Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Кыргызстанда жаш окумуштуулар алдыңкы изилдөөлөрдү жүргүзүп, ойлоп табууларды жасоого күчү жетет.

Бирок алардын күчү жеткени менен колдоонун аздыгынан улам долбоорлору ишке ашырылбай келет.

Каржылык колдоо болсо эле...

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти Нооруз Абдрахманов маалымат технологиялар багытында изилдөө жүргүзүп келет. Ал бул тармакта майда-барат программаларды, маалымат базаларын түзүп келгенине карабастан чоң долбоорлорду ишке ашыра албай жатат. Мунун себебин Кыргызстанда изилдөө жүргүзүп, ойлоп-табууларды кылганга мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болгондугу менен түшүндүрөт:

- Каржылоо жагы аз болуп жатат. Ушул жаш окумуштуулар үчүн жаңы жаңы цех, лабораторияларды ачып беришсе. Каржылоо болсо эле, бизде Кыргызстанда окумуштуулар көп. Потенциал бар.

Илим тармагында каражаттын жетишсиз болуп жатканы, жаштарды илимге тартуу, алардын деңгээлин көтөрүүгө багытталган “Жаш илимпоздордун биринчи форумунун” негизги оюунун бирине айланды. Бир катар адистер бул тармакка колдоо көрсөтүлүп, акча каражаты бөлүнө турган болсо эле, илим тармагында алгылыктуу ачылыш болмок деген пикирлерин билдиришти.

Канат Садыков
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков учурда Кыргызстандагы илим тармагына коңшу өлкөлөрдөгүгө салыштырмалуу абдан эле аз акча каражаты бөлүнөөрүн ачыктап өттү:

- Өлкөнүн бюджетинен бөлүнгөн каражаттар илим тармагынын бир бөлүгүн гана камтыйт. Ал каражаттар айлык акы, социалдык багыттарга гана бөлүнөт. Тиешелүү каражаттарды алууга, изилдөө материалдары үчүн жетиштүү акча каражаты жок. Бүгүн биздин илим тармагыбыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 0,12% пайызына гана тете акча каражаты менен камсыз болгон. Коңшу Казакстан жана Орусияда ички дүң продукцияларынын 2 пайыздайы илим тармагына жумшалат.

Жаш илимпоздор сыртка агылууда

Жаш окумуштуулардын координациялык кеңешинин маалыматтары боюнча, Кыргызстанда дээрлик бардык тармактарда изилдөө жүргүзгөн жаш илимпоздор бар. Учурда Кыргызстанда 5 миңге жакын илимий-техниклык кызматкерлер болсо, алардын ичинен 650 адам илимдин доктору, 3000ден ашык илимдин кандитаттары бар. Анткен менен илимпоздордун ичинен 35 жашка чейинкилери жаш адамдар 14%ды гана түзөт.

Жаш окумуштуулардын долбоорлору
Форумдун катышуучулар билдиришкендей, илим тармагына эмгектенген жаштардын аз болушу, бул тармакта аларды кызыктыра турган аракеттердин жасалбаганында. Мындан улам медицина, маалымат технологиялары багытында илимпоз, адистер чет өлкөлөргө чыгып кетип жатканы айтылат. Алсак жыл сайын Кыргызстандан кеминде 200дөн ашык илимий кызматкерлер чет өлкөгө иштеп кетишүүдө.

Деген менен илимий кызматкерлердин жана илимий наамдардын салмагы да бир катар илимпоздор көңүл бурган маселеге айланды. Алардын бир катары азыркы учурда илимий наамдар акча менен гана алынып калынганын, жакталган илимий иштер ишке ашырылып, пайда келтирбей жатканын белгилешти.

Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев илимий иштердин сапатына Билим берүү жана илим министрлиги катуу көңүл бурууга чакырды:

- Аспирантура билимин берген бир топ окуу жайлардагы органдар аспиранттардан акча жасаган тармакка айланып кетишти. Ошол эле учурларда алар чоң жоопкерчиликти алып жатышат. Аспиранттардын иш эффективдүүлүгү болгону үч пайызды түзөт. Бул аспиранттардын үч пайызы гана өз иштерин белгиленген мөөнөттө жакташаш дегендикке жатат. Мындан улам бул жагдайды Билим берүү жана илим министрлиги катуу көзөмөлгө алышы керек.

Илим күнүнө арналган “Жаш окумуштуулардын биринчи форумунда” илимпоздордун көбү өлкөдө илим тармагын реформалоо керектигин, мындай өзгөрүүлөр Улуттук илимдер академиясына да тиешелүү экендигин белгилешти. Мындан сырткары жаш илимпоздорду илимге тартуу үчүн аларды кызыктыра турган шарттарды түзүп берүү керектиги да белгиленди. Илим тармагын өнүктүрүү иши үчүн жаңы бийликтен үмүт кылгандар да көп болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG