Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Ушу тапта иштебей турган Токмоктогу “Inter Glass” ишканасына Европа өнүгүү жана реконструкция банкы технологиялык кайра жабдуу үчүн 10 миллион Евро карыз акча бөлүүдө.

Каражаттын баары ишкананы толугу менен технологиялык кайра жабдууга, чыгарылчу продукциянын көлөмүн арттырууга жумшалмакчы.

“Inter Glass” ишканасына Европа өнүгүү жана реконструкция банкынан бөлүнүп жаткан 10 миллион Еврого кошумча айнек заводдун Алманиядагы башкы ишканасы 3,8 миллион Евро өз чөнтөгүнөн чыгармакчы. Оңор эмес акчанын баары ишкананын технологиясын жаңыртууга, энергияга үнөмчүл жабдууларды сатып алууга жумшалмакчы. Ушу тапта кайрадан жасалып жаткан айнек заводдун меши адистердин айтуусунда, 12 жылга чейин оңдоп-түзөөсүз иштеп берүүгө жарайт.

Экономикалык кризис келгени айнек заводдун продукциясы Орусия менен Борбор Азиядагы өлкөлөргө мурдагыдай өтпөй калды. Андан да Өзбекстандын “көгүлтүр отундун” баасын көкөлөтүп ийиши айнек заводду энергетикалык жагынан үнөмчүл технологиялык жабдууларды издөөгө мажбур кылды. Еврпопа банкынан алынчу кредит азыркысына салыштырмалуу энергияны 40% аз сарп кылчу жабдууларды сатып алууга жумшалмакчы. Ишкананын башкы директору Жеңишбек Жаныбековдун айтуусунда, буга чейин ушул эле банктан 5,5 миллион Евро кредит алынган.

“Билесиздер, заводдо күмүш айнек чыгаруу линиясы ишке киргизилген,- дейт Ж.Жаныбеков. - Күн нурунан калкалоочу айнек чыгарылат. Азыр биздеги эң негизги милдет, ишкананы калыбына келтирип, ишке киргизүү. Чыгарылчу продукциянын санын көбөйтүү. Завод суткасына 600 тонна айнек чыгаруусуна жетишебиз”.

Токмоктогу айнек заводунун Алманиядагы баштооч ишканасы “Steinert Industries” компаниясынын Кыргызстандагы жетекчиси Владимир Штейнерт кредит Европа банкынан жылдык үстөгү 6% менен алынып жатканын мааалымдады.

“Завод толугу менен кайрадан жасалып чыгат. Негизги өзгөрүүсү, мен жогоруда айткандай, энергия үнөмдөө. Энергонун натыйжасы 40% жогорулайт”.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри, Европа өнүгүү жана реконструкция банкынын Кыргызстандагы жетекчиси Акылбек Жапаровдун айтуусунда, жакын арада банк Ош-Исфана жолун оңдоого 35 миллион, Бишкек шаарынын таза суу долбооруна 10 миллион доллар акча бөлүүдө.

“Кыргызстанга мындан ары өкмөттүн кепилдиги жок эле жеке ишкерлерге келе турган акчанын көлөмү үч жылдын ичинде 250 – 240 миллион доллардын тегерегинде болот го, деген менин үмүтүм бар. 1992-жылдан бери быйылкыга чейин биз болгону 250 миллион доллар алсак, үч жылдын ичинде ушунча акча алабыз деп ишкерлерге шарттарды түзүп берип жатабыз”.

Европа өнүгүү жана реконструкция банкынын Алмания бөлүмүнүн башчысы Жоахим Шварцер Европа менен Кыргызстан ортосундагы экономикалык байланыш тереңдеп баратканына токтолду.

“Биз ал дагы улана берет деген үмүттөбүз. Биздин билишибизче чет элдик көптөгөн инвестчилер Кыргызстанга келүүгө, бул жерде жаңы иш орундарын ачууга кызыкдар”.

Аталган банктын Борбор Азия боюнча бөлүм жетекчиси Масару Хонманын пикиринде, ириде чет эл инвестициясына жагымдуу шарт түзүлүшү керек.

“Дагы бир маанилүү аспект – инвестициялык климаттын жакшыртылышы. Эгер ал кийинки үч жылдагыдай ыңгайлуу жагдайга көчсө, биздин бул жерде иштей турган ишибиздин көлөмү көбөймөкчү”.

Орусия менен Казакстан дүйнөлүк экономикалык кризиске капталган соң алар менен тыгыз экономикалык алака-катыштагы Кыргызстандагы биртоп ири ишканалар токтоп калган. Ошондой жагдайга туш келген Токмоктогу айнек заводу карыз акча алып толук жаңыланууга киришүүдө.
XS
SM
MD
LG