Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Олимпиада жеңүүчүлөрү Борбор Азиядагы Америка университетинде акысыз окуйт


Борбор Азиядагы Америка университети
Борбор Азиядагы Америка университети

Кыргызстандын мектептеринде 5-11-класстагы окуучулар арасында англис тили боюнча олимпиада өтөт. Билим сынагынын жеңүүчүлөрү Борбор Азиядагы Америка университетинде акысыз окууга мүмкүнчүлүк алат. Аталган окуу жайдын расмий сайты билдиргендей, жалпысынан университет төрт жеңүүчүгө акысыз окууга жолдомо берет. Ал эми экинчи, үчүнчү орун алгандар 100 миң жана 50 миң сом байгеге ээ болот.

Мындан башка 5-10-класстар арасында жеңүүчүлөр 10 миң сомго ээ болсо, экинчи жана үчүнчү орундарга 7 жана 5 миң сомдон байге каралды.

Олимпиаданы “Билимкана” мектеби, Билим берүү министрлиги менен бирге уюштурууда.

Сынак үч этап менен өтүп, алгачкы сынак мектептердин деңгээлинде 1-апрелде башталат. Андан соң райондук жана улуттук олимпиадалар өтөт. Билим сынагына өлкөнүн бардык мектебиндеги 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катыша алат.

XS
SM
MD
LG