Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Жашы жете элек кыздарды турмушка чыгууга мажбурлоо боюнча ушул жылдын 8 айында 21 факт катталган. Бул көрсөткүч мындан да арбын болушу мүмкүн. Анткени мындай көрүнүш көп учурда көз жаздымда калат.

Элвираны мектепти бүтүп-бүтө элегинде эле сүйлөшкөн жигити эмес, сыртынан тааныгын айылдашы ала качып кеткен. Азыр ал жапжаш туруп эки баланын энеси:

-Мен 18 жашымда эле төрөдүм. Балам ара төрөлдү. Аябай кыйналдым.
Өзүм жаш болсом, анан балалуу болсом. Кээде ооруп калат. Эмне кылаарымды билбей калам. Жаңы үй-бүлөгө да эптеп көнүп кеттим.

Адисттердин айтымында Кыргызстанда көпчүлүк үй-бүлө эми баш кошуп түтүн булата баштаганда тез эле балалуу болууну каалашат. Бирок көпчүлүк учурда келиндин жаш келгени аз келгенсип, анын бала көтөрүүгө организми даярбы деген жагдайды эч ким этибарга ала бербейт. Ал эми бул фактор келечекте төрөлө турган наристенин да эненин да ден соолугуна кедергисин тийгизет:


-Бизде бир кызыктай түшүнүк бар. Турмушка чыктыбы ошол замат төрөш керек. Ал деген даяр нерсе эмес да. Жаш кыздын денесиндеги гармоналдык статус даяр эмес.Төрөт учурунда кан кетип калышы мүмкүн, бир жерине доо кетиши мүмкүн. Энесинин ден-соолугу ошондой болсо, анан ал балага берилет да. Убагында билинбегени менен, анын жыйынтыгы кийин эле көрүнүп калат,- дейт шаардык төрөт борборунун кызматкери Наби Тагиев.

Кылмыш жаза кодексинде аялды никеге турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбурлаганда тиешелүү айыппул салынат же күнөөлөнгөн адам беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кыргыз Акыйкатчысынын орун басары Мамат Момуновдун айтымында, өлкөдө аялдарды коргогон мыйзам бар болгону менен ал иштебей жатат. Ага “менталитет” деген түшүнүк себеп болууда:

-Бизде кыз-келиндер ички сырын сыртка чыгаргандан коркушат. “Бирөө айтып коет, кошуналар-туугандар эмне дешет, сөз болуп кетпейби” деп эч нерсе айтышпайт. Кээде кеңеш алганы келишет да ишти аягына чыгаруудан качышат. Коп учурда акырын оз алдынча эле сүйлөшүү жолу менен бүтүрүшөт. Өтө жаш кыздарды ала качкан бир экөө жазаланып калса, ал кийинкилерге сабак болот эле.


Мыйзам боюнча Кыргызстанда жаштар 18 жаштан тарта үй бүлө курууга укуктуу. Бирок үй бүлө кодексиндеги бул меселе боюнча айрым артыкбаш кошумчалоолор мыйзамдын толук кандуу иштешине өзүнүн терс таасирин тийгизип жатат деп эсептейт Юрист Ракия Рахматова:

-Үй-бүлө кодексинде мусулман кыздарга 16 жаштан турмушка чыгууга болот деп киргизилген. Бирок менимче бул пункттун кереги жок. Аны алып салганда ушундай жагдайга туш болгон кыздар сотко кайрыла алмак. Биздин өлкө светтик мамлекет болгондон кийин, бул пунктту алып салса туура эле болмок.


Адистер азыр жашы жете элек кыздардын өздөрүнүн укуктарын билбегендиги дагы абалды татаалдаштырып жатканын айтып жатышат. Анткени мектеп программаларында деле бул проблемага түздөн-түз тиешеси бар предмет жок:

-Мектепте деле мен билгенден аялдардын укугу тууралуу предмет жок. Эгер мектепке аялдардын гана эмес, эркектердин да укугу тууралуу бир жалпы предмет болсо, жакшы болмок. Менимче муну билим берүү министрлиги иштеп чыгып сунуш кылса болмок. Бир эженин сөзүн кайталагым келет. Кыздар үй-бүлө кодексин жаттамайын күйөөгө чыкпай эле коюш керек деп айтып калчу. Мен ушуга кошулат элем.

Ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда, 2008-жылдын 8 ай аралыгында аялдарды никеге турууга мажбурлоо боюнча отуздан ашык факт катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу жыйырма жетиге көп. Ал эми он алты жашка чыга элек кыздарды мажбурлоо боюнча өткөн жылы бир окуя катталса, быйыл бул көрсөткүч жыйырма бирге жеткен.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG