Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Тилсиз жоодон сак болгула!


Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде өрт чыкты. Ага баш калаадагы өрт өчүргүч бригадалары катышып, жабырлануучуларды куткарып, тилсиз жоого каршы күрөштү. Дал ушундай сценарий менен өрткө каршы күрөшүү агенттиги окуу өткөрдү.

Энелерди жана балдарды коргоо боюнча улуттук борбордун имаратынын күн чыгыш бөлүгүндө өрт чыкты. Ошол маалда ооруканада жүргөн адамдардын бир бөлүгү сыртка чыгууга жетишкени менен, өрткө чумкулган имараттын бөлмөлөрүндө бир катар адамдар калышкан. Өрт өчүргүчтөр аларды сактап калуу камын көрүп жатышты.

Ооруканадагы тилсиз жоону жайгарууга жана адамдарды сактоого өрт өчүргүчтөрдүн беш тобу жана куткаруу кызматынын өкүлдөрү катышты. Алар жарым сааттын аралыгында 20 чакты адамды куткарып, машинеге коштолгон тепкич аркылуу үчүнчү кабатка чыгып, суу менен дубалдарды жан күйүп жаткан оокаттарды өчүрүштү.

Тынчтык Шаршекеев оорукананын үчүнчү кабатынан өрт өчүргүчтөрдүн жардамы менен сыртка чыккан. Мындай өзгөчө кырдаал маалда “тез аракет көрүлбөсө адамдын өмүрүнө коркунуч жаралат” дейт ал.

- Күтүлбөгөн жерден ооруканада өрт чыгып, биз тиешелүү жерлерге телефон чалдык. Алар тез аралыкта келип бардыгыбызды куткарышты. Айрымдарыбызды капталдагы эшик аркылуу, башкаларыбызды тепкич аркылуу алып чыгышты. Биз жеңил жарат алыптырбыз, бир аз оор жаракат алгандарды көтөрүп түшүп дарыгерлерге көрсөтүп жатышат. Имараттагы жалын өз убагында өчүрүлбөгөндө, дубалдар күлгө айланып адамдар үчүн да кооптонууну жаратмак.

Шаардык ооруканада өткөн бул окутууга өрткө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнөн алты унаа келди. Ошондой эле тез жардам жана куткаруу кызматынын адистери жардам көрсөтүштү.

Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин ага инспектору Болотбек Ногойбаев “бүгүнкү окутуу өз максатына жетти” деп билдирди.

- Өрттүн очогу имараттын экинчи кабатында орун алыптыр. Биздин кызматкерлер бардык бөлмөлөрдү кыдырып 20 адамды имараттан алып чыгышты. Өрт өз убагында 45-50 мүнөттүн ичинде өчүрүлдү. Мындай окуулар бизде ар бир чейректе болуп турат. Бул иш-чара кайсы имаратта, кандай учурда эмне кылуу керек деген суроолорго сабак болот.

2010-жылдын алгачкы үч айында өлкө боюнча 533 өрт фактысы катталып, 35 миллион сомдук материалдык зыян келген. Тилсиз жоонун кесепетинен 17 адам көз жумса, дагы 17 адам оор жаракат алган. Ошол эле маалда өрт өчүргүчтөр 31 адамдын өмүрүн тилсиз жоодон сактап калышкан. Кыргызстанда өрт кырсыктары көп учурда Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад аймактарына туура келүүдө.
XS
SM
MD
LG