадахан жана Көмүрчү (жаңыча аталышы Жар-Кыштак) айылдары азыр кудум ушундай акыбалда. Бирок Өзбекстан аларга электр кубатын берүүнү улантууда.

Акимдин орун басары Абдулхаким Абдулхамидов Өзбекстан мындан ары жарыкты өчүрбөй тургандыгын бышыктады.

Ошентсе да жергиликтүү талдоочулар Кыргызстан өлкө ичинде бирдиктүү электр түйүнүн түзмөйүнчө, Өзбекстанга энергетикалык көз карандылыктан толук кутула албастыгын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG