Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Кыргызстанда Н1N1 вирусу менен он адам катталды. Алар өлкөгө 3-ноябрь күнү Москва-Бишкек поезди менен келген. Чочко тумоосун жуктуруп алгандардын сегизи ооруканага жаткырылып, экөө үй шартында дарыланууда.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган чочко тумоосу алгач Мексикада былтыр жазында пайда болуп, дээрлик баардык мамлекеттерге жайылган. Кыргызстанда Н1N1 вирусу ушул жылдын август айында катталган. Андан бери төрт жаранда бул илдет табылып, алар дарыланып чыккан эле. Эми чочко тумоосу менен он адам катталганы белгилүү болуп отурат.

3-ноябрдын таңында Москва-Бишкек поезди менен келген 12 киши тумоолоп калганы белгилүү болгон. Текшерүүдө 10 кишиге чочко тумоосу жукканы аныкталып, алардын сегизи ооруканга жаткырылган. Ал эми калган экөө кичинекей балдар, алар үй шартында дарыланышууда.

Бишкектеги Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Нарынбек Айткулиев оорулуулардын абалы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Ооругандардын бешөөсүнүн температурасы көтөрүлгөн, башкаларыныкы нормалдуу экен. Башкача айтканда, алардын ахыбалы жеңил. Үчөөнүкү орточо оордукта. Алардын баардыгынын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө эгерде чочко тумоосу пандемиялык мүнөздө жайыла труган болсо, анда эки жылдын ичинде 2 млрд. адам ооруга чалдыгышы мүмкүн. Адистердин айтымында, алардын жарымы жеңил-желпи эле айыгып кетет, отуз пайызында илдет орто оордукта өтөт. Ал эми жыйырма пайызында илдет оор мүнөздө өтүшү мүмкүн. Нарынбек мырзанын айтымында, чочко тумоосу иммундук системасы начар адамдарга өзгөчө коркунуч туудурат:

- Жогорку дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары бар адамдар, кант диабети, жүрөк оорусу менен жабыркагандар, кош бойлуу энелер үчүн бул оору өтө коркунучтуу. Анткени көп жылдан бери ооруган адамдын иммундук системасы начар болуп, организмдин ар кыл вирустарга каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгү начарлайт.

Эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Зуридин Шариповдун белгилешинче, учурда сөз болуп жаткан дарттын жайылып кетишин алдын алуу боюнча иш-чаралар көрүлүүдө:

- Ушул тапта чочко тумоосун жуктургандарды дарылоо үчүн сегиз миңден ашык доза бар. Бул бизге азырынча жетиштүү. Оорулуулардын баардыгы тең чет өлкөдөн келгендер болуп атпайбы, андыктан чет жактардан келгендерди санитардык дарыгерлер текшерип атышат. Мындан тышкары баардык министрликтердин өкүлдөрү менен бирге иш план даярдап, өкмөткө жөнөткөнбүз. Кудай буйруса, ага кол коюлса, министрликтер өздөрүнө тишелүү жасай турган иш-чараларды жүргүзүшөт.

Адистердин айтымында, чочко тумоосунан сактануу үчүн иммундук системаны жакшыртуучу каражаттарды пайдаланып, колду самын менен тез-тез жууп, эл көп чогулган жерде маска тагынып жүрүү керек.

Жаш дарыгер Ибрагим Тойчубаев бул илдет тууралуу, андан сактануу жолдору жөнүндө калкка маалымат берүүнү колго алуу зарыл деген пикирде:

- Өзгөчө айыл жергесинде жашагандар чынында бул дарт тууралуу көп биле беришпейт. Анткени алыскы райондордо жашаган элеттиктер гезит көп окушпай, үналгы-сыналгы деген дагы аз. Андыктан аларга чочко тумоосунан сактануу жолдору тууралуу көбүрөөк маалымат берүү зарыл. Мисалы мектеп окуучуларына ушул темада түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул боюнча диктант, сочинение жаздырса болот.

Ушул тапта АКШ, Орусия, Австралия өңдүү ири өлкөлөрдө чочко тумоосуна каршы эмдөөчү дарылар иштелип чыгып, учурда алар атайын текшерүүдөн өтүүдө. Эгерде ал каражаттар сыноодон ийгиликтүү өтсө, аталган өлкөлөрдө чочко тумоосуна каршы эмдөөлөр декабрь айында башталышы керек. Адистердин айтымында, андан соң ал дарылар Кыргызстанга да алып келинип, эмдөө иштерин тез арада жүргүзүлсө, анда илдетти кескин түрдө төмөндөтүүгө болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG