Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Кыргызстан- Шанхайдагы “ЭКСПО-2010” бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө


Шанхайда өтүп жаткан “ЭКСПО-2010” бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндөгү Кыргызстан экспозициясына ар бир күнү 20 миңге жакын адам келүүдө.

Шанхайда өтүп жаткан “ЭКСПО-2010” бүткүл дүйнөлүк көргөзмөcү “Адам жана шаар” тематикасына арналган.

“Кыял” кол өнөрчүлүк бирикмесинин жетекчиси Султан Макашовдун айтымында Кыргызстандын экспозициясын үч ай ичинде эки миллиондон ашуун адам көрдү.

Мындан тышкары, америкалык “Time” журналынын тандоосу боюнча кыргыз көргөзмөсү эң мыкты беш экспозициянын катарына кирген:

-“ЭКСПО-2010” дүйнөлүк көргөзмөнүн ачылышы өлкөдөгү оор абалга туш келгендигине карабай, кыргыз адистери, биз Шанхайга өз убагында барып, көргөзмөнүн расмий ачылыш күнүнөн тартып ишин чеберчилик менен баштады. Бишкектик сүрөтчү композициясына ылайык быйылкы көргөзмө “Манас” дастанына арналып, Теодор Герцендин Манас тууралуу тарткан сүрөттөрү пайдаланылып, майрамдык боз үй тигилип, анын ичине элдик чеберлердин эмгектери коюлуп, ал улуттук оймолор, кол өнөрчүлүк буюмдар менен кооздолгон. Көркөм буюмдардын көргөзмөсү эмес, Кыргызстан жөнүндөгү көркөм аңгеме катары көрсөтүп жатабыз.

Кыргызстан жана Кытай элчиликтери биргелешип, кыргыз өкүлчүлүгү менен расмий жолугушуу программасын иштеп чыккан. “ЭКСПО-2010” 3-4-августта Кыргызстандын күндөрү уюштурулуп, анда өлкөнүн экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев Шанхай шаарынын вице-мэри менен жолугушкан.

Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө Кыргызстандын желеги гимндин коштоосу менен көтөрүлүп, өлкөнүн күнү жогорку деңгээлде өттү. Анын расмий бөлүгүндө Кыргызстан өкүлдөрүн Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Чэн Гопин жана Шанхай шаарынын вице-мэри кабыл алып, эки тараптуу келишимдерге кол коюлган.

Көргөзмөдөгү Кыргызстандын улуттук күнү учурунда кыргыз-кытай мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги тууралу пикир алмашуулар болду. Шанхайда “Ордо Сахна” этнографиялык-фольклор театрынын жана башка артисттердин гала концерти тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.

Көргөзмө учурунда Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалдан улам дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары өлкөнүн тышкы саясатынан шек саноо болуп, кыргыз көргөзмөсү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экендиги да айтылып кеткен.

Бирок андай кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстан улутук күнүн ийгилик менен өткөрө алды.

“ЭКСПО-2010” көргөзмөсү 31-октябрга чейин созулат, анын ичинде Кыргызстандын экспозициясы дагы көрүүчүлөр үчүн өз ишин улантууда.

Дүйнөлүк «ЭКСПО» көргөзмөсү беш жылда бир жолу өткөрүлөт. Кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» бирикмеси 2000-жылы Германиянын Ганновер шаарында өткөн эл аралык көргөзмө-жармаңкеге катышып, алтын медаль менен сыйланган.

Чет өлкөлүктөр кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнө кызыгып, айрыкча кийиз буюмдарын көп сатып алышаарын, жеке ишкер, уздар эл аралык көргөзмөлөргө катышпай калып жатканын кеминдик уз Мунара Абдураимова билдирди:

- Биз өзүбүз эл аралык көргөзмөлөргө катышпайбыз. Биздин буюмдарыбызды сурап, сатып алып кетишет. Маселен, Германияга, Америкага, Кореяга, Кытай, Жапанияга жана башка өлкөлөргө биз жасаган буюмдар кетип атат. Чыныгы чеберлер мындай иш-чаралардан сыртта калып жатышат. Биздин буюмдарды алып сатарлар алып, Шанхайдагы сыяктуу көргөзмөлөргө алып кетүүдө. Кандай жасалаарын, кандай маанини түшүндүрөөрүн алар билбейт. Айылдык уз-усталар четте калып, Бишкектеги “Кыял” өндүрүштүк бирикмесинин кол өнөрчүлөрү, буюмдары көргөзмөлөргө кетип жатканы бизди абдан өкүндүрөт.

Мына ушундай эле пикирди эл аралык көргөзмөлөргө катышууга дилгир бишкектик уста Ислам Исраилов да “Азаттыка” билдирип, мыктыларды иргеп алуу үчүн өлкөдө атайын сынак өтсө дейт.

Кыргызстан “ЭКСПО” эл аралык көргөзмөсүнө ушуну менен төртүнчү ирет катышууда.

1993-жылы Түштүк Кореянын Тэджон шаарында, 1998-жылы Португалиянын Лиссабон, 2000-жылы Германиянын Ганновер жана 2005-жылы Жапниянын Нагоя шаарында өткөн “ЭКСПО” көргөзмөлөрүндө кыргызстандык кол өнөрчү, сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган.

Быйылкы Шанхайда өтүп жаткан “ЭКСПО-2010” бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө 70 миллиондой көрүүчү келээри божомолдонуп жатат.
XS
SM
MD
LG