Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Электр кубаты жана жылуулук үчүн тарифтер арзандады


Осмон Артыкбаев
Осмон Артыкбаев

Энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмон Артыкбаев “Азаттыктын” түшкү түз обосунда энергетика тармагындагы абал, тариф саясатына байланыштуу суроолорго жооп берди.

-Убактылуу өкмөт электр кубатына жана жылуулук үчүн тарифтердин жаңы баасын бекитти. Бирок азыр эл арасында кайсы убакыттан баштап ушул арзандатылган тарифтер менен төлөйбүз деген суроолор көп болуп жатат.

-1-апрелден баштап ушул тариф менен төлөй баштайт.

- Мурдагы бийликтин тушунда айрым топтор үчүн электр кубатын пайдаланууга болгон жеңилдиктер да алынып салынган эле. Бул жеңилдиктер да кайра калыбына келдиби?

-Толугу менен калыбына келди.

- Жалпы эле энергетика тармагындагы абал кандай азыр?

- Жалпы энергетика багытындагы абал азыр стабилдүү, бардык ГЭСтер иштеп атат, энергосистема өз калыбында, баардыгы толук кандуу, эч бузулбай толук иштеп атат.

- Акыркы эки жылдан бери суу тартыштыгынан улам бир топ кыйынчылыктар болуп келди эле. Эми быйыл сууга байланышкан жагдай кандай болуп жатат?

- Кудай буюрса быйыл суу мол. Ушул күнү былтыркыга караганда 3 млрд. куб метр суу көп. Күзгө жакын биз дагы көп суу алабыз. Быйыл суу мол болот, электр жарыгы мурдагы жылдардагыдай маал-маалы менен өчүрүлбөйт Кудай буюрса. Бул жагынан баардыгы жакшы.

- Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу азыр кандай жүрүп жатат?

- Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу өз нугунда жүрүп жатат, өз графиги менен. Бирок айта кете турган нерсе, убагында кээ бир техникалык жактан, долбоор жактан анча-мынча туура иш болбогонуна байланыштуу, Камабар-Ата-2 ГЭСинин курулушу долбоордо белгиленген жерге чейин көтөрүлбөй калган. Азыр ошого байланыштуу кошумча каражаттар талап кылынып атат. Анан мурдагы бийликтин тушунда 25-майга биринчи агрегатты ишке беребиз деген жөн эле айтылган сөз экен. Негизинен 25-майга анын бүтүшү мүмкүн эмес. Бирок азыр атайын комиссия түзүлүп, биринчи агрегатты качан ишке киргизүү маселесин кайра иштеп чыгып атабыз.

- Азыр эле түшкөн маалыматка караганда, Ошто энергетиктер, тактап айтканда “Ош электронун” кызматкерлери өздөрү директорлукка шайлаган Асылбек Артыковду ордуна калтыруу талабы менен нааразылыкка чыгып жатыптыр. Бул боюнча кабарыңыз барбы?

- Ооба, азыр “Ошэлектронун” убактылуу башчысы болуп иштеп аткан жигитти ордунда калтыруу талабын коюп жатышат. Ал жигит менен сүйлөштүк. Ал буга чейин эле ошол мекемеде иштеп, элдин ишеничине кирген, иштерман, иштин көзүн билген жигит экен. Аны биз ордуна коюп, ишеним көрсөтүп атабыз.

- Рахмат маегиңизге
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG