Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Чочко тумоосунан пайдага туйтунгандар


Айрым шаар тургундарынын билдиришинче, чочко тумоодон сактануучу бет каптар бүгүн 8 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов айрым ишкерлер учурдагы абалдан пайдаланып, бет каптын баасын көтөрүп жибергендигин белгилеп, бирок жакында бет кап жетиштүү түрдө шаардын дарыканаларында сатыларын билдирди.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаменти Монополияга каршы комитети менен бирдикте дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө боюнча текшерүү иштерин башташты. Бул туурасында комитеттин жетекчисинин орун басары Назира Үсөналиева “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

“Азаттык”: Назира айым, бүгүнкү күндө айрым бизнесмендер чочко тумоосу боюнча кырдаалга байланыштуу, сактоочу бет каптардын баасын көтөрүп жиберип, пайданын артынан түшкөнү айтылып жатат. Сиздерде аларды ооздуктоо аракети көрүлүүдөбү?

Назира Үсөналиева: Негизи дары-дармектердин баасынын түзүлүшү боюнча маселеге Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары дармектер менен камсыз кылуу боюнча департамент жоопкерчиликтүү болуп саналат. Биз болсо эгер керектөөчүлөрдөн баанын өсүп кеткендиги боюнча арыз даттануулар түшкөн учурда гана маселени кароого укугубуз бар.

Керектөөчүлөрдүн укуктары сакталат....же сакталбайт

“Азаттык”: Анда сиздерге жакын арада керектөөчүлөрдөн ушундай кайрылуулар болдубу?

Назира Үсөналиева: Жок, бизге керектөөчүлөр тарабынан кайрылуулар болгон жок. Болгону 10-ноябрда кечинде аталган департаменттен “Баа көтөрүлүп кетти. Чогуу иш чараларды жүргүзөлү” деген кат келди.

Бүгүн-эртең Бишкек шаарындагы дары-дармектер саткан мекемелерди текшерип, анализ жасап, чогуу аракет кылалы деген иштер башталды. Бирок биздин укуктар баары бир чектелип жатат. Азыркы керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндөгү мыйзамга ылайык, биздин комитет рынокто 35 пайыздык үлүшү бар гана мекемелердин, башкача айтканда, монополисттердин ишмердүүлүгүн гана текшере алабыз.

Ал эми майда ишканаларды кардарлардын кайрылуусуз текшере албай калып жатабыз. Биз ошондуктан өкмөткө атаандаштык боюнча жаңы мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Анда ушул чектөө алынып салынган. Азырынча ал мыйзам өтө элек.

“Арыз жок – жоопко тартылбайт”

“Азаттык”: Эгерде сиздерге кайрылуулар түшсө, анда ал ишкерлерге карата кандай жазалар колдонулат?

Назира Үсөналиева: Кайрылуулар болсо, административдик кодекске ылайык ошол бааны көтөрүп жиберген мекеменин жетекчисинин эки айлык маянасы бюджетке которулат. Ушундай айып акыга жыгылат алар. Негизи бизге караганда, ушул маселеге байланыштуу департаменттин укугу көбүрөөк. Бирок азыр кимдин укугу кандай деп отурбай, колдон келишинче чогуу иштеп, мониторингдерди жүргүзөлү деп жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG